Ушул жылдан баштап «Каныкей» долбоору жүйөлүү себептерден улам өз ишмердүүлүгүн токтотту. «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча “2010-2011-жылдардын супер ырчы айымы” Каныкей продюсерлик кылган Мамасадык Багышев башында турган компания менен иштешүүгө чекит койду. Ырчы кыз бул тууралуу: “Ооба, мен “Смарт медиа групп” компаниясы менен иштешпей калганым чын. Эч кандай уруш-талаш, чыр-чатагы жок, жөн эле тарап кетүүнү туура чечтик. Бирок мен чыгармачылыгымды уланта бермекчимин”,- дейт. Бул сөздөрдү айткан менен, ортодо пикир келишпестиктер болгону ырчынын кабагынан эле көрүнүп турду. Мындан ары Каныкей Алымбекованын өз алдынча чыгармачылык доору башталат экен, ийгилик каалайбыз!