БАЛАНЫН ТӨРӨЛҮШҮ КАНЧА ТУРАТ?

Аялзатынын эң оор жана эң бактылуу күнү бул – жаңы өмүрдү жарыкка алып келүү. Он эки омурткаң сыздап толгоо тартып кыйналганыңды сөз менен жеткирүү кыйын. Ыңаалаган наристе үнүн укканда бардык кыйынчылык унутулуп, бакыттын кучагына бөлөнөсүң. Бүгүнкү күндө Бишкекте мындай бакытка ээ болуу канча каражатты чапчыйт? Ошондой эле бүгүн-эртең көз жарам деген эне кандай даярдык көрүшү керек?

МАМЛЕКЕТТИК ТӨРӨТ ҮЙЛӨРҮ

Катталуу
Кош бойлуу экениңизди билгениңизден кийин 2 ай ичинде каттоодон өтүүңүз керек. Башкача айтканда, жашаган жериңизге караштуу бейтапканага гана каттала аласыз. Эгер каттооңуз айылда же дагы бир башка жакта болсо, анда учурда жашап жаткан жериңизден аныктама алып келүүгө тийишсиз. Дарыгердин сизге атайын китепче ачуусу 100-200 сомдун тегерегинде.

Дарыгердин көзөмөлүндө болуу
Эгер ден соолугуңуз калыпта болсо, анда 2 ай сайын дарыгерге көрүнүп турасыз. Көзөмөлдөн өтүү акысыз. Кош бойлуу учурунда 2-3, кээде андан да көп жолу жалпы анализ тапшырып, УЗИ, доплерге түшүүңүзгө туура келет. Анализдерди ошол бейтапкананын лабораториясына 20-50 сом (ар бири) төлөө менен тапшыра аласыз. Кош бойлуулугуңуздун акыркы айында дарыгер ошол аймакка караштуу төрөтканага жолдомо берет.

Ай-күнүңүз жеткенде...
"Мамлекеттик төрөт үйлөрүндө көз жаруу бекер" деп айтылат. Бирок көз жарып чыккан энелер бир топ
акча төлөшөт. "Өзүң, кыйынчылыксыз төрөгөн күндө да дарыгерге 1000 сомдун тегерегинде акча карматсаң, ден соолугуңду улам сурап турат" дешет. Ал эми "операция жолу менен төрөө бекер" деп айтылганына карабай, 7000-15 000 сомду чапчыйт. Бизде “сүйүнчү” деген жакшы жышаан бар эмеспи. Андыктан аталар 500 же 1000 сомду чөнтөгүнө салып албаса, сүйүнчү айткан мээрман айымга, врачка уят болуп, жек көрүнөрү турган иш.

Жаткан палатаңыз
Бир палата 3-4 кишиге ылайыкталган. Мындан сырткары акча төлөп, жалгыз же жакының менен жатуучу бөлмөлөр да бар. Баасы бир күнгө – 800 сом. Бишкектеги ар бир төрөткананын шарты ар башка. Биринде ысык суу бар болсо, кээ биринде жок. Төрт маал ысык тамак берилет. Эгер сиздин жана балаңыздын дени сак болсо, анда 3 күндөн кийин үйүңүзгө чыгарышат. Чыгарда баланы ороп берген дарыгерге акча же белек берүү жөрөлгөсү да бар.

Үйгө келгениңизден кийин
Үйүңүзгө чыгып келген соң аймактык педиатрлардын бири балаңыз 1 айлык болгонго чейин жума сайын үйүңүзгө келип көзөмөлдөп кетет. Андан кийин өзүңүз балаңызды ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп турасыз. Балаңыз 18 жашка чыкканча ушул бейтапканадан акысыз тейлөөдөн өтүп турат.

МЕНЧИК ТӨРӨТ ҮЙЛӨРҮ

Катталуу
Жеке менчик төрөтканаларга катталууну ылайык көрсөңүз, мында сиздин паспортуңуз боюнча каякка катталганыңыз мааниге ээ эмес. Болгону, учурда жашап жаткан үйүңүздүн дареги керек. Катталуу үчүн 1000 сом төлөйсүз.

Дарыгердин көзөмөлүндө болуу
Менчик төрөтканалардагы ар бир кабыл алуу – 200 сом. Кабыл алууга ай сайын барып турасыз. Кош бойлуулук учурунда 2-3 жолу жалпы анализ тапшырасыз. Ар бир анализиңиз үчүн 50-1000 сомго чейин төлөйсүз. Анализдерди кабыл алуу ошол эле жайда жүргүзүлөт. Ай-күнүңүз келип, толгоо башталганда төрөт үйүнө келип жатасыз.

Ай-күнүңүз жеткенде...
Жеке менчик үйүндө сизди төрөтө турган дарыгерди өзүңүз тандап аласыз. Төрөт акысы 250 доллардан 700 долларга чейин. Катардагы дежур акушер төрөтсө, көрсөтүлгөн эң төмөнкү сумманы, андан тажрыйбалуусу төрөтсө, көбүрөөк төлөйсүз. Акча дарыгердин колуна берилбей, кассага төлөнөт. Менчик төрөтканаларда кадимки жол менен төрөйсүзбү, операция жолу менен төрөйсүзбү, мааниге ээ эмес. Башта айтылган акчаны эле бересиз.

Жаткан палатаңыз
Менчик төрөтканаларда кыз төрөсөңүз кызгылтым, уул төрөсөңүз көгүлтүр палатага жатасыз. Палаталарда телевизор, муздаткыч, даараткана, душ бар. Төрт маал ысык тамак берилет. Ушундай шарттарды түзүп бергендиги үчүн чыгып баратканда жаткан ар бир күнүңүз үчүн 1000 сомдон акча төлөйсүз.

Үйгө келгениңизден кийин
Менчик төрөтканалардан төрөлгөн балдар 18 жашка чыккыча ушул клиниканын көзөмөлүндө болот. Бала 3 жашка чыккыча ай сайын алып барып туруу зарыл. Ар бир кабыл алуу үчүн 200 сомдон төлөйсүз.







КОШ БОЙЛУУНУН ТҮЙҮНЧӨГҮ

Толгоо айтып келбейт. Андыктан 1 ай мурун эле төрөткө керектүү нерселерди камдап койгонуңуз оң.

Энеге керектүү нерселер:

  • Паспорт, анын көчүрмөсү жана кош бойлуунун каттоо китепчеси.
  • Шейшептер.
  • Төшү ачык түнкү көйнөк.
  • Байпак.
  • Халат.
  • 2 чакан сүлгү, тиш пастасы, щёткасы, балдар самыны, бет май, эмчектин үрпүнүн кесилишине каршы май, гигиеналык помада, тарак.
  • Бир нече ич кийим.
  • Таза чүпүрөк же даки (60х90, 10 даана).
  • Даарат кагазы.
  • Чыны, кашык, вилка, майлык.
  • Барак, калем сап.
  • Уюлдук телефон зарядкасы менен.
  • Термос.

Наристе үчүн:

  • 2 даана баш кийим.
  • Калыңыраак жана жука көйнөк (2 даанадан).
  • Памперс (20 даана).
  • Байпак.
  • Жалаяк.
  • Жеңил жууркан, одеяло.
  • Нымдуу салфетка.
  • Бөтөлкө упчусу менен.
  • Киндигин тазалоо үчүн: перекись водороду, зелёнка, тамчылаткыч.

ТӨРӨТТҮН ТҮРЛӨРҮ

СТАЦИОНАРДЫК (КАДИМКИ) ТӨРӨТ
Энелердин көбү көнүп бүткөн, кеңири тараган төрөттүн түрү. Дарыгерлер эне-баланын дени сак экенине ынангандан кийин гана бул төрөткө уруксат беришет.
Артыкчылыгы: Медициналык көзөмөл дайым жаныңызда, түйүлдүк кылдат көзөмөлдө болуп турат. Санитардык-гигиеналык норма сакталат.
Кемчилиги: Төрөттөн кийин ден соолук жайында болбосо, ар кандай дарыларды ичүүгө туура келет. Толгоо учурунда жанында адамдардын көптүгүнөн кысынуу пайда болот.

КАПТАЛЫНАН ЖАТЫП ТӨРӨӨ
Атайын даярдалган керебетке энени капталынан жаткырып төрөтүшөт.
Артыкчылыгы: Ыйынуу аз да болсо жеңилирээк. Төрөт учурунда ымыркай кандайдыр бир жараат алып же башы кысылып калат деген коркунуч азыраак.
Кемчилиги: Бул ыкмада төрөө үчүн атайын медициналык керебет керек.

СУУДАГЫ ТӨРӨТ
Бизде бул төрөттүн түрү кеңири тарай элек. Толгоо башталганда аял медиктердин көрсөтмөсү менен суу толтурулган жакузиге отуруп турушу керек. Суунун температурасы 36,5-37 градус жылуулукта болушу зарыл. Эне маал-маалы менен гана сууга түшөт, көз жара турган акыркы учурда креслого келип отурат.
Артыкчылыгы: Төрөт маалында ооруну жеңилдетет.
Кемчилиги: Төрөт учурунда кандайдыр бир оорчулуктар жаралса, көзөмөлгө алуу кыйынга турат. Анткени аял кыймылда болуп тургандыктан, дарыгер аны менен кошо сууга түшүп-чыга бербейт. Мындай төрөткө ар бир эле эненин ден соолугу туруштук бере албайт.

ӨНӨКТӨШ МЕНЕН ТӨРӨТ
Жаштардын көбү бул төрөттүн түрүн колдонушууда. Төрөткө күйөөсү же башка жакын адамы катыша алат.
Артыкчылыгы: Чынында, жаныңда жакын адамыңдын турганы жакшы дем-күч берет. Эгер жөндөмү болсо, массаж жасаганга да жардам берет. Аялынын төрөтүнө катышкан эркектер алда канча мээримдүү, камкор боло түшөт.
Кемчилиги: Мындайды көрбөгөн адам эмне кыларын билбей өзүнүн да, башкалардын да шаштысын кетирет. Айрым нерви жукалар, психикасы туруктуу эместер колдоо көрсөткөндүн ордуна эки эсе түйшүк жаратышат.

ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ТӨРӨТҮҮ
Кесарево – операция жолу менен төрөө. Бул ыкма эненин же ымыркайдын ден соолугуна коркунуч туудурган убакта жасалат.
Кемчиликтери: Операция жасоо үчүн наркоз берилет.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Баланын төрөлүшү канча турат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
zaichenok
2012-02-16 14:22:32
хорошо что, смена другая пришла и там врач окозалась замечательной. Она и все заметила и температуру и давление. Потом после родов все это сказывалось на ребенка. У него появился физиологическая желтуха и температура. Ну слова богу все обошлось. Но не смотря на все это, содрали много денег. Мне не жалко. Главное чтобы мой малыш был здоровеньким!
0
zaichenok
2012-02-16 14:33:23
суйунчу, благодарность на все это ничего не жалко. Просто порой врвчи и акушеры не довольны тем, сколько ты даешь. Со мной родила одна девушка, кесарево сделели ей, ребенек не доношенный 7-ми месячный, сразу ваакум положили. У девушки кроме мужа никого из близких не был. В тяжелом состоянии их перевели в Кара-Балту с Беловодско. Так вот, в день когда их отправляли детский врач по пятам ходила и говорила "ыраазы кылып кетесинби". Бедная девушка не знала что делать. Денег у нее не было.
0
NiN
2012-02-17 00:48:35
жакшы маалымат экен... Эртен женемди жаткызабыз 4роддомго.....
0
Нукура кыргызка
2012-02-17 08:22:24
Россия,Россия дейбиз биздинн экономика аксап турса.кайда суйунчу,1ком уйлорду айтып жатасынар. Бизди пенсияны норм беришпейт.Россияда учет турсан жакшы карайт,барбай койсон скорый менен келип алат. Бирок ал жакта да,акча деген врачтар бар. ОМС боло эптеп карашат,акча берсен вип обслуживание болот....
0
muslimkg
2012-02-17 09:46:33
Бейиш Энелердин таман астында деп бекер айтпайт Энелер ар дайым аман болунуздар,бар болунуздар ардайын Уйбулонуздор менен аман болунуздар жана Аллахым эки дуйнодо бактылуулукту насип этсин.
0
Elesya
2012-02-19 14:32:09
alla talam, aman esen aiymdarybyz torop alywsyn oorybawsyn!!!
0
prezent
2012-10-15 11:22:41
неге бекер торотпойт Алмазбек Атамбаев
0
Shekerbek
2013-08-19 16:19:12
prezent, себеби Атамбаев акушер эмес да!
+1
kuba1985
2012-11-03 00:30:43
озундун баланан эмнени аямак элен, баарын бересин да
0
larin
2013-04-03 18:17:41
салам баарынарга мен азыр кош бойлуумун жолдошум москвада окуйт москвада торосомбу дегем бирок бул жакта врачтар кабыл алабы билбейм.жардам бергилечи москвада торо жашаган тааныштарынар жокпу,дегеним москвада кыргыз жараны торосо болобу
0
sydykova.janna1989
2013-05-28 20:02:36
larin, москвада эмес баардык жерде торосо болот неге болбосун катоого туруш керек и анализдерди тапшырып туруш керек и все
0
muxammet
2013-06-18 02:39:44
Энелер аман болсун!
+1
Sonun90
2014-02-11 01:41:33
Каякта торосон да кудайдан онунан берсин деп тилеш керек экен. Акча берсек берели, ден соолук болгону, баландын Аман болгону маанилуу экен
0
Sonun90
2014-02-11 01:43:38
Мен да кесарево болуп торогом. Эч кызыкпагыла бул нерсеге айла жоктон жасалат экен да бул нерсе. Аябай кыйналгам. Эгер давления жок болсо башка себептер жок болсо озун торогонго не жетсин
0
Sonun90
2014-02-11 01:45:10
Кесареводо бир эле ичин эмес, матка кесилип атпайбы
0
Holboeva92
2017-06-24 21:33:06
Менин жолдошум да врачтар акча алат деп жаман корчу, бирок мен торогондо менин кыйналганымды коруп, баласын колуна алганда суйунчуну чын дилидюнен эле бердиго.
0
Holboeva92
2017-06-24 21:35:52
Баарынар эле Россияны мактайсынар, эгер биздин врачтарда ошолордой айлык алганда суйунчуну талап кылышмак эмес. Врачтарда суйунчунун акчасына жашап жатпайбы, айлыктары 10 миндин эле тегерегинде, 10000 менен уй булоо багуу да кыйында.
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан