Эл сууктан чарчап, жүдөдү. Ошону эске алып, жазды күтүп кыйналган окурмандарга жылмаюу тартуулайлы деп чечтик. “Non-Stop” дуэтин тамашага салмай болдук. Максат менен Чолпон 14-февралда боло турган концертине даярданып чуркап жүрүшкөн. Аларды гезитибиздин биринчи бетине чыгаруу максатында сүрөткө түшүүгө чакырып, ишибизди бүткөн соң “Тамаша торго” салмай болдук. Эми машинага түшөрүбүздө зуулдап кокусунан пайда болгон үч машина биздин машинаны тегеректей токтоп калды да, чымыр денелүү жигиттер түшүп, Чолпонду чырылдатып машинага салып кетишти. Кызыктын баары ошондо башталды...
1 Жардамга чуркаган Максат катуу чочуду. Андайда адам күчтүү боло түшөт эмеспи, боз туйгундай туйлап актёр жигиттерибизди
бир топ чарчатты. "Non-Stop" дуэтинин менеджери Эрик эмне кыларын билбей алактап калды.
Үчөөнү үч машинага бөлүп салып жөнөшкөн актёрлорубуз жолдо бирөөлөргө чалып жибербесин деп Максат менен Эриктин телефондорун алмакчы болгондо Максат бир номерди басып “жардамга-аа” деп кыйкырууга жетишиптир. Көрсө, РИИБде иштеген байкелеринин бирине чалган экен. Айласы кеткенде Максат “Чолпонго окшош кыз таап береличи, коё бергиле” деген да сунуш айтканын актёрлорубуздан уктук. Бир машинада Максат минтип баратса, биздин топ да машинаны кубаламыш болуп артынан жөнөдүк.
Күтүүсүздөн болгон бул окуядан алактап калган Максат актёрлордун жылмайып жаткандарын да байкабады.
2 Жетчү жерибизге жеттик. План боюнча, Чолпонду үйгө алып кирип кетип жоолук салмайынча актёрлор Максат менен Эрикти машинадан чыгарбай кармап турмак. Бирок Чолпондун жардам сураган үнү Максатты темирдей колдордон да сууруп чыкты. Максат бир актёрубузду тоголото чаап, мушташып кетишти.
3 Жигиттер Чолпонду жеңелерге жеткиргенче кулактары ысый сөгүш угуп баратышты.
Бул учурда Максат менен Эрикти калган актёрлор эркекче сүйлөшүүгө эшиктин алдында кармап турушту.
Коё бергиле дейм убара болбой! Ий-ий, кандай немелерсиңер деги түшүнбөгөн?!
4 Чолпон болгон күчү менен тепкиленип, жоолук салдырбаштын амалында.
5 Эмне кылышар экен деп актёрлор алаксымыш болуп калганда эшиктин алдында торолуп турган Максат менен Эрик жулунуп кирип келишти. Эми үйдүн ичинде териштирүү башталды.
6 Колуна боорсок көтөрүп келе калган жигит “той башталды, келгиле, нандан ооз тийгиле” десе, Максаттын ого бетер жини келип кетти.
7 Жанатан бери туйлай берип чарчады окшойт, Чолпон “кана, мага күйөө болчу баланы көрсөткүлөчү” деп чыкты.
8 Ызы-чуудан улам кошуна- колоңдор чогула баштады. Андыктан “Тамаша тор” деген сөздү айтууга туура келди.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg