Эгемберди Эрматов, Жогорку Кеңештин депутаты: “ЭҢ КЕДЕЙ ДЕПУТАТ МЕНМИН”

Парламентте башынан калпагы түшпөгөн жалгыз депутат бар. Жулкунуп микрофон же трибуна талашпайт, интригалардан алыс, кыскасы, бир караган адамга өз дүйнөсүндө жүргөндөй сезилет. Ал – белгилүү акын Эгемберди Эрматов. Биздин бейне-төрүбүз ошол адам менен толукталды.

Эрматов Эгемберди Эрматович

Туулган жылы – 1951-жыл, 10-июль
Туулган жери – Кадамжай району, Пум айылы
Билими – Москвадагы адабият институту
Адабияттагы псевдоними – Жетимиш Алиев
Ырдалып жүргөн ырлары – “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка
Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыз жана 8 небереси бар
ЖКда КСДП фракциясынан депутат

– Эгемберди ага, сизди эл депутат катары жакында тааный баштаса, акын катары көптөн бери билет. Ыр жазып баштаганыңызга канча жыл болду?
– Ата-энеден эрте ажыраткан катаал тагдыр, бала кездеги жалгыздык мени акын катары тарбиялады го деп ойлоп калам. Мектеп алыс болчу, көп жол басар элем. Ортодо эл жашабаган ээн талаа. Мектептен үйгө же үйдөн мектепке жеткенче ошол ээн сайды жаңырта ырдап кете берчү экенмин. Эпостон үзүндүбү, ырдын кайырмасыбы, иши кылып өзүм деле жакшы билбейм. “Оюңа эмне келсе, ырдай берчүсүң” деп айтышат көргөн кишилер. Алгачкы ырым 6-класста окуп жүргөндө райондук гезитке чыккан. Кийин республикалык гезиттерге чыга баштады. Ошондон тарта ырга астейдил киришкем. Айтор, поэзия ааламына мектептеги кезден эле аралаштым.

– “Акындар ыр менен убара болуп жүрө берип, тиричиликти унутуп салышат. Үй-бүлө,
бала-чакага кам көрө алышпайт” деген түшүнүк бар. Бул жагы сизде кандай?
– Ооба, руханий байлыктын артынан түшүп, турмушта көп нерсеге жетпей калган акын-жазуучуларыбыз бар. Ыр – руханий байлык. Ыр менен эле жашай берсең, анда материалдык байлыктан, жашоо-турмуштан артта каласың. Колдон келсе, экөөнү бирдей алып жүрүш керек. Чынында, мен деле экөөнү бирдей алып кете албадым. Дүнүйө топтоого жулунбадым. Айылда жүргөндө “турмуш-тиричилигимди оңдоп алайын, эл ушинтип эле байып жатпайбы” деп гектарлап жер алып, дыйканчылык кылып көрдүм, бирок колдон келбеди. Дыйкан боло албасыма көзүм жетти. Анан “өзүмдүн колумдан келген ишти кылайын” дедим да, чыгармачылыкка биротоло киришип кеттим. Ачыгын айтканда, парламентте руханий дүйнөсү эң бай, материалдык байлыгы жагынан эң кедей депутат менмин.

– Азыр деле ыр жазасызбы? Мыкты-мыкты саптардын жаралышына депутаттык мандат тоскоол болуп жаткан жокпу?
– Депутаттык кызматтын жүгү оор экен. Убакыт жетишпейт. Көптөгөн мыйзамдар кабыл алынат. Аны жакшылап окуп, анализдеп карап чыкпай туруп добуш берүү туура эмес. Добуш берерде жан дүйнөң менен кеңешип иш кылышың керек болот. Сенин добушуң элдин эртеңки тагдыры да. Ошондуктан акыркы күндөрү ыр жазбай калдым. Бирок ичте бышып жаткан ойлор бар, бир күнү сыртка чыгат. Жакында эле буга чейинки кылган эмгектеримди чогултуп, 60 жылдык мааракемде 7 томдук чыгармалар жыйнагымды чыгардым. Ошол томдуктар менен адабияттагы 40 жылдык эмгегимди элге “отчёт” катары тартууладым.

– Маараке демекчи, “Кыргыз Эл акыны” наамын алышыңыз менен кечиксек да куттуктайбыз. “Наамды депутаттыктын жардамы менен эле алды” дегендер да чыкты. Бул боюнча кандай ойдосуз?
– Биринчиден, куттуктаганыңарга рахмат. Эми ким эмне деп айтса, өз эрки. Менин чыгармачылыгым менен жакындан тааныш, ырларымды, драма, поэмаларымды окуган, билген адамдар башкача пикирде деп ойлойм. Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев “Эгембердиге “Эл акыны” наамын бериш керек” деп мындан 20 жыл мурун айткан. Ошондо эле Рыспай Абдыкадыров “Эрматов – махабат ырларынын академиги” деген “наам” ыйгарып кеткен.
Наамды ошол маалда эле берсе болмок, бирок мен КСДПнын мүчөсү катары оппозицияда жүргөндүктөн, андай наам, сыйлыкка жакындатышчу эмес. Ошого карабай “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын 2002-жылы Акаевдин тушунда алгам. 10 жылдан соң Роза Отунбаева “Эл акыны” наамын берди. Мунун саясатка байланышы жок. Ким жанагыдай сын айткан болсо, жаңы чыккан 7 томдук менен шашпай таанышып чыксын.

– 120 депутаттын арасында жалгыз гана сиз баш кийимчен отурасыз. Мунун себеби эмнеде?
– Баш кийим – адамдын куту. Аны кайсы жерде болбосун, баштан түшүрбөш керек. Экинчиден, кыргыздардын улуттук баш кийими дүйнө элдеринин баш кийиминин ичинен эң кооз жана кереметтүүсү. Үчүнчүдөн, мен Меккеге зыяратка барып келгем, мусулманчылыктын эрежелерин карманган адаммын. Атам да баш кийимин эч качан башынан түшүргөн эмес. Мени да ошого үйрөткөн. Ошол үчүн Жогорку Кеңеште деле баштан түшүрбөй кийип жүрөм. Депутаттардын ичинде ар кандай сөздөрдү айткандар болду, “баш кийимиңизди алып эле койсоңуз, бул жер жогорку даражадагы жай” деп. Чечпейм дедим. Биз баш кийимди баркташыбыз керек.

– Депутаттардын кызматтык унаасын жоюу демилгесин колдогон тараптасызбы же каршысызбы? Менчик машинаңыз барбы?
– Депутаттарга унаа бөлүнгөндө биздин фракцияга эки депутатка бирден унаа тийген. Төрөбай Зулпукаров экөөбүзгө бир унаа берилген. Анын машинасы бар болгондуктан, кызматтык унааны мага берген, азыр ошондо жүрөм. Азыркы күндө машина мактана турган нерсе болбой калган. Жөн гана жолду кыскартуучу нерсе. Депутаттар өз ишин ылдам, так аткарыш үчүн аларга өкмөттөн кызматтык машина берилсе эч нерсе деле болбойт. Эгер депутаттардын баары баш тартабыз дешсе, анда мен бүгүн эле тапшырып берүүгө даярмын. Жаңыдан депутат болуп келип, унаа бөлүнө электе бир жарым ай жумушка жөө же маршрутка менен эле келип-кетип жүрдүм. Андыктан кызматтык унааны алып койсо деле, калтырып койсо деле мага айырмасы жок.

– Жеке бизнесиңиз барбы?
– Жеке бизнес түзө албадым. Айылда жашап жүргөнүбүздө бир ай эч кимден карыз албай жашасак, аялым экөөбүз сүйүнчүбүз. “Кудайга шүгүр, бул айдан карызы жок чыктык” деп. Кийин балдар чоңоюп, эл катары Орусияга барып иштеп, акча салып турушту. Азыр балдарым бир бизнес баштайлы деп аракет кылып жүрүшөт. Бир-эки жолу “депутат болдуңуз, кызматка орношууга жардам бериңиз” дешти эле, “мен ЖКда турган убакта силерге орун жок. Колуңардан келсе, бизнесиңерди аркалай бергиле” дедим.

– Өзүңүзгө жакпаган мүнөзүңүз кайсы? – Өтө ишенчээкмин. Бардык адамдарды өзүмдөй көрүп, көп эле алданып
калам. Мурда бул мүнөзүмдүн запкысын тарткан деле эмесмин, саясатка аралашкандан кийин залалын көрө баштадым.

"Акындын жары болуш оор. Менин азабыма, оң-сол басып кеткениме чыдап келген жубайыма ыраазымын".
"Небере жыттап, эркелетүү – чоң аталык бакыт".
"Кесиптештер менен кээде ушинтип отуруп чер жазышабыз".

ӨТКӨНДҮ ЭСТЕП...

Мектепке жаңы барган жылы атам,
ал эми 9-класста окуп жатканда
апам ааламдан өттү. Ошондон тарта
мага жетим деген ат жабышты да
калды. Теңтуш балдар тамаша-чынга
салып “жетим” дешсе, чычалап
урушуп кетчүмүн.

Атамдын биринчи аялы каза болуп
калган. Мен 70 жашында экинчи
аялынан көргөн баласымын.
Таякелерим көзү өткөнчө мени
Жетимиш деп атап жүрүштү. Кийин
бул атты адабиятта псевдоним кылып
алдым.

Байкемдин “окуба” деп тыюу
салганына карабастан, 11 жашымда
Мигель Сервантестин “Дон Кихотун”
окуп бүткөм. Көрсө, ал китепти
студенттер 5-курста окушчу экен.
Көркөм адабият, китеп дегенде
ичкен ашым жерде калчу.

Менде сезим эрте ойгонуптур,
балалык сүйүүгө эрте кабылгам.
5-класста менден бир жаш кичүү
кызды жактырып, уйкум бөлүнгөн. Ал
агайымдын кызы болгондуктан, “агай
урушат” деп коркуп жүрүп баягы
кызга сөз айта албай, сезимдер ичте калган.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Joke82
2012-02-13 14:25:01
Дегендер дей берет Ак калпакты башыныздан албаганыныз, мага жагат рахмат сизге.
+1
ALBIKA
2012-02-13 20:48:39
Депутат болбой эле биротоло чыгармачылыктын артынан тушсонуз Кыргыздын алдынкы акындарынын ордун толуктамак экенсиз...Коп да эмес,аз да эмес чыгармачылыкка кошкон салымдарыныз бар экен.Балким мындан ары да кыргыз адабиятын толукткганга жардамыныз тиет деп ишенем.Анткени чыныгы акындарыбыз аз.АА депутаттан коп ким бар?
0
evropa
2012-02-15 16:18:23
iygilik kaalaim Alla yraazy bolsun sizdei jakwy adamdarga aman bolunuz
0
spinkub
2012-02-19 03:19:40
Уй булоонуздун бактысына аман болунуз!!!
+1
antivir
2012-02-19 19:01:05
Золотой кишилер ушундай бир–эки созунон эле билинет
+1
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан