Кеч күздө аюу баласы менен бак аралай сейилдеп чыгат. Андагы төгүлүп жаткан жалбырактарга карап баласы абдан таң калып:
– Апа, ушунча көп жалбырактын баарын кайрадан жашылга боёп, ар бирин бакка жабыштырып чыккан кишини көргүм келип жатат.
Ошондуктан мен быйыл кышында уктабаймын деп чечтим.
Атасы менен Акыл балык уулоого барышат.
– Балам, балыкка деп алган нандан берчи.
– Ата, мен аны жеп койгом.
– Анда берки катырылган нандан бер.
– Аны да жеп койгом...
Жоомарттын китепти 10 баракты бир аттап окуп жатканын көргөн атасы:
– Балам, китепти ошентип да окучу беле, катарынан окуу керек,- дейт.
– Ата, мен бул китепте айтылып жаткан бандитти тезирээк кармоо үчүн 10, 20 баракты бир аттап жатпаймынбы...
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg