ТЕКЕБАЕВГЕ КАРШЫ ДАЯРДАЛГАН ОК ТӨЛӨГӨНОВГО ТИЙДИ...

Азыр элдин баары саясатчы, тили чыккан баладан эңкейген карыга чейин. Ушундай саясатташып кеткен өлкөбүздөгү кезектеги интрига улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу Райкан Төлөгөновдун тегерегинде болуп жаткан кези.
“Ата Мекен” партиясынын депутаты Райкан Төлөгөнов 7-апрелде талап-тоноого катышып, атүгүл башка катышуучуларга кайсы жерди тоноо керек экени боюнча буйрук берип, экс-муфтий Мураталы ажы Жумановду коркутууну буюрган”,- деп Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу аял айтып чыккан. Мураталы ажы Жумановду коркутууга 20 чакты адам барып, муфтийликтен алып, “бул жерге экинчи жолобойсуң” деп да коркутушканын баяндайт ал. Эске салсак, Мураталы ажы дайынсыз жоголуп, кийинчерээк жүрөгү токтоп, 37 жашында сырдуу өлүмгө кабылган. Мураталы Жумановдун жоголушуна, талап-тоноого шектүү деп Дастан Оморов, Алдулла Юсупов жана Азамат Шергазиев дегендер кармалып, азыр тергөө изоляторунда отурушат.
“Ата Мекенге” каршы чабуул муну менен эле токтолбой, өзүн Апрель окуясынын катышуучусумун деп тааныштырган Нуриса Табылдиева "Райкан Төлөгөнов, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер 7-апрелдеги мародёрлукту башкарышкан",- деп билдирди.
Минтип октой жааган күнөөлөөлөрдү депутат Райкан Төлөгөнов жалган жалаа деп билдирет. “Каралоо үчүн каршылаштарым ушунчалык пас деңгээлдеги адамдарды пайдаланып жатышат”,- деди ал. “Оор кылмыш менен айыпталып СИЗОдо жаткан бул үч адамдан каалагандай көрсөтмө алышууда” деп эсептейт Райкан мырза. Депутаттын айтымында, бул нерселердин баары президенттик шайлоодо Өмүрбек Текебаевди каралоо үчүн даярдалып, бирок Өмүрбек мырза талапкерлигин алып салгандан кийин Райкан мырзага каршы колдонулууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Jaryk78
2012-02-13 14:07:48
Бакиевдердин уйунон ошончо майыптыр,карылар,балдар уйуно жетип аша турган дунуйо алышса керек эле...алтындарын айтпай эле коелу,нысап деген нерсени тыйбаса жаман,коргондон кийин эч кимге бергиси келбей калса керек,угушубузга караганда тошок-жууркан идиштеринен бери тоноп кетишкен,албетте аны аялдар аралашпаса эркектери которуп кетмек эмес!
0
Jaryk78
2012-02-13 14:10:24
Булунгондон булдургу алба деген созду билбегендер бироонун оокатын тоноо менен бирге оздорунун башына эмне деген гана куноону алгандарын билише бекен? Бакиевдердин кандай гана жол менен тапкан оокаттары болбосун алар оздоруно гана тиешелуу нерсе,аларды эч кимдин акысы жок талап-тоноп урунганга! Кыскасы ким тоносо да акыры ак ийилип сынбайт ачыкка чыгат,негизи бироонуку бироого буюрайт! Тологонов болсо атасынын атына коо жапкан коркоо деп гана эсептейм!
0
applemac
2012-02-14 07:50:31
билгем ошол окуянын кычыткылары чыгаарын, кантип эл озу барып тоносун,бироо корсотуп бербесе, ошто сарттын уйун биздин домком кеттик тоногону деп кыйкырганда коншулар бала бакырасын ээрчитип жоногон черемушкага,ага чейин эч кимде даже жакын басып баруу ою жок болчу, атамекендин иттери десемби же патриот балдар десемби билбейм иши кылса бекерчилер эле деп коёюнчу ошолор жасаган коп иштерди,бир чети беспорядок болуп коншу олкого шерменде болсок,бир чети бакиевдерден кутулдук, мени ойлондурганы эми
0
applemac
2012-02-14 07:53:42
эми канткенде кыргызстандын авторитетин которот экенбиз билбейм,жакшы болуу аста аста жаман болуу бир паста экен да достор, дагы чукумай башталды эми дагы бийлик кетирмей эми дагы очередной шерменделик болбосо экен, чукумачы,коралбас,интригачы,ичи тар саясатчыларга айтаарым: бир аз кыскылачы,тынч жашайлы,эл тажады,кайран элим кайрат кыл.
0
saltu25
2012-02-14 13:28:18
кана эми коробуз го Атамбаевтин кыйратканын, Атамбаев деле Акаевден ашык болбойт ко
0
lun
2012-02-15 00:01:18
Атамбаев эмнени кыйратмак эле. Бийликке келип эле башка улуттун адамдарын жанына койуп койду, эми эмнени кыйратмак.
0
RIO
2012-02-15 11:13:16
Lun га окшогондор чын эле кандай адам экенин билбей туруп Бакийип,Ташийип деп кыйкыра бересинер.Силердей адамдар кыйратабы кыйратпайбы жон гана ишинерди кылып журо бергилечи.ELTYN азыр ошол Бакиип учурунда шестеркаларын восьмеркага айланып бийликтен четтеп опозиция болуп, дагы бир айла издеп жаткан учурлары.Созду бурмалабай жон суйлосон.Негизи эле эл абдан саясатташып кетти, бул жаман корунуш, же элдин кылаарга иши жок калгандай. Ар ким озунун милдетин аткарып, озунун ишин кылса туура болоор эле
0
Kubatova
2012-02-15 17:35:21
KG-Biskek тишин откон нерсени чайначы ай!
0
Joke82
2012-02-15 23:18:40
Негизи башынарды оорутбагылачы биринерден биринер кыйын болуп атасынар кыйын болсонор айткылачы кантип Кыргызстанды жакшыртууга болот.
0
анарбек
2012-02-16 01:37:33
коп эле откон нерселерди чукулай бербей силер кыргыздар колунардан келсе тиги Атамбаев байкенердин жакшы иштешин,башкаларга окшоп кетпестигин ойлогулачы (мен го Россияда жашайм гр.РФ Акаев байкенин тушунда баарын сата баштаганда тунулуп качып баса бергемин)менин оюмча ал мага(бестолковый,алкоголик)корунот.
0
mirlanusenov
2012-02-19 07:13:33
анарбек,
Кыйратыптырсын? Сен алардан мурун качып кеткен турбайсынбы?
0
balia
2012-02-16 03:04:49
Аман эле болойлучу! Эмне дегенди да билбей калдым тообо!!! Аллахым элиме ынсап бер! Мураталы ажыны олтургондор эки дуйно жазасын алсын! Элиме ынсап жериме береке бер! Напс душман!
0
muslimkg
2012-02-17 09:30:22
Ассалом алейкум туугандар достор бири,бирибизди жаман атабыз пайда жок ошол Бакиевби,Текебаевби иши кылып чиновниктердин баары Аллахтын алдында жооп берет чынын айтсам бул чиновниктер элди жаман кыйнадыда ээ Аллахты баласи келбесинда ошол чиновниктерге Кыргыз элим ардайым аман болунуздар Аллахым кыргыз элиме ынсап берсин Россиядан жердешинер.
0
tukueva.aigerim
2012-02-20 04:50:02
Саясатчылар,сиздерден сураныч!бири биринердин байлыгынарды сурактабастан,ошол байлыгынарды,арам иштерге жумшабастан,кыргыздыарга кереектуу компания ачып иштесенер он деп ойлойм баарына.баары бай болгусу келет аны эч ким эч качан жашыра албайт,кундо силер мен эн кедей депутатмын дейсинер,же болбосо башка нерселерди айтасынар.ойлонуп суйлогулочу депутаттар.мисал башка уллуттар байлыгын эсептебей ,дагуу байуунун жолун таап,жонокой адамдарды жумушка орнош турушат
0
tukueva.aigerim
2012-02-20 04:56:05
ошентип элин да,мамлекеттин да ,озуно да пайдплуу иштерди кылышат.аз биз болсо менде мынча жан сакчы бар,баланча машинам бар дейсинер,кедеймин дейсинер.кудайдан кообуроок ырыскы сурагыла ,баарынар бай бар болгула келгиле ынтымакта жашайлы,биз кыргыздыын жаштар КЫРГЫЗСТАН учун чет олколордо окуп ,эмгектенип журобуз.КЫРГЫЗСТАНДЫ биз колдойбуз,которобуз.ПАРТРИОТ уул-кыздырдан болобуз!депуттар бизге условия тузуп берсенер биз силерге жардам беребиз биз КЫРГЫЗБЫЗ Алга КЫРГЫЗСТАН!
0
Kyrgyz_jigit
2012-02-24 18:24:10
Ата-Мекен жаманбы жакшыбы бирок Болгону Кыргызстанда жалгыз партия, Текебаевдин принципиалдуулугу менен БАКИЕВдин бийлигине баштан аягына чейин каршы турганын эч ким тана албайт!!!!!
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан