ВИКА ДАЙНЕКО

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
  • “Fashion TV” телеканалынын “2007-жылдын саркеч ырчысы” наамын жеңип алган.
  • 2007-жылы MTV каналынын “Мыкты аткаруучу” наамына ат салышып, тилекке каршы, наамды ырчы Максим илип кеткен.
  • Кристина Агилеранын Киевдеги концертинде сахна артында жүрүп, бирок кумири менен баарлаша албай калганына өкүнөт.
  • Болочоктогу күйөөсүн чыгармачылыкка тиешеси жок болсо дейт.
  • “Мага мени сүйбөгөн жигиттер жагат” деп көп айтат.
  • Алгачкы альбому 2008-жылы “Ийне” деген аталышта чыккан.
  • 2011-жылы “Жылдыздар фабрикасы. Кайра кайтып келүү” долбоорунда Матвиенконун командасынын атынан катышып, жеңүүчү аталган.
  • “Мен жөн гана сенден кетем” ырын бир кездеги жигити Павел Артемьевге арнаган.
  • Якутияда жашап жүргөндө КВНдеги “РУДН” командасынын мүчөсү Петя Елфимовго сүйүү каттарын жазып жүргөнүн азыр жылмаюу менен эскерет.
  • Биринчи жолу ырчы Александр Маршал менен дуэт ыр­даган.

ВИКА ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Дайнеко Виктория Петровна
Туулган жылы – 1987-жыл, 12-май
Туулган жери – Казакстан, Талды-Коргон облусу, Киров айылы
Бою – 161 см
Салмагы – 56 кг
Параметри – 92-63-81
Хоббиси – Музыка, бий жана интернет
Жакшы көргөн спорт түрү – Муз үстүндө бийлөө, фитнес
Кумири – Кристина Агилера
Учурда – Жеке ырчы
Репертуарындагы ырлары – “Лейла”, “Мен андан мыкты болом”, “Ийне”, “Аны эсиңден өчүрүп ташта” жана башкалар

ҮЙДӨ КИЧҮҮСҮ ДА, УЛУУСУ ДА ЖАЛГЫЗ ВИКА Көк көздүү кичинекей Вика Казакстандын
Талды-Коргон облусунун Киров айылында жарыкка келген. Кесиби боюнча программисттер Пётр менен Евгениянын жалгыз кызы. Үйдө улуусу да, кичүүсү да Вика болгондуктан, ата-энеси эрке, тентек кызынын каалаганын аткарып тарбиялашканын айтып келишет. Кызы бир жарым айлык болгондо Дайнеколордун үй-бүлөсү турмуш-шартка байланыштуу Якутиянын Мирный кыштагына жер которуп кетишет.
Вика 5 жашынан 11 жашына чейин балетке барып жүргөн. Гимназияда окуп жүргөндө курбу кызынын кайсы бир сынакта аны коштоп ырдап берүү өтүнүчүн аткарып, сынактын лауреаты болуп калат. Ошол сынактан кийин болочок ырчынын музыкага болгон каалоосу күчөп, 8-классынан баштап “Атас” эстрадалык ансамблинде, “Отражение” шоу-группасында, “Фаэтон” музыкалык тобунда ырчы болуп жүрөт.
Бир топ сынактарга катышып, атайын сыйлыктарга татыган Вика өзү жашаган Мирный кыштагында аябай популярдуу эле. Убагында Дайнеко журналисттик кесипти да аркалап, жергиликтүү "Лицей-пресс" гезитинде “Бизге баары кызык” деген рубрикага такай макала жазып турган. Вика англис тилине өтө кызыкчу. Ырчынын кыялдарынын бири – дүйнөгө таанымал ырчы болуп, англис тилинде ырдоо. Азыр Вика англис тилинде түш жоруйт, ага кошумча испан тилин үйрөнүүдө.

ЖАШООСУНДАГЫ БУРУЛУШ
Карапайым үй-бүлөдөн чыккан Вика кадимки теңтуштары сыяктуу эле мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Авиациялык институттун чет тилдер факультетине окууга тапшырат. Бир күнү кокусунан курбу кызынан “Жылдыздар фабрикасы” долбооруна кастинг болуп жатканын угуп калып, өзүнүн талантын сынап көрүүнү чечет. Тагдыр буйруп, аталган долбоорго өтүп кеткенин билген Вика алгач бул жаңылыкты укканда “шок” абалында калганын айтат. Анткени буга чейин тааныш-досторунан “бул долбоорго акча же тааныштарың менен гана өтө аласың” деп укканы кулагына сиңип калган эле. Айылдан шаарга жаңы келген Дайнекого мунун баары жомоктой туюлчу. Бул жашоосундагы күтүлгүс бурулуш болуп калганын ырчы кийин гана түшүнгөн.
Мындан кийин ырчы “Жылдыздар фабрикасы-5” долбоорунун финалчысы жана жеңүүчүсү аталат. Аны менен бирге эле бешинчи “Фабриканын” продюсери Алла Пугачёва Дайнекого Москвадан бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырат.
Ийгилик артынан ийгилик жылмайган таланттуу Викторияны белгилүү продюсер Игорь Матвиенко кол алдына алат. Бул тууралуу ырчы: “Мен буга чейин “мыкты продюсердин көңүлүн өзүңө төшөк аркылуу гана бурдура аласың” деген кепти көп укчумун. Бирок талантың болсо, мындай стереотиптер өзүнөн өзү жок болот экен”,- дейт.

ЖИГИТИН САВЕЛЬЕВАГА ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРИП...
2007-жылы Биринчи каналдын сунушу менен “Муз доору” долбоорунда муз үстүндө бийлөө боюнча жылдыздардан жана спортчулардан куралган шоу-сынакка Дайнеко да катышкан. Муз аянтындагы өнөктөшү Алексей Ягудин экөөнүн мамилеси аталган долбоордо жакындашып кеткен. Мындан улам экөө “Ийне” деген ырды дуэт ырдаганга да жетишишкен. Ошол убакта басылмаларда эки атактуу тууралуу сөздөр жайылып кеткен. Кийинчерээк Вика муз үстүндөгү бийчи Ягудин менен болгон мамилесин моюнга алып: “Ооба, Лёша мага жигит катары жагат. Экөөбүз машыгуу убагында чогуу жүрө берип, ага көнүп калыпмын. Ортобузда сезимдер бар экенинен да шек санаган эмес элем. Бирок Лёша Саша Савельевага (“Фабрика” тобунун солисти) кетип калды”,- деп айтканы бар.
2009-жылы ушул эле каналдын “Кош жылдыз” деп аталган долбооруна катышып, андагы өнөктөшү, актёр Александр Олешко менен ырдап, сынакта 3-орунду камсыз кылышкан. Ырчы айым жогорудагы долбоорлорго атын чыгаруу максатында катышканын моюнуна алгысы келбейт. Бирок басылмаларда бул ой дайыма Викага таңууланып келет.

ЖЫЛАҢАЧ СҮРӨТКӨ ТҮШӨМ ДЕП ЖИГИТИНЕН КОЛ ЖУУГАН
Викториянын алгачкы чыныгы сүйүүсү – хореограф Гарик (Игорь Рудник). Гарик менен ырчы “Фабрикада” жүргөндө таанышып калат. Эки жылдан ашык кыз-жигит болуп жүргөн соң 2007-жылы Вика “Плэйбой” журналына жылаңач сүрөткө түшкөнүндө кол үзүшкөн. Анткени фотосессия алдында Гарик “же мени танда, же фотосессияны танда” деген шарт коёт. Эркиндигин чектегиси келбеген ырчы фотосессияны тандайт. Кийин Виктория бир топко чейин аталган журналга сүрөткө түшкөнү үчүн өзүн жемелеп жүргөн. Андан кийин “Корни” тобунун ырчысы Павел Артемьев, “БиС” тобундагы Дмитрий Бикбаев, “Корни” тобуна жаңы кошулган ырчы Дмитрий Пакулич менен жакын мамиледе болгонун жашырбайт.
"21 жашымда балалуу болушум керек" деп айтчу Вика балалуу болмок түгүл турмушка чыга элек. 2011-жылы ырчынын Алексей Воробьёв менен өбүшүп жаткан сүрөттөрүн интернет булактарына жайып жиберишкен. 2011-жылдын соңунда гана эки ырчы ортолорундагы мамилелерин ачыкка чыгарышты.



Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
saltu25
2012-02-14 13:12:40
мм-даа Дайнеко укмушсун го, жылдыздуулугу менен эле жагат
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан