Көптөн бери сахнадан карааны көрүнбөй калган ырчы жана куудул Санжар Бердибеков учурда өкүл атасы Бек Борбиев жазып берген “Жазгүлүм” жана “Гүлайым” деген аталыштагы ырларын жаздырып чуркап жүргөнүн айтат. Андан сырткары уулдук парзын аткарып, маркум атасы Манас Бердибековдун туулган күнүнө карата эскерүү концертин Ош жана Бишкек шаарларында өткөрүү максаты бар экенин кабарлады. Концерт акыркысындай «концерт болот» деген жарнама бойдон калабы же чын эле зал толтура чыныгы концерт болобу, чогуу күбө болорбуз, кадырман окурман.