Кеңсе. Кызыл диванда ачуу жашка жүзү жуулган аялды угуп, карегиме жаш толуп турду. Журналисттик кесибимде татаал тагдырларды угуп-көрүп жазганыма карабастан, оңой менен бошочу эмес элем. "Жүрөгүм тилинди, кызым!" деген сөздү улам кайталап, уулу тууралуу узун баян баштады Шарапат эже.
2011-жыл. 28-ноябрь. Спорт Ордосу. Залда адам толтура, сахнанын артында "ырчылар менен кошо ырдайбыз" деп кудуңдаган боз балдар. Бирок бир гана баланын маанайы чөгүңкү. "Энеме билдирбейин". Ичинен ушул сөздү миң кайталап, акыры кезегине аз калганда таежесин жеңден тарта:
– Таежоу!
– Оу, кагылайын, эмне болду?
– Менин сахнага акыркы жолу чыгышым...
– Кой, антпей жүр, сенин келечегиң алдыда. Өзүң концерттин алдында ооруп калбадыңбы, врачтар айтышты го, "концертке катышып келе берсин" деп.
– Ошентсе да... Энеме эч нерсе айтпай эле коюңузчу, мен жакшымын,- деп мукактанган жигит "сахнада – Арапбек!" дегенде гана арабасын тегеретип сахнаны көздөй жөнөдү. Арапбекти жүздөгөн көздөр аёо менен караганын көрүп, элди улам карай берди, карай берди. Акырында деми кысылып, аба жетпей баратты, бирок өзүн кармап "сезилет көл үстүндө бараткандай..." деп ырдап бүтүрдү...
29-ноябрь.
– Эне, тилим тартылып калды да менин.
– Садага болоюн, ооруп турасыңбы, бүгүн түнү чыдап кой, ооруканага алып барам, келме келтирип жатчы, уулум.
– Мен кечээтен бери келме айтып жүрөм, эне...
– Атаңа чалайынчы, Лейлектен келсин, ээ, балам?..
– Ооба, бирок сиз ыйлабаңыз...
Арапбектин апасы менен акыркы жолу сүйлөшкөнү ушул болуптур.
Арапбек биздин аярлуу, анан абдан таланттуу окурманыбыз эле. 2008-жылы аны менен маек курганыбызда: "Кудайдан болуп басып кетсем, анан ырчы болсом деп тилейм",- деген. Биздин "Тамаша тор", "Фотороман" сыяктуу рубрикаларыбызга активдүү катышкан да болчу. Арапбектин алты саны аман болбосо да, мүңкүрөп калбай, тагдырына таарынбай жашоо үчүн күрөшкөн тырышчаактыгы таң калтырчу бизди. Майып балдары бар жалгыз бой энелердин "Эне эмгеги" фондуна мүчө болуп, эстрада ырчыларынын коштоосунда өтчү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын концерттерине катышып жүрчү.
Анын апасы: "Арапбек – тун уулум. Кичинесинен эле буттары ичкерип баса албай калды. Телевизордон "Памперс" деп жалаяктын заманбап түрүн көрсөтсө "памперске" жетчү күн бар бекен?" деп ыйлачумун",- дейт. Анткени Арапбек заарасын кармана албай калчу экен. Ошентип, баласы үчүн баарына даяр ата-эне Баткенден Бишкекке көчүп келишет. Бирок аракеттен жыйынтык болбой, уулу коляскадан өйдө боло албады.
"Уулум бир концертте "биздин тагдырыбыз тайкы болгону менен, талантыбыз бар" деген болчу. Эч качан "мен ушинтип калдым" деп тагдырына таарынган жок. Кат-сабаты жоюлсун деп реабилитациялык борборлорго бердим, мугалим жалдап окуттум. Балам баарын дос көрчү. Анын жакшы бир досу "Супер-Инфо" эле. Бир күнү айылга кетсем чалат, "эне, бекиткен алмаң каякта? Үйгө Ильяз Абдыразаков, анан "суперчилер" келиптир" деп. Эми сүйүнгөнүн айтпа, көрсө, силер фотороман тарткан экенсиңер. Ак-Босогого гезит келбей калса карындашын шаарга жөнөтүп алдыртчу.
Анан "кой, балам, чыкпа" дегениме карабай "Дордой" базарына барып алчу. Үйдө мени кармап эмне кыласыз, эл менен аралашкым келет" дечү. Өткөн жылдын 1-декабрында уулумдан айрылып калдым. 3-4 күн мурда ооруканага алпарсам врачтар концертке катышып келе берсин, көрөбүз дешкен эле. Көрсө, алар Арапбектин саналуу гана күндөрү калганын билишкен экен да. Эрте кетерин билсем, үйлөнтүп коймок экенмин, сүйлөшкөн кызы деле бар эле, аттиң!"- деп арман кылат эне байкуш...
Энеге эмне дейбиз, тагдырдын жазмышы, 10-февралда Арапбек 18 жашка толмок экен. 17 жыл боортоктоп жүрүп ичтеги бугун ырдан чыгарган талант чанда кездешер. Арты кайырлуу болсун!
Бурул Исмаилова
koom@super.kg