Бүгүнкү күндүн популярдуу ырчыларынын ырларын жыргап угабыз. Бирок сөздөрүнө анчейин маани бербейбиз. Эң негизгиси, уйкаш сөздөр болсо, болгону. Бирок «кантип ушундай ыр болсун?» дегендер да жок эмес. Андыктан азыр ырларды ары калчап, бери калчап, тегирмен ташына салып баштайбыз.
«Рэп болгону үчүн орусча, англисче сөздөрдү кошуп жазганым боло берет, кечиримдүү» деши мүмкүн, Добр. Анысына мейли, кошулалы, бирок баары бир бул ырчынын «Бийле, бийле» аттуу ыры биздин сыныбыздын сап башында болмокчу. Районду «прайон» деп эркелетип да жибериптир. Бул эми менин оюм. Ал эми Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев эмне дейт болду экен?
«ЫРДА ТЕМИРИ ДА, ТЕЗЕГИ ДА ЖҮРӨТ»
– Бул акыл-эсинде бир мандеми бар адамдын ой жүгүртүүсүнөн чыккан ыр. Көрүнгөн жерден сөз жулуп алып эле жазып койгон. Маани-маңыз деген жок. Акча табыштын гана айласы деп айтар элем. Ушул ырды айылга барып ырдап көрсүнчү, эмне дешер экен, куулуп чыкмак. Ыр деген толук бир ойду билдириши керек. Мында темири да, тезеги да жүрөт, Кыргыздын нарк-насилине доо кетирип. Бир нерсе десең рэп дейт. «Манас» деле ошол рэптин эң бир өнүккөн, башкача түрү. Булар «Манасты» деле окуган эмес, түшүнбөйт.
“Бийле, бийле”
Ассалому алейкум, мырза, айымы,
Саламатсыңарбы, шаары, айылы?
Райондо-прайондогу көчөлөрики,
Чоң кыздарга сулуу чмоки!
Мекениме, элиме, жериме салам,
Эсен-амандашкан алейкум ассалом.
Көлгө салам, жакында барып эс алам,
Эске ал, аба, чал мага тез ара.
Мистер и миссистерге на dance,
Пешкомобиль на Mercedes-Benz.
Ким сейчас на Легаси легче на Бэшке,
Дагы салам, это, фаникам Месси.
Эски эле доскелер, жаңылары new,
Мектебим, аскерим, универим you!
Ата-энеме, силерге өмүр бою,
Чын дилимден баарына thank you...
Жаш-кары дебей жата калып тыңдачу Мирбек Атабековдун ырларынын обонунда сөз жок. Бирок айрым ырларынын сөздөрү уйкашса болду, ырдап кете берет. Мисалы, Назгүл аттуу бийкеч менен чогуу аткарган «Сагынган кезде» ырын алалы.
«АЙЛАНАЙЫН, САГЫНСА ЖАКШЫНАКАЙ СӨЗДӨР МЕНЕН ЖЕТКИРБЕЙБИ!»
– Бул ырдын бир сабын окуганда эле түшүндүм да, калганын окугум да келген жок. Себеп дегенде бул ыр эмес. Радиодо музыкалык сабаты жоктор отурабы дейм, ушундай ырларды коюп, элдин табитин бузган. Айланайын, сагынса жакшынакай сөздөр менен жеткирбейби! Тантыраган сөздөр менен сагынганын билдиргени кантип болсун?! Ырчылар ушундай сөздөрдөн куралган сайда саны жок ырларды ырдагандан көрө, сөзү жок, музыкасы менен эле чыга бергендери оң. Сахнага чыгып алып кыйкырабы же дудуктарча колу менен жаңсайбы, айтор, ошонусу туура. Бул ырды уккан, мисалы, казактар «21-кылымдын кыргыздары ушинтип маанисиз сүйлөп калганбы?» дешпейби. Бул эмне деген көрүнүш?! Азыркы жаштар, байкасаңар, илгерки ырларды уга башташты. Эски ырлардан өтөрү жок. Мирбек эски бир-эки ыр ырдап чыкса, ошондо өсмөк.
“Сагынган кезде”
Сөзү: К.Качкынбаеваныкы
Мен эстеп өзүңдү,
Назик мүнөзүңдү,
Сагынган кезде.
Эркелеп кетчү элең,
Үмүт берчү элең,
Ал күндөр эсте.
Мен сагынган кезде,
Сен сагынган кезде...
«Сүйүү деген андай эмес, мындай» деп ыр аркылуу жеткирейин дешсе керек, Урмат менен Неля. Дегеним, биз сөз кылчу ыр «Сүйүү деген» деп аталат. Бирок обону менен ырдап көрүп да, жөн гана окуп көрүп да сүйүү тууралуу эмне айткылары келгенин аңдай албай койдум. Андыктан акын эмеспи, балким, Алтынбек Исмаилов түшүнөт чыгар деп ага кайрылдык.
«УРМАТ ЧАЛКАСЫНАН КЕТИПТИР»
– Берген интервьюларынан, сүйлөгөн сөздөрүнөн, жазган айрым ырларынан улам Урмат Усеновду билими терең, сабаттуу, сөзмөр жигит катары таанычумун. Тилекке каршы, жогорудагы ырында Урмат чалкасынан кетиптир. Башкача айтканда, туйлаган талантын, оргуган жөндөм-шыгын түккө татыгыс, жүүнү бош саптарга курулай коротуптур.
Өзгөлөрдү билбейм, бирок мен бул ырды окуганда кадимки Ирак менен Ооганстандын бомбаланган айыл, шаарларын аралагандай болдум. Кайран кыргыздын кымбат сөздөрү талкаланып, тамтыгы чыгып, кор болуп, көрүнгөн жерде додо болуп жатканын карачы! Көрсө, тил ушинтип талкаланат турбайбы. Сөзү жоголор, сөзүнө кошулуп өзү жоголор элдин балдары ушинтип ырдап калат турбайбы...
“Сүйүү деген”
Сөзү: У.Усеновдуку
Ах-бах, чиркин,
Көздөрдүн чагылганын карачы!
Жүрөктөр кагылат,
Ах-бах, ширин, таттуу,
Бул тилектердин арасы!
Таранып, тагынат,
Эй, кадалып билинбей,
Эриндери дирилдей,
Эркелеп барып эрмек тапкан сезимдей...
2011-жылдын хит ырларына кирген, бул ыр. Ырында Нурландын жанынан кыт-кыт күлүп назданып бир кыз өтүп кетип, анан эле ырчы жигит сүйүүгө мас болуп калат имиш. Бул ыр жөнүндө акын Бактыгүл Чотурова өз оюн билдирди.
«УККАН КУЛАКТЫ ТАЖАТАТ»
– Нурлан Насиптин бул ыры тууралуу түзүк бир сөз айтайын десем болбоду. Ырында бир илип аларга жарк эткен сап жок, бардыгы чар-жайыт. Уккан кулакты тажаткан, кайталанган калжың саптар. Өзү эле ырдын сөзүн жазып ырдай бербей, акындарга жаздырса. Анткени эң биринчи сөз менен иштеш керек. Обонуна көңүл буруп, сөздөрүн экинчи орунга коюп койгону туура эмес.
“Эркелетсемби?”
Сөзү: Нурлан Насиптики
Эркелетсемби, кара көз, сени,
Суктанып мен карап, эзилеминби?
Эркелетейин, келчи, шириним,
Кучагыма кысып, эркелетейин.
Ал эми жогорудагы ырларга акын Мирлан Самыйкожо да өз оюн кыстара кетти:
– Колума тийген ырлардын сөзүн карап отуруп көңүлүм иренжиди. Ушундай сөз жазып убара болбой эле коюшса жакшы болот эле. Рамис Рыскулов деген акын: «Ырды жаза албаган адам ырды жазбай койгону менен адабиятка кошкон салымы чоң»,- деп эң туура айткан. Сөз менен ойногондорун азыр түшүнбөсө, кийин түшүнүшөт. Бирок катуу өкүнүшөт. Анткени алар өз абийирин оромпой кылып тээп ойноп жатышканын сезбей жатышпайбы. Ыр деп эле ырдай берген адам, адам ылгабас сойкуга окшош! Белгилүү акын Байдылда Сарногоев деле:
«Ала-Тоо – кыргыз мекени,
Акындын арбын эсеби.
Айкырса сенден жакшы ырдайт,
Адамы тургай эшеги...»- деп жатпайбы. Андыктан актай кагаз менен сырдуу сыянын да убалы болот, калемдеш!
P.S. Уландысы кийинки сандарда.
Толик сынчы
star@super.kg