«Бизнесим өз ордун тапты, эми чыгармачылыкка кайрылууга мезгил бышып жетти» деген Бактыгүл Бадыева жакында рок стилинде ыр жаздырып бүткөнүн кабарлады. Сахнада каалгый басып, аста чыккан үнү менен ырдачу Бактыгүлгө рок стили жарашат болду бекен? Кызыктырып койду, айтор.