АКШнын ажосу Барак Обама келе жаткан президенттик шайлоодо аны колдоп чыга турган шоу-бизнес жылдыздарынын тизмесин жаңыртты. Аталган тизмеде шоу-бизнес чөйрөсүнө тиешеси бар 200дөн ашуун атактуулардын ысымдары кездешет. Андан Жорж Клуни, Том Хэнкс өңдүү актёрлордон баштап Голливуд жаштары Блейк Лавли, Леа Мишель өңдүү ырчыларды да көрүүгө болот. Кызыгы, Обаманын командасында рэпер Жей Зи бар, бирок жубайы Бейонс жок. Ал мурунку шайлоодо Обаманы колдоп ырдаган болчу, сыягы, азыр жакында жарыкка келген наристеси менен алек өңдүү.