“Көп жылдан бери кыялданып жүргөнүм ишке ашты” деп кубанып турган чагы Айчүрөк Иманалиеванын. Көрсө, ырчы мурдатан коллективине автобус алууну самачу экен. Автобус 18 орундуу, баасы 17 миң доллар. Баса, ырчы «жакында кафе ачам» деп да камынып жүрүптүр. “Кафе ачуу үчүн имарат сатып алдым. Аны оңдоп-түзөп, ишке киргизем” дейт. Эжекебиз чыгармачылык менен жеке бизнести чогуу өнүктүрөт өңдүү.