Гүлнара апа: “ТӨРӨТ ҮЙҮНӨ ТАШТАГАН КЫЗЫМДЫ ТАПКЫМ КЕЛЕТ”

Жашоо – сыноо. Кээде бакыт, кээде азап тартуулайт. 38 жыл мурун жаштыктын жаңылыштыгынан улам кызын төрөт үйүнө таштаган апанын окуясы бизди кайдигер калтырган жок. Ал “балким, гезит аркылуу кызымды таап калармын” деген үмүт менен өмүрүн айтып берди.

“АЛДАНЫП, ТАГДЫРЫМ ТАЛКАЛАНДЫ”

Мен дагы эл катары шаарга окуйм деген ниет менен келгем. Бирок “8-классты эле бүтүпсүң, бизге 10-классты бүткөндөр гана алынат” деп окууга албай койду. Айылга кайтып баргым келбеди. Ата-энемди “окуп жатам” деп алдап, шаарда калып иштей баштадым. Курулушчу болуп, шыбак шыбап...
Иштеген жеримден жатаканадан орун алып, төрт кыз менен бир бөлмөдө жашай баштадык. Жанымдагы кыздар жүрүм-туруму начар чыкты, күнүгө ичип, каалагандарын кылып айламды кетиришти. Бир күнү жумуштан чарчап келип уктап жатсам, бири келип колумдагы саатымды жан талашып чечип жатыптыр. "Булар уурулук да кылат турбайбы, сактанганды Кудай сактайт" деп жатаканадан чыгып кеттим.
Өзүм жалгыз батирде жашап жүрдүм. Жаңы жылда бир тааныш кызымдын туулган күнүнө бардым. Ошол жерден Арипбек аттуу жигит менен тааныштым. Мамилебиз уланып, кыз-жигит болуп кеттик. Батирге он рубль төлөп жашачумун, ал кезде бул чоң акча болчу. Экөөбүз жолугушуп, меникине конокко келип жүрдү. Аягында бирге жашай баштадык. Ал ортодо боюма бүтүп калганын билип, Арипбекке айттым. Ал “мен сага үйлөнөм дебедим беле! Кабатыр болбо, жакында сени эжемдикине алып барам, андан көрө өзүңдү жакшылап кара” деп тынчтандырып койду. Мен негедир анын ар бир сөзүнө ишенчүмүн.
Кош бойлуу болгон үчүн үйдө отурганга мажбур болдум. А Арипбек үйгө эч нерсе алып келбей, жегенге наныбыз жок, ачка калчу болдук. Күндөрдүн биринде Арипбек жумушка кеткен бойдон кайрылып келген жок. Бир күн келбеди, экинчи, үчүнчү... Мен байкуш көпкө күтүп жүрдүм. Айлам кетип, аны издеп жумушуна да бардым, “ал бир жума мурун жумуштан өз каалоосу менен чыгып кеткен” дешти. Алданганымды ошондо түшүндүм. Эмне кылам, кимден колдоо сурайм? Оюма милиция түштү, дароо эле арыз жазайын деп жөнөдүм. Барганымда “ЗАГСка турбаптырсыңар, мен аны кайдан табайын?” деп кайра жолго салды. Эмне кыларымды билбей, экинчи жолу милицияга бардым. Алар айтпаганды айтып, “алам десе эле жата бересиңби, башың ордундабы?” деп катуу урушту.
“Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” дейт эмеспи, ошол ошол болду, мен анын артынан сая түшүп издегеним жок. Курсагым да күн санап өсүп жатты. Көчөгө чыккандан уялып, эч жакка бара албай калдым. Эки жакка чыкканда курсагымды жоолук менен бекем таңып алам. Айласыздан шаардагы агамдын үйүнө бардым. Башында курсагымды жоолук менен бекем таңып, жашырып жүрсөм, эми ал курсакты жашырганга мүмкүн эмес эле. Акыры жеңеме баарын айтып, аны менен кеңешип, боюман алдырып салууну чечтим. Бирок доктур “бул биринчи балаң экен, муну алдырсаң, кийин такыр төрөй албай каласың, жакшылап ойлон” дегенинен кайра токтодум. Акылдашып отуруп баланы төрөп, төрөт үйүнө тапшырмай болдук. Бул чечимиме акушер болуп иштеген, бизге туугандык жайы бар кыздар да себепкер болушту. "Бизге келип төрөп, "баламдан баш тарттым" деп кол коюп бересиң. Биздин тукумду булгаба. Ичиң ооруп баштаганда эле бизге келе кал" деп көп сөздөрдү айтышты. Ошондо бул кадам менин көйгөйүмдү чече турган жалгыз жана эң оңой жол болуп көрүндү.

“АЗЫР БАСА КАЛАТ, КӨРГӨЗБӨ!”

Күттүргөн күн да келди. Ай-күнүм жетип, толгоом бышып калыптыр. Кыйналып жаткан мени көргөн жеңем чөнтөгүнөн 1 рубль алып берип, “бар эми” деп жолго салды. Таксиге отурдум да, баягы кыздар иштеген Стрельникова айылындагы төрөт үйүнө сапар алдым. Абдан кыйналдым, “аялдын ажалы – төрөт” деген чын экенин өз терим менен сездим. Кыйналып жатып кулагыма болгону “кыздуу болдуң” деген сөз угулду. Доктурлардын бири “кел эми, кызың менен коштошуп ал” деп оролгон бөпөнү алып келе жатканда акушер “азыр баса калат, көргөзбө, алып кет!” деп урушуп салды.
Ошентип, кызымды бир дагы жолу колума албай, жүзүн көрбөй кала бердим. Болгону, жүзүн капталынан гана көргөнгө үлгүрдүм. Бакырып ыйлаган ымыркайды башка бөлмөгө алып чыгып кетишти. Бир аздан кийин бир кагаз алып келип “колуңду кой” деди, коюп бердим. Эч нерсе окубадым, ага алым да келбеди. Эшикке чыкканымда “жанагы кагаз эмне эле, эмнеге кол койдум?” десем, “аны сен ойлобо, эң негизгиси, биз сени бул жагдайдан куткарып кеттик. Эми өз жаныңды бак, кызыңды таппайсың” деп жолго салышты. Тагдырдын буйругу менен 1974-жылы 20-сентябрь күнү кыздуу болуп, ошол эле күнү андан айрылып калдым. Көз жашым чууруп, “кийин деле балалуу болуп алам, дагы көп балалуу болом” деп күбүрөнүп бара жаттым. Чынын айтсам, ошол жол жашоомдогу эң узун жана татаал жол экен. Бул жоругум жашоомдогу эң чоң каталардын бири экенин өтө эле кеч түшүндүм. Артка кайрылууга жол жок эле.

“ЭКИНЧИ ТУРМУШ, ЭКИНЧИ КАТАЧЫЛЫК...”

Жумушума баш-отум менен киришип, бир гана жумуш менен алек болуп жүрдүм. Билинбей арадан беш жыл өтүп кетти. Чогуу иштешкен кызым аркылуу анын агасы менен таанышып калдым. Көп өтпөй бирге жашоону чечтик. Ал мурун эки жолу үйлөнгөнүн, 5 баласы бар экенин кийин билдим. Ал мага башынан эле “мага баланын кереги жок, төрөбөйсүң” деп катуу айтты. Көп өтпөй ортодо себепсиз уруш-талаштар чыга баштады. "Мээнет кетпейт бечелден" болуп, мунум да жакшы чыккан жок. Ичип, кол көтөрүп, ар ким менен көңүлдөш болуп жүрдү. Мен улам эле күйөөгө тийип, ажыраша беремби деп намыстандым, баарына чыдап жүрүп, бирге 1 жыл 8 ай жашадык. Анын ичинде эмнелерди гана кылган жок?! Мас болуп алып, токко сайылып турган чайнекти мени көздөй ыргытып, күйгүзүп да сала жаздады. Бир күнү жумуштан келсем, бир аял менен төшөктө жатыптыр. Менден уялган бул жакта турсун, “сен сулуу эмессиң, фигураң да жок, а муну карачы, сулуу десе сулуу, фигурасы да келишкен” деп тиги аялдын көзүнчө мени кемсинте баштады. Бул мен үчүн акыркы чекит болду. Кийим-кечемди чогулттум да, үйүнөн чыгып кеттим.
Кайрадан жалгыз, эч кимге кереги жок калганымды сездим. Ошондо эки айлык боюмда бар эле. Өзүмдүн курсагымды араң тойгузуп жатсам, баланы кантип багам, бага албайм деп экинчи ирет боюман алдырып салууну чечтим. Доктурлар бир топко чейин кеп-кеңешин айтып, "балаңды алдырба, төрөбөй каласың" дегенине карабадым. Аборт жасатып чыккан соң жаңы батириме келдим. Бир саатка жетпей өзүмдү начар сезип, аябай кыйнала баштадым. Бир маалда кан кетип, такыр эле алсыздап, кыймылдай албай калдым. Эптеп "Тез жардам" чакыртканга үлгүрдүм. Кайра доктурга алып барганда курсагымда дагы бир бала бар экен. Көрсө, ичимдеги эгиз эркек балдар экен, ал учурда азыркыдай УЗИ деген жок да. Доктурлар кечке урушуп, сүйлөнүп жатып, экинчи баламды да алышты. Ошондо өксүп ыйлаганым, боздогонум, ай...

“ҮМҮТҮМ ҮЗҮЛБӨЙ ЖАШАП КЕЛЕМ”

Ата-энемдин тарбиясы катуу болгондуктан, кандай күндө жашап жүргөнүмдү, башымдан канча кыйынчылык өткөнүнүн бирин да айтпагам. Алар өлөр өлгөнчө мени “күйөөгө такыр чыккан жок” деген ойдо кетишти. Атам бир туугандарыма "кызым кара далы болуп кала берди" деп кейичү экен. Менин башымдан оор күндөр өткөнүн саналуу гана адамдар билишти. Ушуга чейин туугандарым деле билишпейт. Арадан канча убакыт өттү. "Убакыт учкан куш" дейт экен, азыр коколой башым жалгыз калды. Жашым 62ге келип калды. Инимдин үйүндө жашайм, 3 миң сом пенсия алам. Үйдө бош отурбайын деп подъезддерди жууп кошумча акча табам.
Экинчи жолу жаңылышкандан кийин бир да жанга ичим жылый албады. Эркекке болгон ишеним түп тамыры менен жоголуп кетти. Мага эч кимдин кереги жок, менин да эч кимге керегим жок. Болгону, кезинде өзүм баш тартып койгон кызымдын дайынын билгим келет. Менин эч нерсеге акым да жок, эч нерседен да үмүттөнбөйм. Бир гана кызымды көргүм келет. Балким, ал да энесин издеп жүргөндүр, азыр кызым 38 жашка чыгып калды. Кызымдын бар экенин жүрөгүм сезет, көзү ачыкка да баргам. Эгерде аны тапсам, сүйлөшсөк, ал мени түшүнөт деген үмүтүм үзүлбөй жашап келем.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Juliana
2012-02-13 09:22:43
jakshy sabak boluptur kyzdarga. Abort kylam je tahstaym degender dagy bir jolu oylonup koyushsya.
0
bojowka
2012-02-13 11:19:33
жаштык-мастык... бир да жан мындай азап тартпасын, ал эми бул эжей жалгыз калганы Жараткандан берилген жаза...
0
snejinka
2012-02-13 11:30:50
минден биринин окуясы бул...мындай окуялар азыр коп жолугушууда((( байкуш балакайлар тируулой ата энеси болсо да жетимдердин санына кошулууда...
0
Akylai12
2012-02-13 16:24:47
адам убалдан дагы коркуш керек убал айланып олтуруп оз башына тийерин унутпа адам заты
0
kake75
2012-02-13 17:10:34
тагдыры татаал экен...мелоддрама кино сыяктуу.
0
Nurik.Kg.
2012-02-13 17:33:46
Аллах ыйман берсин кыздага кунажын козун сузбосо бука жибин узбойт дегендей нике кыйып ата эненин ыразылыгын алганга чейн жок деген дарын кобурок колдонгула кыздар
0
Zirek_kyz
2012-02-14 06:53:52
окунучтуу окуя экен.Бирок кызым да мени издесе керек дейсиз,балким аны бироо багып алгандыр,балким энеси башка экенинен кабары жоктур.Бала тапкандыкы эмес,баккандыкы да.Бул да жараткандын сизге берген жазасы го..Эсептешуу ушул дуйнодон эле башталат да..
0
Aksandyk
2012-02-14 21:33:49
ий андай дебегилечи
0
Talant999
2012-02-15 14:38:17
Ото окунучтуу окуя болуптур, эки дуйнодо тен, тозокто калыптырсыз эже...Оз баландан кантип кол узосун билбейм, такыр тушуно албайм. Кеткенге кейибе дейт эми, андан коро алла-таалам жаштарга ыйман берсин.
0
Love_kg
2012-02-15 16:33:23
Talant999, не надо осуждать не суди да не судим будешь, кудай сактасын но сенин деле кыздарын болот аларды ойло, любой человек ошибается...
0
Love_kg
2012-02-15 16:25:15
ооба бул испытание, но эгиз балдарды тороп алса болмок экен, ошолор азыр багып турмак, Кудай сактасын мындайдан
0
Mikella
2012-02-18 09:24:30
Алла Таалам ар бирибизге бакыт, ыйман жана бир бактылуу уй-булоонун кожойкеси болуу жана эне болуу бактысын буюрсун!!!
0
Anisaydan
2012-02-19 04:14:32
Абдан окунучтуу тагдыр.Алла-таала бир улакка, бир шыбак жаратат экен.Ар бир баланын оз ырыскысы бар.Канчалык кыйынчылык болсода чыдамчдуу,сабырдуу болуш керек.Азыркы жаш кыздарга эн чон сабак.Эжеке сиз акыреттеги бактылуулукту бир гана НАМАЗдан табасыз.Алла журогунузго хидаят берсин...
0
Baian
2012-08-06 06:34:54
Менде да ушундай окуя болууда.Жакын курбум авгуттун жыйырмаларынан ары торойт.Бирок мен эле билем.Уйундогулорго айтуудан баш тартууда.А,мен не кылаарымды билбейм.Тем более Москвада.озу тороп таштап коем деп атат.Башым катып калды.Тороор куну жакындашкан сайын журогум дукулдойт.Корком...Куноого батып калыштан корком.Уйундогулорго айтсамбы жокпу?А,эгер айтсам,ал омур бою мени жек коруп калсачы...Билбейм не кылам.кенеш бергилечи...
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан