ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Европа

СУУКТАН КАРА ДЕҢИЗ ТОҢУП КАЛДЫ
Учурда катуу суук Европаны калчылдатууда. Анткени Батыш Европа өлкөлөрүндө температура
–40ка дейре төмөндөп, өмүрү тоңбогон Кара деңиз суусу туздуу болгонуна карабастан тоңуп калган. Сууктан улам Европада көптөгөн авиакаттамдар токтотулуп, автомагистралдар жабылууда. Айрыкча Венецияда суук өз каарын көрсөтүүдө. Катуу сууктан Венециянын атактуу каналдарын муз каптоодо. Негизги транспорту кеме болгон бул шаар үчүн каналдардын тоңгону абдан эле оңтойсуз абал жаратты. Азырынча муздун катмары жука болгондуктан, суу трамвайлары каттамын токтото элек. Бирок суук дагы бир аптага созуларын синоптиктер жар салышууда.



Мальдив Республикасы

ПОЛИЦИЯ АЖОНУ ОТСТАВКАГА КЕТИРДИ
7-февраль күнү Мальдив Республикасында аскерлер менен президентке баш ийбей койгон полиция кызматкерлери ортосунда катуу кагылышуу болду. Сөздөн соккуга өткөн жаңжалда мамлекеттик аскерлер ок атуучу куралдарды колдонууга өттү. Натыйжада үч адам оор жаракат алып, президент Мохамед Нашид кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Жаңжалдын чыгуу себеби президенттин үч апта мурун чыгарган чечиминде жатат. Анда ажо өлкөдөгү кылмыштык соттун башчысы Абдула Мохаммедди «экс-президентке жардам берип жатат» деген айып менен камакка алган. Буга каршы
полиция кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгып, президенттин отставкага кетүүсүн талап кыла башташкан. Муну менен эле тим болбостон,
алар мамлекеттик телеканалды басып алып, ал аркылуу оппозиционерлердин маалыматын таратууга да өтүшкөн.
Азырынча президенттин милдетин биринчи вице-президент Мохамед Вахид Хассан Маник аркалоодо.

Греция

ЭКИНЧИ УЛУУ КЫТАЙ ДУБАЛЫ КУРУЛАТ
Кезинде кытайлар көчмөндөрдөн коргонуу максатында сепил кургандай эле, Греция Түркия менен чектешкен жерине дубал тургузууга киришти. Анын жалпы узундугу 10 чакырымды, бийиктиги 2,5 метрди түзмөкчү. Анын үстүнө эки катар тикенектүү зым орнотулуп, видеокамералар күзөттө турат. Бул биринчи кезекте мыйзамсыз мигранттардын санын кескин кыскартуу жана контрабанданы жоюу үчүн жасалган кадам экенин Грециянын жарандарды коргоо министри Христос Папуцис маалымдады.
«Дубал Грецияга каалаган адам каалаган жерден кире албайт дегенди туюнтуп турат. Биз Грециянын Европа өлкөлөрүнө өтүү үчүн транзиттик өлкө катары колдонулушун каалабайбыз»,- дейт министр. Көбүнесе башка өлкөлөрдүн жарандары Түркия аркылуу Грецияга мыйзамсыз түрдө кирип, Европа өлкөлөрүнө өтүшөрүн баяндайт ал. Өткөн жылы эле мыйзамсыз түрдө чек арадан өткөн 55 миң адам кармалганын да кошо кетти министр. 

Индонезия

«ЗАЙЧИКТЕР» КЕТСИН!
Индонезияда поезд вагондорунун капталына жабышып же чатырында акысыз сапар тарткандар өтө эле көп кездешет. Андыктан кулап каза болгондордун саны да арбын. Мына ушундай нерселерди токтотуу максатында бийлик бир канча жол-жобо ойлоп тапты. Алардын бири, поезд вагондорунун үстүнө орнотулган бетон тосмолор болду. Ал поезддин үстүнө тиер-тийбес деңгээлде илингендиктен, үстүндөгүлөрдү сүрүп түшүрүшү мүмкүн. Ал эми мындай тоскоолдукка туруштук бергендерди сасык, жагымсыз жыттанган суюктук сүйкөлгөн чүпүрөк оролгон таяк менен кубалашат.

Эстония

ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ «АМАЗОНКАЛАР»
Жашоосун согушка арнаган куралчан аялдар, башкача айтканда, «амазонкалар» жөнүндө уккан чыгарсыз. Учурда Эстонияда заманбап «амазонкалар» бар. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин курамына кирген «Naiskodukaitse» аттуу аскердик түзүмдө жалаң гана айымдар кызмат өтөшөт. Миңге чукул айымдардын аскеринде катчыдан баштап мугалим менен дарыгерлик кесипти аркалагандар бар. Алар жуманын иш күндөрүндө бийик такалуу бут кийим менен өз кесиби боюнча иштешсе, эс алуу күндөрү аскердик кийимчен кудум согуш тууралуу кинолордогудай опурталдуу тоскоолдуктарды багындырып, автоматтан ок жаадырып, даярдыктан өтүшөт. Эң кызыгы, аларга эч кандай акча төлөнбөйт. Өз ыктыяры менен кызмат өтөөгө келген заманбап «амазонкалардын» максаты – 1,5 миллион калкы бар Эстонияны Орусиядан сактоо. «Дагы бир ирет кошуна Орусия аскерин киргизсе, эстон тили бүт бойдон жок болуп кетет» дешет патриот айымдар.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akylbekkg
2012-02-13 14:25:54
Мага Эстониялык патриот айымдар жакты!
0
kyrgyzajym
2012-02-14 01:23:58
Myna ushul Estonijalyk patriot ajymdardan bizdin "Kirgizder" sabak alyshsa soop ish bolot ele.
A Evropada dele suuk bolsun,al baj evropeezter dele sezishsin da suuk kandaj bolot ekenin.Kyrgyzstanda andaj sukktu bala kezden beri ele korup kele jatpajbyzby.
Tigi grekter "Krisis-krisis" dep ele 4ynyryp jatyshty ele.Dubalga karajatty kajdan taba kalyshty eken...:0
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан