Кышка жакын казактардын арзан көмүрүн ташып “көмүрканабызды” толтуруп алганыбыз менен, анын пайдасынан зыянын көп тарттык. Уулуу көмүрдү жыргатып жага албай же алган жерине кайтарып бере албай салпактап жүрүп жазга жеттик.
Миңдеген тонна уулуу көмүрдүн Бишкек ЖЭБине төгүлгөнүнө 5 айга чукулдап калды. Буга кошумча 700 тоннадан ашык уулуу көмүр Чүй аймагындагы 14 мектеп жана бир катар мекемелерге жетип, анын 200 тоннага жакыны жагылып кеткендиги айтылууда. Калганы азыркы учурда Бишкек ЖЭБинин аймагына ташылып бүткөндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Казак көмүрүн Кыргызстанга киргизүүгө демилгечи болгон “Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Аман Тентиевдин айтымында, Казакстан уулуу көмүрдү өз чөнтөгүнүн эсебинен чыгарып кетмей болуптур. “Казакстан көмүрдүн баарын ташып кетүүдө унаа, жүктөө иштерине каражатты, ошондой эле бажы төлөмдөрүн да көтөрөт. Мындан тышкары “Кулан ТБ” бул көмүрдү кабыл алуу жана жүктөп чыгаруу боюнча “Электр станциялары” ишканасынын чыгымдарын компенсациялап берет”,- деп билдирди ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.
8-февралда Жогорку Кеңеште радиоактивдүү көмүрдү Казакстандан алып келүү жана аймактарга таратуу маселеси каралды. “Ата Мекен” фракциясынын спикер Ахматбек Келдибековго койгон айыптарынын сап башында ушул Казакстандан ташылып келген уулуу көмүр маселеси бар эле. Фракция өкүлдөрү “бул ишке дале экс-спикер жоопкер” деген пикирлерин билдиришти. Депутат Дамира Ниязалиева Энергетика жана өндүрүш министри Аскарбек Шадиевден: “Сизге экс-спикер тараптан кысым көрсөтүү болду беле?”- деп сурады. Шадиев: “Казакстандык “Кулан ТБ” компаниясын көмүр сатуучулардын катарында тендерге катыштыруу боюнча Ахматбек Келдибековдон телефон чалуулар болгон. Сапаты жана баасы туура келсе катышсын дегенбиз. Эки күндөн кийин “Электр станциялардын” директору Аман Тентиев келип, ага Ахматбек Келдибековдун жардамчысы чалып, “Кулан ТБны” катыштырууну суранганын айткан”,- деди. Депутат Садыр Жапаров бул маселе боюнча президент Алмазбек Атамбаев да жыйынга катышып, суроолорго жооп бериши керектигин айтты. “Анткени ошол кездеги өкмөт башчы катары тиешелүү документке ал кол койгон”,- дейт эл өкүлү.
Мындай уулуу көмүрдү чек арадан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиялык кызматынын тиешелүү мөөрү басылган документ менен Бажы кызматы киргизген. Демек, алар да жооп бериши керек.