КАДЫР, ИШКЕР:
– Мен кинотеатрдын алдында гүлдесте кармап алып келинчегимди бир саат күтүп тургам. Кыздарда “канча саат күтсө, ошончо катуу сүйөт” деген ой бар көрүнөт.
ЖАННАТ, “02.14” ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ:
– Башыман чоң сүйүү өтпөгөн. Сүйүүмдү билдирип көрө элекмин. Менимче, сезимдерим тууралуу жакшы көргөн адамыма кандай таризде билдирүү ошол жагдайга жараша болот. Эгер сүйүүмдү билдиргим келсе, ал кызга сөз менен эле түшүндүрүп айтмакмын.
ЖАМИЛЯ МУРАТОВА, ЫРЧЫ:
– Негизи эле аялзаты “Мен сени сүйөм!” деп айтпашы керек. Жакшысы, мамиле, көз караш менен билдирген оң. Бирок ошол адамга катуу ишенсе, татыктуу мырза болсо, анда ачык айта берсе болот.
НУРБЕК САВИТАХУНОВ, ЫРЧЫ, АКТЁР:
– Мм, кандай десем?.. Болгон андай нерсе, бирок аны айтуунун кызыгы деле жок болуш керек. Мага көбүнчө кыздар өздөрү сүйүүлөрүн билдиришчү.
МҮЗҮР, “КЕҢЕШ” ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ:
– Эсимде, 500 сомго күмүш шакек сатып алып, туулган күнүндө белекке берип, ал майрамдын шарапаты менен “Сени сүйөм!” деп Гүлмирага айтып алгам.
ЭРЛАН, “02.14” ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ:
– Биз ырдап жаткан ырлардын көпчүлүгү сүйүү жөнүндө эмеспи. Бул ырлар өзүбүздүн жашообуздан алынган. Мен сүйүүмдү сүйлөшкөн кызыма ыр менен билдиргем. Бирок өзүмдү романтиктердин катарына деле кошпойм.
НАЗГҮЛ АЙДАРАЛИЕВА, ДИ-ДЖЕЙ:
– Жолдошум Мырза Айдаралиев экөөбүз сүйүүбүздү ыр саптары аркылуу билдирчүбүз. Анын мага жазган кыргызча ырларына мен орусча ыр менен жооп берчүмүн. Ошентип, эки жылдай кыз-жигит болуп жүрүп үйлөнгөнбүз.
АЗАМАТ, СТУДЕНТ:
– Сүйүктүүмө белек берип көңүлүн алчумун. Негизинен, сезимдеримди кат аркылуу билдиргем. Кудайга шүгүр, азыркыга чейин ал экөөбүз кыз-жигит болуп жүрөбүз.
ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ, КУУДУЛ:
– Мен өзү тартынчаак эмес болчумун. Эч кандай эрдик кылбай эле, түз эле барып өзүнө айткам, “сени тез-тезден көргүм келе берет, жакшы көрүп калган окшойм” деп.Анан ага кайра-кайра бара берчүмүн. Ал айым менин учурдагы жубайым.
САЙРА МОМУНБАЕВА, ЫРЧЫ:
– Биздин учурда мырзалардан озунуп сүйүүсүн биринчи билдирген кыздар жок болчу. Азыр СМС жазып, атүгүл интернет аркылуу билдирип жүрүшпөйбү. Мен сүйүүмдү эч кимге жарыя кылып айткан жан эмесмин. Анын баары ичимде купуя сыр бойдон калган.
ИЛЬЯЗ, МАШЫКТЫРУУЧУ:
– Эгер ал адам сага жагып турса, кайра-кайра карагың, көргүң келет. Менде деле ушундай болгон. Телефон чалып, киного алпарып көңүлүн алып дегендей. Дегеле мен сүйүүнү бир адамдын экинчи адамга болгон күчтүү каалоосу деп түшүнөм.
Лунара Бекиева