Чыңгыз Эсенгулов аттуу дикторду көптөн бери эфирден көрбөй, “бул жигит кайда кетти?” деп жаткандар да бар. Чыңгыз Меккеге зыяратка барыш үчүн жумуштан бошоп, телеканалдан кеткен. Бул тууралуу: “Журналистикадан таптакыр кетип кала албайт экенсиң. Убактылуу гана андан алыстадым. Балким, кайра эле телевидениеге кайтып калышым мүмкүн”,- дейт Чыңгыз ажы. Бул жигит учурда Транспорт жана коммуникация министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп эмгектенип жаткан кези.