ФЛЕЙРИНГ – КОКТЕЙЛЬ ЖАСОО ИСКУССТВОСУ

Ар жылы 6-февралда бармендер кесиптик майрамын белгилешет. Ага карата бармендер арасында сынактар өткөрүлөт. Бул жылы да Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мына ошондой шоу болуп өттү.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Бармен кесиби 19-кылымдын башында
АКШда "Алтын оорусу" (Европадан АКШга массалык түрдө алтын издөө үчүн жөнөгөн элдин агымын ушинтип аташчу) убагында пайда болгон. Алтын издөөчүлөрдөн улам соодагерлердин ичимдик соодасы да өнүккөн. Дүкөндүн ичин тосмо менен бөлүп, ичимдикти ошол жерде отуруп ичүүнү сунушташчу. Мындай жайлар "бар" деп атала баштаган. Биринчи бармендер ушинтип пайда болгон.
Ал эми флейринг – бөтөлкө, идиш, бардагы жабдыктар менен жонглёрдук кылуу искусствосу. Ошондой эле барда коктейль жасап жатып ар кандай трюктарды көрсөтүү. Флейрингдин "атасы" болуп 19-кылымдын экинчи жарымында Америкада жашап, көп жыл бармен болуп иштеген Жерри Томас эсептелет. Ал биринчилерден болуп коктейлдерди күйгүзүп, күйүп жаткан коктейлдерди бокалдан бокалга куюп өнөр көрсөтүп баштаган. Анын 1862-жылы жазылган "Бармендин жетекчилиги" ("Bartender’s Guide") аттуу китеби учурда бармендердин чөнтөк китебине айланган.

ФЛЕЙРИНГ МЕНЕН УРУШ ӨНӨРЛӨРҮ ОКШОШ

Бир колуна экиден ашык бөтөлкө кармаган ар бир бармен флейрингдин элементтерин колдонууга аракет кылат. Мында өлчөгүч идишин колдонбой туруп суусундукту так жана ылдам куюшу керек. Ал эми трюк жасап жатып суусундукту болушунча аз төгүү же таптакыр төкпөө зарыл. Татаалдыгы боюнча флейрингди уруш өнөрлөрү менен салыштырууга болот. Негизги техникалык элементтерине идиштерди ыргытуу, тосуп алуу, өзүнүн башынын үстүнөн ыргытуу, жонглёрлук кылуу кирет. Андан башка да татаал трюктар жасалууга тийиш. Анан да сөзсүз артистизм менен коштолушу керек. Флейрингдин башкы максаты – коктейлди так жана кооз жасоо. Мындан тышкары бармен ичимдиктин сапатын да унутпашы зарыл.
Биз да аталган майрамга кызыгуу менен күбө болдук. Ал жерде бармендерден сырткары Казакстандан келген бармендер да өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алардын ичинен трюктарды мыкты аткарган атактуу Алибек Жайбергенов да өнөрүн көрсөттү. Казакстандык бул жигит 2008-жылы Москвада бармендер арасында өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңген, 2009-жылы флейринг боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Байкашымча, башкалардан айырмаланып ал ичимдиктин бир тамчысын да төккөн жок. Өнөрүн көрсөтүп бүткөн соң аны сөзгө тарттым.
– Майрамың менен. Өнөрүңдүн сыры менен бөлүшө кетсең...
– Мектепти бүткөндөн кийин бармендик кесип боюнча үч жыл колледжде окуп, мыкты устаттардан билим алдым. Аны менен чогуу эле барларда иштеп тажрыйба топтодум. Бармендик мен үчүн – бар менен жонглёрдун ортосундагы таттуу коктейль. Бармендик менен 8 жылдан бери жашап келем.

– Коктейль сен үчүн...
– Коктейль – алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктардын айкалышы. Жагымдуу жыт, даам, түс, кооздук, анан, албетте, жакшы коктейль үчүн жакшы бармендин колу керек. Ошондо гана толук кандуу коктейль деп атоого болот.

“АРАК КУЙГУЧ ЭМЕС, ЧЫНЫГЫ БАРМЕНДЕРДИ ТАРБИЯЛАЙМ”

Майрамды уюштургандардын бири Сердар Мовлиевге бир нече суроо менен кайрылдым.

– Сердар, кесиптик майрамың менен. Бармендикке кандайча келип калдың эле?
– Студент кезде эптеп бир жерге иштеп акча табыш керек болду. Ошондо бармен болуп иштеген бир досум "келип мага жардам берип иштеп тур" деп чакырган. Ошентип, бул кесипке кызыгып, биротоло ушул кесипти аркалап калдым. Он жыл болду.

– Бизде бармендерди окута турган атайын мектеп бар дешет...
– Ооба, мен үч жыл мурун мектеп ачкам, анда 14-15 жаштагы балдарды бекер окутам. Аларга кантип иштөө жолдорун, жөн гана барда туруп арак куйгуч эмес, чыныгы бармен болууга тарбия берем. Окуу жалаң практика жүзүндө өтөт. Мындан сырткары алардын жумушка орношуусуна жардам берем.

– Ар кайсы ичимдиктерди иче берип даамын деле билбей калсаңар керек...
– Жок, ар бир коктейлдин даамын билбеген бармен – бармен эмес.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Флейринг - коктейль жасоо искусствосу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Arstan
2012-02-13 15:09:21
Азаматтар ийгилик!
0
stuardessa
2012-02-14 02:56:21
azamattar barmendik da tataal kesip
0
pantero
2012-03-04 19:45:00
молодцы ребята!!!
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан