“Каныкей” долбоору токтотулду, эми Каныкей жалгыз ырдайт” дегенде көп суроолор жарала баштады. Каныкей эми элге окшобогон өзгөчө образы, ырлары менен сахнага чыга алабы же карьерасын жаңыдан баштайбы? Буга чейин аткарып келген ырларына ээ болобу? Мындай суроолор менен долбоорго тиешелүү мүчөлөрдүн ар биринен жооп алдык. Айрым суроолор жоопсуз калса да, сиздерге болгонун болгондой берүүнү туура көрдүк.
– Каныкей, жалгыз ырдай баштайт экенсиң. Эмне себеп болду долбоордон чыгышыңа?
– Бири-бирибизге жакшы-жаман айтышпай, түшүнүшүп ишибизди токтоттук. Буюрса, өзүмчө ырдап баштайм.
– Мурун жакшы эле иштешип жаттыңар эле, эми эмнеге түшүнүшпөй калдыңар?
– Продюсерим менен идеологиялык жактан көз карашыбыз туура келбей калды.
– Ким тарабынан сунуш болду, иштешпей эле коёлу деген?
– Сунуш эки тараптан тең чыккан. Эгер биздин көз караштарыбыз туура келбей калса, айла жок, эмне кылмак элек? Убагы келсе керек, ар ким өз жолу менен кетти.
– “Каныкей” долбоорунда сенден башка музыканттар бар эле. Алар эмне болду?
– Музыканттардын ким менен иштеши өз эрки, бирок мени менен иштешкенге көңүлдөрү бар экенин билем.
– Стилистиң катары Замира Молдошева иштеген. Эми кандай болот?
– Келечекте Замира эже менен иш жүргүзбөсөм да ошол бойдон калгым келбейт. Балким, жаңыланып, андан да башкача образда чыгам. Анткени күйөрмандарым деле менин өзгөрүүлөрүмө көнүп калышкан да.
– Шоу-бизнесте жалгыз иш алып кетиш кыйын. Бут тосуулар болушу мүмкүн экенин ойлоп жатасыңбы?
– Ал нерсени жөн гана “кыргызбайчылык” вариант деп эсептейм. Мен ырдаганды билбесем, ыр жазганды билбесем, анда жалгыз калдым деп коркмокмун, ой, эми эмне кылам деп. Өзүм ишенген үнүм, жан дүйнөм бар, ошого мен эч качан эч нерседен коркпойм. Мындан ары да ырдай берем, чыгармачылыгымды өстүрө берем.
– Ыр, клиптериң боюнча маселе жаралбайбы?
– Туура, чогуу иштегенде ырларды жаздырып беришти. Бирок ырларымдын ар биринин сөзү, обону мага таандык болгондуктан, автор катары укугум бар. Эгер ал ырларды мага сатып беришсе, анда башка кеп болмок. Бул адамдык сапатка байланыштуу, эгер сыйлашса, анда талашпайт деп ойлойм. Эгер жаман айтышып тарасак, ошондо балким, чатак жаралмак.
– Эгер баары бир чыр болуп, "мурунку репертуарың менен чыкпа" десечи...
– Эми биздин ортобузда кагаз түрүндө эч кандай келишим болгон эмес.
– Демек, эч кандай келишим менен иштеген эмес турбайсыңарбы. Кайсы бир сунуштар менен байланышсак, "келишим боюнча болбойт" деп калчу элеңер...
– Ооба, биз жөн гана долбоор түзүп, адамдык ишеним менен эле иштешкенбиз. Мен ыр чыгардым, алар мага клип тартышып, концерт койгонго жардам беришти. Ушул кезге чейин бир команда болуп чогуу иштешип келгенбиз. Бардык ийгиликтерим үчүн ыраазымын.
– Атыңды, ушуга чейин жеткен ийгилигиңди сактап кала алам деп ойлойсуңбу?
– Мен мындай кылып жиберем же тигиндей кылып салам деп катуу төш каккылап айткым келбейт. Болгону, эч качан токтобойм, дайым чыгармачылык менен алек болом, дайым кыймылда болом... Бардыгын убакыт чечет.
– Продюсерге дагы кайрылышың мүмкүнбү же өзүңчө эле иштейин деп чечтиңби?
– Өзүм иштеп кете алам. Анткени мени ар дайым колдоп келген жана колдой турган демөөрчүлөрүм бар. Менин эң негизги максатым– чыгармачылык.
– "Чыгармачылык, чыгармачылык..." эле дейсиң, жеке жашооң кантет анда?
– Шашып турмушка чыгып, кийин өкүнүп калгым келбейт. Жан дүйнөмдү түшүнө алган, мени ар дайым колдой турган адамды издеп келем. Анткени чыгармачылыгым менин жашоом болуп жатса, ал болсо мени түшүнбөй турса, элестетиңиз.
– Идеал түзүп алсаң керек анда...
– Эң негизгиси, ал адамдын жан дүйнөсү бай болушу керек, мени түшүнүшү керек.
– Байланышып турасыңбы экс-командаң менен азыр?
– Жок, азыр такыр байланыш жок. Кайнап жаткан суу дагы соолуйт да. Менде деле ошондой абал болуп калды... Эң негизгиси, адамдар бири-биринин көңүлүн оорутпай жашашса...
Мамасадык Багышов, «Смарт медиа групп» компаниясынын жетекчиси: "ЫРЛАРДЫ ДОЛБООРДУН АЛКАГЫНДА ЖАЗЫЛГАН ТҮРДӨ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ"
– Мамасадык мырза, 2006-жылдан бери чогуу иштеп алып чыккан долбоор эмне себептен кыска убакытта урап калды?
– Туура айтасың. Каныкейди силер көрүп жүргөндөй деңгээлде калыптандыруу үчүн эле 3 жылдай иштедик. Биздин канатыбыздын астында 2 жыл сахнада болду. Олуттуу эмгек, убакыт, адам жана каржылык жактан каражаттын сарпталганына карабастан, долбоор өз ишмердүүлүгүн бүгүнкү күндө токтотту.
– “Ажырашуунун” негизги себепкери эмне жана ким болду?
– Башынан долбоордун концептин иштеп чыкканда Каныкейдин функциясы бул – аткаруу эле болчу. Ал кезде жаштыгына, дүйнө тутумуна, жеке табитине, музыка багытындагы билимине байланыштуу Каныкейде анын элге чыга турган өзгөчө образы, чыгармачылык жөнүндө түшүнүгү да жок болчу. Долбоор менин жеке көз карашыма негизделгени чын. Эми ошол нерседен улам пикир келишпестиктер чыга баштаганда бул долбоорго чекит коюуну чечтим. Анткени эгер Каныкей артист катары чыгармачыл эркиндик талап кыла баштаса, бул жеке карьерасын баштаганга жетилип калганынын бирден бир белгиси. Муну мен жакшы түшүнөм. Андыктан кеч болуп кете электе сунушту мен киргиздим.
– Келишим менен иштеген белеңиздер?
– Бул биздин жеке коммерциялык сырыбыз, андыктан бул тууралуу маалымат бере албайм.
– Каныкей силер менен иштешкен кездеги ырлары менен чыга алабы эми? Дегеним, автордук укук талашпайсыздарбы?
– Каныкей Алымбекова жазган ырлардын автордук укуктары өзүнө гана таандык. Аны эч ким эч качан талаша албайт. Биздин компания бул жагдайга өтө кылдат мамиле жасайт жана автордук укукту коргоого чоң маани берип келет. Бирок ар бир эле ыр сап жана обон композицияга айлангыча көптөгөн эмгекти талап кылат. Бул процесске башка чыгармачыл адистер катышат. Ушул кезге чейинки бир альбомдо камтылган чыгармалардын аранжировкалары биздин компаниянын интеллектуалдык мүлкү болуп саналат. Ошондуктан ал ырларды долбоордун алкагында жазылган түрдө колдонууга болбойт. Ал ырларды жаңы аранжировка менен же акапелла түрдө массалык аудиторияларда аткарууга болот.
– Ал эми клиптеричи?
– Клиптери болсо бул долбоордун түбөлүккө кала турган продуктусу да, менин эмгегимдин жемиши десем болот. Ал кете берет, кантсе да Каныкей ошол ырлары аркылуу элге таанылып, жылдыз болду. Бул Каныкейдин карьерасындагы бир жакшы тилке болуп кала берет.
– Ошону менен Каныкей менен мамиле токтотулдубу?
– Мамилебиз сый боюнча кала берет деп ишенем. Каныкей биздин дем менен шоу чөйрөгө кирди, өз ордун ээледи. Биздин компания Кыргызстандын шоу-бизнесине олуттуу өзгөрүүлөрдү Каныкейдин образы, чыгармачылыгы аркылуу киргизе алганына сыймыктанам. Жумуштан сырт бул кызга болгон мамилем аябай аяр, акыркы алты жылда менин көз алдымда өстү.
– Каныкей өз сөзүндө сиздер менен байланыш үзүлдү деди...
– Долбоор токтотулгандан кийин жолуга элекпиз. Бирок биздин тилектештигибизди жана жардамга даяр экенибизди Каныкей өзү жакшы билет. Эгер кайрылса, албетте, жардамыбызды аябайбыз.
Замира Молдошева, стилист: "БИЗ ЖАРАТКАН ОБРАЗ – КОМПАНИЯНЫН МЕНЧИГИ"
– «Стилине байланыштуу түшүнбөстүктөрдөн улам Каныкей продюсери менен иштешпей калды» деп уктук...
– Стилине тиешелүү маселе жаралган эмес. Компаниянын башка жаңы долбоор иштеп чыкканына байланыштуу «Каныкей» долбоору жабылды.
– Билишимче, образды компания жетекчилери жаратып, сиз ишке ашырат экенсиз...
– Ооба, мен, болгону, образды ишке ашырам. Келишим менен иштейм да, ал үчүн мага акча төлөнөт.
– Мындан ары Каныкей менен иштешесизби?
– Иштешсем болмок, бирок мага Мамасадык башка долбоор сунуштагандыктан, ошону менен иштешүүнү туура көрдүм.
– Эми Каныкейдин элге чыккан образы эмне болот?
– Биз жараткан образ менен ал чыга албайт. Анткени анын баары компаниянын жеке менчиги болуп саналат.
P.S. Бизге келип жеткен маалыматтарга караганда, буга чейин «Каныкей» долбооруна продюсерлик кылган компания эми ырчы Гүлзада Рыскуловага продюсерлик кылат экен.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg