Мурат Казаков: “РАЙМАЛЫ МЕНЕН БЕГИМАЙДЫ ӨРТТӨГӨНДӨ МЕНИ АРАҢ ЫЙЛАТЫШКАН”

Дооронбек Садырбаевдин «Махабат дастаны» тасмасын кайсы кыргыз билбесин. Андагы Жалман чалдын «көзү» болгон кичинекей баланы эсиңизге салгым келет, окурман. Себеби бүгүн сиздер менен обончу Түгөлбай Казаковдун уулу, дал ошол фильмдеги баланын образын жогорку деңгээлде чагылдырып берген Мурат Казаков менен маек курмакчыбыз.

– Саламатсызбы, Мурат ага? Маегибизди сиздин бала курагыңызга кайрылып, “Махабат дастанындагы” кичинекей бала туурасында баштасак...
– Саламатчылык. Жакшы болот.

– Тасмага кандайча тартылып калдыңыз эле?
– Мен ал кезде он жашта болчумун. Киного тартылуу деген оюмда жок, жайкы каникулда айылда жүргөм. Анан эле бир күнү атам (Түгөлбай Казаков) барып калды, “киного тартылуу үчүн сынакка катышасың” деп. Алгач мага “Манас” айттырып сынады. Жакшы эле айттым көрүнөт, атамдын сынагынан өттүм. Ошол күндөн тартып бир айча күн сайын атамдын көзөмөлүндө Саякбай Каралаевдин “Манас” айтканын укчу болдум. Кайсы жеринен үндү созуу керек, кантип айтуу керек, кыймыл-аракеттеринен бери жаттап, даярданып жүрдүм. Анан атам мага “Манасты” айттырып, аудиокассетага жаздырып барып Дооронбек Садырбаевге угузган. Ал кишинин сынагынан өткөндөн кийин гана тасма талаасына келгем.

– Ага чейин “Манас” тууралуу билчү белеңиз?
– Ооба, бир жолу атамды ээрчип Ошко барганымда белгилүү ырчы Рыспай Абдыкадыров атама “Манастын” эки том китебин белекке берген. Ошондо алгачкы ирет “Манас” эпосуна болгон кызыгуум ойгонуп окуп чыккам. Чыгармага болгон кызыгуудан улам тасмадагы Жалман чал менен Раймалы айткан “Манастын” тексттерин да жатка билчүмүн.

– Тасма талаасына келгенден кийинки сезимдер кандай болду?
– Алгач, албетте, таң калуулар. “Кино ушинтип тартылат тура...” деген ойлор. Режиссёрдун айтканын колумдан келишинче аткаруу. Анан 10 жашар бала болгондуктан, сөзсүз тентектик менен коштолот да.

– Кандай тентектик кылдыңыз эле?
– Тасмага тартылып жаткан он чакты ат бар эле. Ошолорду алыс эмес жерде жайгашкан ат сарайдан минип келүүнү адат кылып алгам. Биринчи күнү жай гана жетелеп келсем, экинчи күнү минип бастырып, үчүнчү күнү чаптырып келе баштадым. Бир жолу атты катуу чаап келе жатсам, алдымдан атам чыгып калды, аябай ачууланып алган. Токтотуп алып катуу урушкан. “Макул, экинчи чаппайм” деп кутулдум. Ошол эле күнү кошуна айылда эпизоддорду тартмакчы болуп бизди алып кетишти. Атам тиги айылда калды. Мына жыргал, бир бала экөөбүз бир айылдан экинчи айылга аттарды чаптырган бойдон келатабыз. Катуулаган сайын камчылап, учуп эле кетсе дейсиң андайда. Алдыбыздан эки торпок чыгып калып, аларды экинчи айылга айдап барып салганбыз. Кийин ээси аларды тапты бекен, билбейм.

– Раймалы менен Бегимайды өрттөп жатканда сизди кантип ыйлатышкан?
– Тасмага тартылып жатып ушунчалык таң калган учурлар болду. Жамал Сейдакматованы тартып жатышат. Режиссёр “азыр камера алыстан жылып отуруп жакын келгенде мен кол шилтейм, ошондо эки көзүңүздөн жаштар мончоктой агышы керек” деди. “Кантип аткарар экен?” деп карап турсам, талапты таптак аткарып койбодубу. А мен, албетте, антип ыйлай албайм.
Кайсы гана тасмага тартпасын, кичинекей баланы ыйлатыш үчүн урушушат эмеспи. Мени ыйлатыш үчүн урушуп көрүштү, а мен тентек бала болгондуктан ыйлабайм да андайга, урса деле ыйлабайт болчумун. Артисттердин камера алдында буркурап ыйлап, тартып бүтөрү менен токтоп өз жолу менен кетерин көрүп алгандыктан, чындап өрттөбөсүн билип, Раймалы менен Бегимайды аяп да койгон жокмун. Атам кинонун композитору болгондуктан, ал да биз менен жүрдү. Уулун кантип ыйлатышты ал киши билет да. Мени чакырып алып “ушунча адамды каратып туруп күттүрүп жатканыңды сезип жатасыңбы? Уят!” деп аябай ызалантып, намысыма тийди эле, буркурап ыйлап кирдим. Тартып бүтүштү, мен дагы деле токтобой ыйлап жатам, аябай ачууланып, шыбырап-күбүрөп, өпкөлөп ыйлап басылбайм. Бир топтон кийин барып токтогом ошондо.

– Бул тасмадан кийин да роль сунуштагандар болдубу?
– Болгон жок. Себеби мен башка багытты тандап кеттим. Кызыкчылыгым спорт болду. Кичине кезден актёрлук дүйнөнү тандап алуу үчүн актёрдун үй-бүлөсүндө туулушуң керек. Менден жакшы музыкант чыкмак болуш керек. Жакында атамдын 60 жылдык мааракеси болуп өттү. Биринчи күнү залда отуруп көрдүм, экинчи күнү сахна артынан көрдүм. Ошондо музыка ушунчалык жан дүйнөмө жакын нерсе экендигин түшүндүм. Эгерде концерт дагы эки күн уланганда, баарын таштап ыр дүйнөсүнө кирип кетмекмин деп ойлоп калдым. Жакшы музыка бар жерде мен таптакыр башка дүйнөгө кирип кетем да, баарын унутуп калам. Ошол себептен атайылап музыка жүктөөгө мүмкүн болбогон жупуну телефон көтөрөм. Иштеги компьютериме музыканы жолотпойм. Эс алганда болсо музыка менен эс алам. Кээде үнүбүз бүтүп калганча кыйкырып ырдап, эжем экөөбүздүн бугубузду чыгарып алмайыбыз да бар.

– “Актёр болсом болмок” деген ой келбейби?
– Андай ойдон алысмын дечи, бирок досторумдун арасында тамашалап кээ бир кинолордогу эпизоддорду ойногонум көпчүлүккө кандай билбейм, менин досторума абдан жагат.

– Учурда кайсы кесиптин ээсисиз?
– Биринчи кесибим – тиш доктур, экинчи кесибим – экономист. Мектеп курагымда экономист болууну каалаганым менен, кийин стоматолог болууну чечип, окууга тапшыргам. Жалпы 8 жыл бул жаатта билим алдым, бир жыл кафедрада мугалим болуп иштедим. Андан кийин өзүмдүн чечимим менен баарын нөлдөн баштап, экономика жаатына өттүм. Учурда өлкөбүздөгү белгилүү банктардын биринде иштейм.

– Жакшы экен. Өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз...
– Учурда 38 жаштамын. Кудайга шүгүр, жашоого нааразычылыктар жок. Ата-энем менен сыймыктанам, аларга мени ушул дүйнөгө алып келип, татыктуу тарбия бергени үчүн эки дүйнөдө ыраазымын. Атам менен жакын дос катары сүйлөшөм. Кыскасы, баары жайында, үй-бүлөлүүмүн.

Чолпон Сүйүнбаева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bahabala
2012-02-13 11:03:43
Туголбайдай атанын баласы болгон канчалык сыймыктуу болсо, ошончолук жоопкерчиликтуу да. Бар болунуз!!!!!!!
+1
Шаиста Шатманова
2012-02-14 09:28:46
Кыргыз кинолорунан ушул фильмди өзгөчө жакшы көрөм.
0
Nisheshka
2012-02-18 13:30:51
Туголбай Казаков озу баласына караганда кыйла жаш, сымбаттуу жана келбетуу экен. Баласы эмес эле агасына окшопкалыптыр
го
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан