КЫЗДЫКТАН АЙРЫЛСА КӨКҮРӨК ӨСПӨЙ КАЛАБЫ?

– Курбум экөөбүз кыздык абийиринен эрте айрылгандардын бою да, көкүрөгү да өспөй калат экен деп уктук. Анан мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин сиздерден тактап билели дедик эле. Дария, Нарын.

– Кыздардын бою менен көкүрөгүнүн өсүшү кыздыкка көз каранды эмес. Бирок, айта кетчү нерсе, жыныстык жашоого эрте аралашуунун арты оор, жаман натыйжаларга алып келет. Ал эми кыздык деген кыздар үчүн абийирдүүлүктүн, тазалыктын белгиси. Турмушка кыз болуп чыгуу – өмүр бою жолдошунун сыйына татуу экендигин эске алуу зарыл.


ГҮЛДӨП КЕТКЕНИ КАЛДЫМ ОКШОЙТ...
– Менин “алигимдин” капталында брокколи капустасына окшош бир нерсе пайда болду. Ушундан улам бул эмне жана зыяны жок бекен деп чочулап жатам. Дарыгерге көрүнбөй койсом гүлдөп кетип жүрбөймүнбү? Макс, Кызылкыя.

– Сүрөттөгөнүңүзгө караганда, сыягы, бул жыныс органдарында кездешүүчү сөөл (бородовка) окшойт. Сөөл болсо папиллома вирусу пайда кылган шишик. Мунун денсоолукка олуттуу зыяны жок болгону менен кечиктирбей дарыгерге көрүнүүңүз зарыл. Анткени, анын андан ары өсүп кетүүсүнүн алдын алуу керек. Бирок, эскертип кетчү нерсе, андан өз алдынча кутулууга аракеттенбеңиз. Анткени, туура эмес иш-аракеттен ал көбөйүп, бүт денеге каптап кетет. Муну атайын дарыгер гана ылайыктуу ыкма менен жок кыла тургандыгын эсиңизге тутуңуз.


ЖИГИТИМ ТӨШӨКТӨ АЛСЫЗ БОЛУП КАЛБАЙБЫ?
– Мен элден аскердеги жигиттер төшөктү эңсеп кыздарга чуркабоосу үчүн алардын тамак-аштарына бром кошулат деп угуп тынчсызданып жатам. Себеби, менин жигитим учурда аскерде кызмат кылууда. Эгер чындап эле мен уккандай болсо, жигитим кийин төшөктө алсыз болуп калбайбы? Жанна, Жалалабат.

– Аскердегилердин тамак-ашына бром кошулбайт. Бул болгону эл ичинде айтылып жүргөн имиштердин бири. Жоокерлердин тамак-аштарына кошулса С, В витаминдери кошулат. Бул да кышында гана кошулушу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан