«Супер-Инфонун» эң биринчи кызматкери Гүлмира Турманбетова: «СУПЕР-ИНФО» МЕНИН ТУРМУШТУК МЕКТЕБИМ»

«Супер-Инфо» кыргыз тилиндеги эң көп нускалуу гезит экендиги баарыбызга маалым. Анын мындай ийгиликке жетүүсүнө ар бир кызматкердин салымы чоң. Ошондой кызматкерлердин сап башында болгон, «Супер-Инфо» гезитинин эң алгачкы кабарчысы Гүлмира Турманбетовадан эксклюзивдүү маек.

Туулган жылы – 1979-жыл, 23-январь
Кичи мекени – Ысык-Көл району, Тамчы айылы
Билими – КУУнун журналистика факультети
Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси
Жолдошу Аскар мамлекеттик мекеменин кызматкери

– Саламатсыңбы, Гүлмира? Эне болуу бактысын күтүп жатыптырсың, ден соолугуң кандай?
– Кудайга шүгүр, баары жакшы.

– Гүлмира, биз сени «Супер-Инфонун» алгачкы кызматкери деп тааныйбыз. Гезитке кандайча келип калганыңдан кеп салып берсең...
– Мен редакцияга 2001-жылы «Супер сканворддор» гезити жаңыдан чыга баштаган кезде келгем. Практиканы мамлекеттик басылмада өтөгөм. Ал жерде иштегендерге «мага жумуш таап бергиле» деп айта берчүмүн. Бир күнү Сакы деген байке «менин досум гезит ачты, ошого иштебейсиңби, сага окшогон жаңыча ой жүгүрткөн кыз керек экен» деп телефон номерин берди. Бир-эки күндөн кийин баягы номерге чалсам, Кылыч байке алды. «Ооба, жаңы гезит ачтым. Бирок кеңсем жок. Эртең ЦУМдан, сааттын алдынан жолугалы» деди. «Мен сизди кантип тааныйм?» десем, «колума гезит кармап алам» дебеспи. Ал кезде жашмын да, чынында, «кабинетим жок» дегенине көңүл деле бурбаптырмын. Эртеси болжошкон убакытта барсам бир жигит турат. Көрсө, ал Кылыч байке экен. Негедир экөөбүз ошондо бири-бирибизди мурдатан тааныган адамдай басып келип жолугушканбыз. Бирок колунда гезити жок экен, алганга үлгүрбөй калыптыр. Учурашкан соң «жүрү, бүгүн Илимдер академиясынан бир кабинет алдым, сага көрсөтөйүн» деп эле аялдаманы көздөй жөнөдү. Эмне кыларымды билбей калдым. Кабинет дегени өтө эле тар, терезеси жок, кагаздар чачылган...
Ошентип, Кылыч байке экөөбүз ошол бөлмөдөн «Супер сканворддордун» кийинки сандарын чыгара баштаганбыз. Чынын айтсам, башында аны менен бир бөлмөдө отургандан уялчумун. Эшикти бирөө ачып калса жаман ойлойт деп тартына берчүмүн. Анын үстүнө ошол жерде иштеген бир байке «экөөңөр эмне жөнүндө сүйлөшөсүңөр?» деп мени тамашалай берер эле.

– Демек, журналисттик карьераң сканворд түзүүдөн башталыптыр да?
– Ооба. Бирок мен жаңыдан барганымда сканворд түзүүнү билчү эмесмин. Кылыч байке багыт бергенден кийин аракет кыла баштагам. Мен түзөм, аны компьютерге терүү, каталарын оңдоо Кылыч байкенин милдети болчу. Бир күнү ал «дүйнөлүк жылдыздардан кошолу. Бритни Спирс жөнүндө интернеттен маалымат топтоп кел» деди. Же интернет колдонгонду билсемчи! Интернет-клуб издеп аябай убара болгом. Баса, интернет издеп жүрүп капыстан жолдошум Аскар менен таанышып калгам. Ошентип, ар кимден жардам сурап отуруп ырчы тууралуу эптеп чакан макала жазып келдим. Шефим аны окугандан кийин «сүйлөмдөрүң бири-бирине байланышпай калыптыр» деп каталарымды көрсөттү. Уялганымдан ичимден «болду, иштебейм» деп эртеси жумушка келбей койгом. Бирок ойлонуп көрүп кайра келгем. Бара-бара жазганды үйрөндүм. Ошол мезгилде ырчы Жылдыз Тутуева турмушка чыгып, алгачкы жолу андан интервью алгам.

– Жаңыдан журналистикага аралашып жатсаң, ырчыларга байланышка чыгуу кыйынга турса керек?
– Бул жагынан Аскар мага көп жардам берди. Анткени ал ырчылардын көпчүлүгүн таанычу экен. Ошол кезде Ырыскелди Осмонкулов, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева кол жеткис адамдар болчу.

– Эми кепти «Супер-Инфо» гезитине кандайча келип калгандыгың тууралуу уласаң...
– Менден кийин Кылыч байке Атыркүл, Даркүл деген кыздарды жумушка алды. Көрсө, ошол кезде ал маалыматтык-маанайшат багытындагы гезит ачуу пландап жүргөн экен. Анын бул планы 2002-жылы 31-майда толугу менен ишке ашкан. Анткени ошол күнү "Супер-Инфонун" эң алгачкы саны чыккан эле. Баса, гезиттин атын тандоодо да көпкө ойлонгонбуз. Кылыч байке "Супер-Инфо" деп атабайлыбы деп сунуштаганда бул аталыш баарыбызга жагып, бир ооздон колдогонбуз.

– Учурда «Супер-Инфонун» кызматкерлерине мыкты шарттар түзүлгөн. Ал кездечи?
– 1 компьютер менен эле иштечүбүз. Жадакалса, фотоаппарат да жок болчу. Кеңсебизге жакын жердеги жер төлөдө «Восток» деген фотосалон бар болчу. «Сурак бурчка» чыкканыбызда элден жооп алып, «туруп туруңуз, сүрөткө тартып алалы» деп сүрөтчүнү алып чыкканча тиги узап кеткен болот. Ушинтип далай жолу убара тартканбыз.

– Эсимде, «Супер-Инфо» жаңыдан чыгып жатканына карабай далай байгелүү оюндарды өткөрчү эле...
– Кичинекей кабинетте тыгылганыбызга, үстүбүздөн бир кийимди түшүрбөй кийип жүргөнүбүзгө, маянабыздын аздыгына карабай көптөгөн байгелүү оюндарды өткөрчүбүз. Уюлдук телефондон баштап 10 миң сом акчалай байгеге чейин койгонбуз. Ал кезде 10 миң деген көп акча эле да. Жеңүүчүлөрдүн үйүнө чейин барып, белектерди тапшырып келчүбүз.

– Ушул 10 жыл ичинде эмнеге жетиштиң?
– «Супер-Инфо» менин турмуштук мектебим десем болот. Иштеп жүрүп үй-бүлө күттүм, дос, курбу таптым. Адамдар менен мамиле түзгөндү үйрөндүм. Мындан алган тажрыйбам менен бир гезиттин башкы редактору болгонго жетиштим.

– Кызыктуу маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат!


Дамира Арстанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфонун" эң биринчи кызматкери Гүлмира Турманбетова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ulan aida
2012-02-20 18:54:43
Азамат экен. Гезит негизделгенден бери иштеп Супер-Инфонун тагдырлашы тура. Ийгилик каалайм.
+1
тилек
2012-02-22 07:29:42
Жакшы экен.Ишине ийгилик.
Бирок (НИК) кандай экен "Супер инфодо" таанып журолу.
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан