ИЗДЕЙМ СЕНИ

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда
Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги жана телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

АТАМДЫ ИЗДЕП КЕЛЕМ
– Аты-жөнүм – Замир Сулайманов, 1956-жылы төрөлгөм. Сиздерге кайрылуумдун себеби, өмүр бою атамды издеп келем. Тагдырдын жазмышы менен Таластагы таякелеримдин колунда тарбия алдым. Апам Махира Сулайманова (Макыш) 2009-жылы дүйнөдөн өтүп кетти.
Атам жөнүндө аз гана билем. Ага дос-тааныштары Борис деп кайрылышчу экен, өз аты Бузурманкул болушу мүмкүн. Так айта албай жаткан себебим, атам тууралуу эч кандай сөз болчу эмес, биздин үйдө. Билишимче, Аламүдүн районундагы Байтик тараптагы айылдардын биринде 1933-жылы туулуптур. 1955-жылы армиядан келген соң Фрунзе шаарындагы Фучик көчөсүндө жайгашкан эт иштетүү комбинатында иштеген экен. Ошол жактан апам экөө таанышып, баш кошушуптур. Көп өтпөй таенем Таластан келип, кош бойлуу апамды алып кетип калган, буга эмне себеп болгонун ушуга чейин билбейм. Кийин апам атамды издеп келген экен. Бирок жатаканада жашаган бир аял чыгып, “Борис үйлөнүп алган” деп айтып коюптур. Ызаланган апам кайра кетип калыптыр. Менимче, атам уулу бар экенин билбеши да мүмкүн, анткени мен апамдын боюнда кетиптирмин. Апам атам менен ажырашкан соң башка адам менен турмуш курган. Менде атамдын аскерде жүргөндө түшкөн бир гана сүрөтү бар. Артында 1953-жыл көрсөтүлгөн жана эжесине даректелген. Бул маалыматты мени багып-өстүргөн Бурулкан эжемден алгам.
Ата, сиз менен көрүшүп, сиз жөнүндө көбүрөөк билгим келет. Эгерде атамдын көзү өтүп кеткен болсо, уул-кыздары же атамды тааныгандар менен баарлашсам деген үмүтүм зор.

Уулуңуз Замир Сулайманов,
тел.: 0777 11-51-88

АГАМДЫН ДАЙЫНЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ
– Мен агам Качкын Абасовду издеп келем. Ал 1941-жылы Кеминде туулган. Көп жыл бою Балыкчы шаарындагы автобазада айдоочу болуп иштеп жүрдү. Ашыкча сөз сүйлөбөгөн, эч бир жамандыгы жок адам эле. Урушпай-талашпай эле, эч бир сөз айтпастан эртең менен туруп, жумушуна кеткен бойдон дайынсыз. Андан бери сегиз жыл өттү. Акыркы жолу аны коңшусу көрүптүр, кадимки эле кийип жүргөн кийими менен “жумушка бара жатам” деп өткөн экен. Жанына эч бир документ, кийим-кечек да албаптыр. Кайрылбаган жерибиз, барбаган көзү ачыгыбыз калбады. Көзү ачыктардын айтымында, агам тирүү, бирок бүгүнкү күнгө чейин кайсы жакта экени белгисиз бойдон калууда. Эгерде агамды көргөн-билгендер болсо, кабарлашып коюуңуздарды суранам.

Карындашы Нурила, тел.: 0557 62-11-47;
0553 10-15-11; (0312) 45-28-59


САУЛЕ, КАЙДАСЫҢ?
– Сауле, сени менен сүйлөшпөй калганыма бир жылдан ашып калды. Бирок дале эсимден кете элексиң. Сен жөнүндө ашыкча эч нерсе да билбептирмин, болгону, Түп районуна караштуу Маяк айылында 1991-жылы 12-февралда туулганыңды билчүмүн. Тилекке каршы, андан башка эч бир маалыматым жок. Сенин 0779 85-96-36 деген номериң бир жылдан бери өчүк.
Дайыныңды билдир, мен сени күтөм.

Издөө салган Ислам,
тел.: 0778 71-11-82, 0558 71-11-82

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asus84
2012-02-13 10:11:37
Ислам га туптун жашоочулары жардам бергиле
0
EMMI
2012-02-19 08:08:34
барып изде да ислам.токтогул болуп кетсен да.
0
zamir56
2012-02-24 14:52:28
Жогоруда атасын издеген Замир Суйлаймановдун корсотулган номери очуп калгандыгына байланыштуу (пин код) , макалага кызыккандар болсо автор менен 0773055122 номери менен байланышуунуздарды отунобуз.
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан