Лавр жалбырагы кожойкелер жана ашпозчулар арасында абдан популярдуу. Анын жыты жана керемет даамы бизге бала чактан тааныш. Келгиле анда, ушул жагымдуу жалбырактын миң түрлүү сырларын чогуу ачалы.
КЫЗЫКТУУ
КУДАЙДЫН СҮЙГӨН КЫЗЫ ДАРАККА АЙЛАНЫП КАЛГАН
Лавр– байыркы гректердин “дафне” – “лавр” деген сөзүнөн келип чыккан. Аталган элдин уламышында искусствонун, поэзиянын, Күндүн Кудайы болгон Аполлон дарыя Кудайы Пенеянын кызы Дафнаны сүйүп калат. Дафна Аполлонго кез келгенде андан коркуп кетип качып жөнөйт. Аполлон аны кубалап баратканда Дафна атасынан “итиркейимди келтирүүчү сүйүүдөн мени куткарып кал” деп суранат. Ошол замат кыз даракка айланып калат. Ошондон кийин лавр Аполлондун символуна айланат. Ал өзүнүн урматына өткөрүлгөн оюндардын жеңүүчүлөрүнүн башына лавр бутакчаларынан жасалган гүлчамбарды кийгизип баштайт. Ошондон бери лавр гүлчамбары даңктын, жеңиштин символу катары каралып келет.
ТҮБӨЛҮК ЖАШЫЛ ӨСҮМДҮК
Лавр – түбөлүк жашыл өсүмдүк. 100 жылга дейре жашайт. Дарак (бийиктиги 10-18 метр) жана бадал түрүндө өсө турган түрлөрү бар. Мекени Жер Ортолук деңизинин жээктери. Учурда Түркия, Греция, Италия, Франция, Испания (Канар аралдарында да), Албания, Крым, Кавказ, Гватемалада (Борбордук Америка) өстүрүлөт.
Лавр 3кө бөлүнөт: Азор лавры, асыл лавр, коричник (Суматра лавры деп да аталат) лавры.
Лаврдын үйдө өстүрүлүүчү түрү да кездешет.
Тамыры, уругу, кесилген калемчеси аркылуу көбөйөт.
ЖЫЙНОО МЕЗГИЛИ
Жалбырактары ноябрдан февралга чейин жыйналат. Эфир майын алуу үчүн жаңы үзүлгөн жалбырактары колдонулат. Татымал үчүн лаврдын бутактары жалбырактары менен кесилип алынып, көлөкөдө 7-10 күн кургатылат. Анан жалбырактары үзүлүп, сорттолот.
КОСМЕТИКАДА
АШКАНАДА
Лавр жалбырагын суюк тамактарга тамак даяр болгонго 5-7 мүнөт калганда гана салынат. Болбосо ачуусу чыгып кетет.
Коюу тамактарга мындан эртерээк салса болот. Кулинарияда лавр жалбырагынын упасы да колдонулат. Лавр антисептикалык
(микробду өлтүрүүчү) касиетке ээ болгондуктан, жашылча-жемишти маринаддоодо, туздоодо колдонулат. Эт азыктарын жана балыкты ыштоодо, консервалоодо пайдаланылат.
ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Ашканада жана медицинада асыл лаврдын гана жыттуу жалбырактары, мөмөсү жана мөмөсүнөн алынган эфир майы колдонулат. Мөмөсүнүн курамында крахмал, кант да кездешет. Жалбырагында фитонцид (өсүмдүк антибиотиги), уксус кислотасы, чайыр жана азыраак эфир майы бар. Эфир майы – вируска, бактерияга, сезгенүүгө каршы мыкты каражат.
Медицинада колдонулушу
Элдик медицинада
Эскертүү! Өнөкөт ич катуу менен жабыркагандарга лавр менен дарыланууга болбойт.
Ооруну күчөтүп жиберет! Ошондой эле бала эмизген энелерге, кош бойлууларга,
жаш балдарга колдонууга болбойт!
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg