ЖООМАРТТЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Илгери өткөн заманда бир падыша жашаптыр. Ал бир күнү ойлонуп отуруп вазирлерин чакырып:
– Жоомарттык мал-мүлк менен бааланабы же адамдын башы менен бааланабы?- деген суроо узатат.
Вазирлери:
– Мал менен бааланат, таксыр,- деп жооп беришет.
– Анда менин мал-мүлкүмдүн баары силерде. Биздин падышалыктын элин бай-кедей деп бөлбөй, 40 күнгө созулган той бергиле. Баарына жоомарттыкты көрсөткүлө,- деген буйрук берет падыша.
Падышанын ушул сөзү менен той башталып, аны жетектөө үчүн үч вазир дайындалат. Той кызуу уланып отуруп жыйынтыктаар күн да келип жетет. Ошол күнү падыша вазирлерин сынамакка дубананын кийимин кийип, аса таягын колуна алып, куржунун асынып биринчи вазир башкарып жаткан тойго келет.
Вазир дубананы көрүп эле аны үйгө киргизбестен даам-татымдан салып берип узатып коёт. Экинчи вазир дагы дал ошондой көрүнүштү кайталайт. Падыша үчүнчү вазир башкарган тойго барганда үйгө кирип түнөп кетүүнү өтүнөт. Бирок вазир: “Үйдө төрө, мырзалар бар, сага орунду кайдан табам?”- деп кууп жиберет. Падыша айласыздан жолго түшөт. Узакка баскандан кийин бир кемпир менен баласынын кара алачыгына туш болот. Бала менен энеси дубананы үйүнө киргизип, ал тургай конуп кетүүсүн суранышат.
– Үч жыл бою бир байга жалданып иштеп, балам 10 кой иштеп келиптир,- деп кемпир баласына бир койду сойдурат.

(Уландысы кийинки санда)

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Joke82
2012-02-16 00:45:03
уландысын тезирээк эле жазгылачы сураныч
0
Zhannarbek
2017-04-11 09:03:02
Кызыктуу экен...
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан