ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-февралдан 19-февралга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Кийинки аптада кыйынчылык тартып калбайын десеңиз, бул аптада белгиленген иштерди толук бүтүрүңүз. Иште юридикалык маселелерди чечүү күтүлүүдө. Апта ортосунда күтүүсүз жерден жагымдуу жана жагымсыз окуяларга туш болосуз. Жума күнү эс алууга убакыт бөлөм деп маанилүү окуяны өткөрүп жибербеңиз.


Букачар (21.04-20.05)
Алдыга койгон максатты ишке ашыруу үчүн майда-чүйдө иштерге алаксыбай, алдыга умтулуңуз. Иште карьераны өстүрүүгө ыңгайлуу учурлар күтүлөт. Аптанын экинчи бөлүгүн жактырып жүргөн адамыңыз менен чогуу өткөрүүгө арнаңыз. Апта соңунда ден соолугуңузга кам көрүү менен алек болгонуңуз оң.


Эгиздер (21.05-21.06)
Апта башында иштер сиздин пайдаңызга чечилет. Ал эми аптанын экинчи жарымында каржы маселелери көңүлүңүздү чөгөрөт. Карызга акча берүүдөн мурда үй-бүлөлүк бюджетти тактап алганыңыз оң. Соода жаатындагылар мамлекеттик текшерүү органдары менен тил табышуулары керек. Жума күнү бейтааныш адамдар менен урушуп кетишиңиз мүмкүн. Ишембиде жакын досуңуз (же сүйүктүүңүз) менен баарлашасыз.

Бөйөн (22.06-22.07)
Аптада сизди көп иштер күтүүдө. Алардын баарын бүтүрүүгө күчүңүз жетпейт, андыктан эң керектүүлөрүн ылгап алыңыз. Апта башы майда кырсыктарга жакын. Сак болуңуз. Ошондой эле карызга көп суммада акча берүүдөн баш тартыңыз. Аптанын экинчи жарымында жаңы таанышуу жана ал адам менен чогуу эс алуу күтүүдө.


Арстан (23.07-23.08)
Аптанын башында үй-бүлөдө пикир келишпестиктер пайда болот. Маселени жай отуруп, эмоцияга алдырбай чечүү керектелет. Такталбаган маалыматтарды угуп, чыр чыгаруудан алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында бойдоктор жаңы тааныш күтүп, мамиле түзүүлөрү ыктымал. Апта соңу досторуңуз менен жолугуп, эс алууга ыңгайлуу убакыт.

Бийкеч (24.08-23.09)
Иштер менен алек болуп, өзүңүзгө көңүл бурбай, суукка урунуп калууңуз мүмкүн. Андыктан ден соолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз. Апта ортосунда сүйүктүүңүздү байкабай таарынтып алуудан сак болуңуз. Үй-бүлөлүүлөр жагымсыз интригага кез келишет. Абалдан түшүнүшүү, кечиришүү менен чыгышпаса, жаңжал узакка созулуп кетет. Негизи эле аптада азгырмалуу сунуштарды кабыл алуудан алыс болуу керек.

Тараза (24.09-23.10)
Аптанын биринчи жарымы чыгармачыл адамдар үчүн ийгиликтүү. Жакшы чыгарма, сүрөттөр жаралмакчы. Башка кесиптегилер да ишине берилүү менен иштесе, жакшы жыйынтыктарга ээ болот. Аптанын экинчи жарымында ок атуучу куралды жана кесүүчү курч буюмду колдонууда абайлаңыз. Күтүлбөгөн кырсыкка себепкер болуп, бирөөнүн же өзүңүздүн ден соолугуңузга зыян келтиресиз. Апта соңунда кечеге же тойго чакыруу аласыз.

Чаян (24.10-22.11)
Аптанын биринчи жарымында туугандар ортосунда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Ал эми экинчи жарымында алыстагы туугандарыңыздын конокко келүүсү күтүлүүдө. Апта соңунда үй иштери менен алек болуп, жакындарыңыз менен чогуу эс алганыңыз оң.


Жаачы (23.11-21.12)
Аптанын биринчи жарымында ушак-айың сөздөрдүн курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Ушундан улам дос, тааныштардын ортосунда чыр чыгуусу ыктымал. Апта ортосунда акча алмаштырып же бирөөгө карызга берүүдөн алыс болуңуз. Алдап кетиши мүмкүн. Аптанын соңунда бойдокторго баш кошуу тууралуу сүйлөшүп, бир пикирге келүүгө жакшы шарт түзүлөт.

Текечер (22.12-20.01)
Аптада көп акчаны талап кылган иш баштайсыз жана жыйынтыгы жакшы кирешени камсыздайт. Апта ортосунда кээ бирлер башка жумушка которулуусу мүмкүн. Ал эми аптанын экинчи жарымында үй-бүлөңүз менен жагымдуу окуяга күбө болосуз. Апта соңунда сүйүктүүңүз экөөңүздүн ортосунда пикир келишпестиктерге жол бербеңиз.


Суупери (21.01-19.02)
Мурда урушуп кеткен тааныштарыңыз менен мамилеңиз калыпка келет. Жумуштарды кийинкиге калтырып, ден соолукка кам көрүү зарыл. Апта ортосунда узак жолго аттануу кооптуу. Апта соңунда жагымдуу маанай тартуулаган окуяга туш болосуз. Бул окуя сиздин жашоого болгон көз карашыңызды түп тамырынан бери өзгөртмөкчү.


Балык (20.02-20.03)
Апта сиз үчүн оор болот. Эмоцияга алдырып, тааныш, досторго катуу айтып алуудан алыс болуңуз. Антпесе мамиленин бузулушу жеке жашооңузга терс таасирин тийгизет” дешет жылдыздар. Апта ортосунда буюм сатып алууда акчаңызды үнөмдөңүз. Болбосо кыйналып калышыңыз мүмкүн. Апта соңунда жалгыз эс алуу жагымдуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан