Айжамал Кабылова менен Сапар Эркебаев чогуу ырдап күйөрмандарын сүйүнтүп, бирок көшөгө артында таарынышып жүрүшкөн чагы. Сапар Эркебаев айрым кесиптештерине таарынычтарын айтып бизге маек курган эле. Аны окуган “Атага каттын” автору, ырчы Артык Саитов бизге байланышка чыгып, нааразычылыгын билдирди.
– “Артык байке азыркыга чейин “Сапар менин артымдан чыккан” деп айтат экен. Ушундай сөздөрдү угуп алып кыжырың келет” деп силердин гезитке интервью бергенин окуп, Сапарга менин да кыжырым келбей койгон жок. Менде деле дос-тууган бар. Алар “Сапар ушинтип айтыптыр го” дешүүдө. Мындан улам “менин да айтар сөзүм бар” дедим. “Сапарды Артык чыгарган” деген – менин эмес, элдин пикири. Андыктан ал эл менен менин оюмду алмаштырбасын. “Кыздар менен дуэт ырдабай эле койсомбу...” дегеничи? Чынында, өзү мүнөзүн оңдошу керек. Ал эми тили тууралуу көрүнүктүү ырчылардан деле уктум. Алар керек болсо “сенин шеригиң” деп сүйлөшөт.
Үнүндө сөз жок, бирок адам менен сүйлөшкөндү, мамиле түзгөндү үйрөнсө, алыска бармак. Мен тууралуу такыр эле сөз козгобой койсо болмок. Сапарды деле “Атага кат” ырыбыз менен эл тааныган да. Бирок ырдын сөзү-обону меники болгондуктан, бөлүнгөнүбүздө ырдабашын талап кылгам. Угушум боюнча, той-концерттерде ырдап эле жүрүптүр. Сотко бергенге деле акым бар эле. Бир ооз “ырдай берейинби?” деп сурап чалып койгон жок. Андыктан Сапар менин ырымды ырдабасын дейм. Тамашалайм деп бирөөнүн көңүлүн оорутуп алып, айтор, элге кылган мамилесин оңдобосо болбойт.