АЯЛ – БАКЫТТЫН ЧАКЫРУУ КАГАЗЫ
Шарль Бодлер
Адам ата ыңгайы келген биринчи эле мүмкүнчүлүктө бүт жоопкерчиликти Аялга жүктөп салган.
Нэнси Астор
Мен Кудайды издеп жатамбы?.. Ал менден акылдуу, жакшысы, мени тапканга аракет кылсын.
Айзек Азимов
Гезитти өкмөттүн атынан негиздеп чыгарбаш керек, эл андай гезитке ишенбейт.
Александр I
Ааламда сан жеткис дүйнөлөр бар, а мен алардын бирөөсүн да толук багынта элекмин.
Асманда эки күн, жерде эки кожоюн болушу мүмкүн эмес.
Искендер Зулкарнайн
Бул кадимки кесип. Чөптөр өсөт, куштар учат, толкундар кумдуу жээкти жууйт, а мен адамдарды урам.
Мухаммед Али
Эгер силер үчүн мен – атеист болсом, Кудай үчүн мен – конструктивдүү оппозициямын.
Вуди Аллен
Эркектин эркектиги – башкара билүүсүндө, аялдын эркектиги – баш ийе билүүсүндө.
Кимдин досу көп болсо – анын досу жок.
Аристотель
“Ким эрте турса, ошого ийгилик кушу жылмаят” дешет, андай эмес. Ийгилик жакшы маанайда ойгонгон адамга жылмаят.
Марсель Ашар
Убакыт – эң мыкты окутуучу, тарбиячы. Жаман жери – ал окуучуларын дайыма өлтүрүп коёт.
Гектор Берлиоз