Мындай билдирүүнү башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев билдирип, “Мун” чиркөөсү республиканын коопсуздугуна зыян тийгизерин айтты. Чиркөө деп аталганы менен, көпчүлүк секта катары билген “Мунду” жабуу соттун чечими менен гана ишке ашарын кошумчалады ал. Кызыгы, Мун Сон Мен тарабынан түзүлгөн чиркөө Кыргызстандын Адилет министрлигинен 1990-жылы диний мекеме катары эмес, кайрымдуулук уюму катары каттоодон өткөн.
Кыргызстан Жаштар Кеңеши” аттуу уюмдун башчысы Мавлян Аскарбеков Бакиевдерге бул секта демөөрчүлүк кылып жүргөнүн айтып чыкты. “Мун” Жусуп Бакиевдин фондун каржылап, мектеп да салып бергенин баяндайт. “Турсунбек Акун бул уюмдун эсебинен Түштүк Кореяга барып келген. Равшан Жээнбеков ТИМден “Мун” сектасынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын визасынын берилүүсүн талап кылган. Экөө бул уюмга кызыкдар”,- дейт ал.
Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акун козу карындай көбөйгөн секта жана диний агымдарга каршы экенин айтты. "Мен Түштүк Кореяга "Human Rights Watch" уюмунун чакыруусу боюнча баргам. Бул сапар "Мун" уюму тарабынан каржыланган эмес. Ал эми Мавлян Аскарбеков Жогорку Кеңеште иштеген досу Арсен Закировго жардам берүү үчүн айтып жатыптыр. Анткени Закиров башка бир досу менен 137 миң доллар карыз болуп калып, төлөбөөнүн айласында аталган уюмду өлкөдөн кууганга аракет жасап жатат экен",- дейт ал.