Аялзаты эркекти калканч катары кабыл алат, аң-сезиминде. Андыктан олбурлуу эркек алардын көңүлүн бир көргөндө эле бурат. Анан кайсы эркек чымыр денелүү болууну каалабасын?! Ал кыялды бодибилдинг спорту орундатты. Бул жолу спорт бетин дал ушул спорт түрүнө арнамакчыбыз.
БОДИБИЛДИНГ СПОРТПУ ЖЕ?..
Бодибилдинг – англис тилинен “вody” – “дене”, “building” – “куруу” деп которулат. Денени чыңдоого жана булчуңдарды өстүрүү менен сымбаттуу көрсөтүүгө багытталган спорт түрү. Тарыхына келсек, денени чыңдоо Байыркы Римде жана Байыркы Грецияда эле болгон. Ал эми анын искусство катары өнүгүшү 19-кылымга туура келип, германиялык Фридрих Вильгельм Мюллер (Евгений Сандов деген ат менен белгилүү) алгач циркте көргөзүп баштаган.
Биринчи мелдеш 1901-жылы Лондондо “Улуу атаандаштык” деген аталышта өтүп, жеңүүчүгө Сандовдун элеси түшүрүлгөн статуэтка берилген. Анын көчүрмөсү азыр Арнольд Шварценеггердин урматына өткөн “Арнольд Классик” жана “Чемпиондор түнү” мелдештеринде ыйгарылат. Мелдеште жеңиш спортчунун дене түзүлүшүнүн толук чыңалып бүткөнүнө карап берилет.
1990-жылы Бодибилдинг боюнча эл аралык федерация түзүлгөн. Бирок эки жыл жашап, ишин токтотот. 2000-жылы бодибилдингди Олимпиада оюндарына киргизүү аракети текке кетет. Буга допинг эң көп колдонулганы жана көпчүлүк аны спорт деп эсептебегени себеп болгон.
БОДИБИЛДИНГ КЫРГЫЗСТАНДА
“Денени куруу” спорту Кыргызстанда боор көтөрүп келаткан тармак десек жаңылышпайбыз. Өлкөбүз эгемен мамлекет болгондон тарта Өлкө чемпиондугу өтүп келсе да, ал калктын калың катмарына сиңе элек. КРнын Бодибилдинг федерациясы 90-жылдары түзүлгөн. Учурда эл аралык жалгыз жеңиш – Алексей Горнастаевдин Азия биринчилигинде алган күмүш медалы. Биздин бодибилдерлер мамлекеттин колдоосуна жана акча таңсыктыгынан улам эл аралык мелдештерге аз катышып келишет.
БИЛИП АЛ
ШВАРЦЕНЕГГЕРДЕЙ БОЛГУСУ КЕЛГЕН КЫРГЫЗ
Надырбаев Эмилбек Маматкасымович
Туулган жылы – 1986-жыл, 18-январь
Туулган жери – Кара-Кулжа району, Чалма айылы
Бою – 175 см, салмагы – 105 кг
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт. "Аят-2" тасмасында Ёманын, "Эгиз тумарда" жан сакчынын образын жараткан.
Соңку мезгилде бул спорт түрү менен алектенип, Өлкө чемпиондугуна үзбөй катышып келген эки-үч кыргыз бала бар. Алардын бири Эмилбек Надырбаевди кепке тартып, бодибилдингдин сырларын ачтык.
– Сөз башында бул спортко кантип келип, кантип “үч бурчтук” денеге ээ болуп калганыңызды айтсаңыз...
– Мен бул спорт менен 2004-жылы көпчүлүктөй эле чымыр дене жана ден соолук үчүн машыгып баштагам. Кыргызстанда көптөн бери чемпиондукту бербей келген Алексей Горнастаевди көрүп, “кыргыздардын чемпион аталууга акысы жокпу?” деген ойдо машыгууну чечкем. Азыр эки-үч кыргыз бала бар, мелдештерге чыгып жаткан. Бирок биз 23 жыл машыккан Горнастаевдин деңгээлине жете элекпиз.
Кичинемден эле бодибилдингди жайылтуучулардын бири Арнольд Шварценеггердин тасмаларын көп көрчүмүн. Эми Арнольддун стандартына жетейин деп жатам. Ал 109 килограмм эле, мен 105 килограммга жеттим. Дагы 1-2 жыл машыгып, салмак кошуп, дененин өсүшүнө 1-2 сантиметр кошушум керек. Андан тышкары Арнольддой эле бул спортту Кыргызстанда жайылтуудамын. “Эгиз тумар” жана “Аят-2” тасмаларында роль жараттым. Эми өзүм башкы ролдо ойногон тасма тартыла баштайт.
– Бул спорт денеге көрк берет. Ошол нерсе керекке жарайбы? Анан да импотенцияга апкелери тууралуу айтып жүрүшөт...
– Бул спорт организмди чыңдап, кишини физикалык жактан күчтөндүрөт. Мисалы, кыргыз балбандары машыкса жакшы болот. Анткени аларда техника бар, бирок физикалык күч жетишпейт. Ал эми импотенцияга апкелерин билбейт экенмин. Менимче, ал коркунуч бодибилдерлер эле эмес, бардык спортчуларда бар.
– Ашказанга катуу кам көрөсүздөрбү? Протеин да колдонгон учурлар болсо керек...
– Ооба, мыктылап тамактанабыз. Азыр майда өтүүчү Өлкө чемпиондугуна даярдана баштадык. Күндө эки маал машыксак, демек, эки маал күчтүү тамактанабыз. Биздин негизги азыктар: гречка, күрүч жана эт. Камыр жана майлуу тамактардан качыш керек. Протеин тууралуу айтсам, витаминдердин топтомун анда-санда эле ичебиз. Организмди азыктандыруу үчүн. Негизи, аны иче калып эле дене чыңалып чыгат дегендер жаңылышат. Анткени аны ичкен соң денеге жумшап, машыгуу керек. Антпесе, кадимки азык катары ашказанда калат.
– Өз алдынча машыккандарга жана жаңы машыгып баштагандарга кеңешиңиз...
– Эркектер чымыр денелүү болууну кыялданышат. Андыктан машыгууга чакырам. Айтып коюш керек, бойдун өсүүсү токтоп калбоосу же сөөк ооруларына чалдыкпоо үчүн 18-20 жаштан кийин машыгыш керек. Өз алдынча машыкса болот, бирок ката кетирсең, майып болуп же дене бир ыптасына ооп, кыйшык болуп калышы мүмкүн. Денени формага апкелүү үчүн залда 3-4 ай машыгуу жетиштүү. Форманы кармап туруу үчүн машыгууну токтотпоо керек.
ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!
Бодибилдер атасынан протеинге акча сурайт. Атасы:
– Уялсаң, уулум! Сендей кезинде Арнольд Шварценеггер протеинге өзү акча тапчу.
– Мм. Сиз билесизби, ал сиздей кезинде Калифорниянын губернатору болгон...
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg