Акыйкатчы Турсунбек Акун Каржы министрлиги ушул жылга Акыйкатчынын институтуна дагы 2 миллионсом бөлбөсө, иштен кетерин айтты. “Эгер биз 2 миллион сом албасак, анда Акыйкатчынын институтун жаап салган оң. Мен отставкага кетем",- дейт ал.
“Өкмөттүн айрым мүчөлөрү казинолордун ишмердүүлүгүн кайра жандандыруу демилгесин көтөргөнүнө көпчүлүк күбө болду. Эл, депутаттык корпус буга каршы”,- деди депутат Алтынбек Сулайманов.
ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Баев:“Кыргызстанда 2005-жылданбаштап азыркы күнгө чейин 287жаран курал менен сыйланган”,- деп билдирди.
"Ар-намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулусоттолгон адамдарга мектептерде жана башка билим берүүчү мекемелерде сабак берүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү.
Райондук Кеңештин депутаттары бекиткен жобого ылайык, Өзгөндөгү Мырзаке айылында той-аш, маркумду акыркы сапарга узатууга кеткен чыгымдар 90 пайызга кыскарганын жергиликтүү эл губернатор Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.
Июнь окуясы учурунда жарандардын колуна өтүп кеткен курал-жарактар толук кайтарылып алына электигинОш шаардык ИИБинин Коомдук коопсуздук бөлүмүнүн инспектору Нурлан Шамуратов билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.