Белгилүү теннисчи, модель жана Энрике Иглесиастын сүйүктүүсү катары таанылган орус кызы Анна Курникова Майамидеги заңгыраган үйүн 7,5 миллион долларга сатты. Учурда теннисчи Түштүк Флорида штатында өзгөчө үй курдуруу менен алек. Айрым басылмалар: "Аннанын жылдыздар көп жашаган Майамиден кетүүсү анын Энрикеден чындап эле кош бойлуу экендигинен кабар берет. Ал ызы-чуудан алыс болуп, аман-эсен көз жарууну каалоодо",- деп маалымдашууда.