ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-февралдан 4-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында иштериңиздин жыйынтыктары көңүл жылытпайт. Бейшембиде юридикалык маселелер сиздин пайдаңызга чечилет. Жума күнү ден соолугуңуз начарлашы мүмкүн. Ишембиде алыс жолго аттанууңуз күтүлүүдө. Жекшембиде эмоцияга алдыруудан сактаныңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбү – ден соолукка кооптуу күн, сак болуңуз! Шейшембиде ишке байланыштуу жетекчиңиз көңүлүңүздү чөгөрүшү мүмкүн. Жума күнү жашооңузда тоскоолдуктар пайда болот, аракет кылсаңыз гана жеңиш сиз тарапта. Жекшембиде ичимдиктерден алыс болгонуңуз оң.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын биринчи жарымында сизди өз кызыкчылыгы үчүн колдонгусу келгендер чыгарын эске алыңыз. Шаршембиде чыр-чатакка туш болбоюн десеңиз, бейтааныш адамдардын сунушунан баш тартыңыз. Жума күнү ишке так болуу оң. Апта соңунда күтүлбөгөн окуя жашоого болгон көз карашыңызды толук өзгөртүп жибериши мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта башында көрө албастар тарабынан сизге каршы иштер жасалат. Алданып же ашыкча чыгымга туш болбоюн десеңиз, акчага так болуу керектелет. Бейшембиде бойдоктор болочок жан шериктери менен таанышуулары мүмкүн. Жекшемби кыска убакытка созулган махабаттын башталышы болот.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада коңшуларыңыз менен чырдашып кетүүңүз мүмкүн. Алдамчынын тузагына илинбейин десеңиз, жеңил акча табуу сунушуна көнбөңүз. Ден соолугуңуз начарлап кетпеши үчүн уктоочу жайдын абалына көңүл буруңуз. Апта соңунда алыстагы жакындарыңыздан жакшы кабар келиши күтүлүүдө.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өзүмчүлдүккө жол берүү жакын мамиледеги адамдардан кол үзүп калууга жеткирерин эске алыңыз. Шейшембиде шашылыш чечим кабыл албаңыз, өкүнүп каласыз. Бейшембиде жаңы таанышуулардан алыс болуу пайдалуу. Апта соңунда акчалуу болушуңуз күтүлүүдө.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө эркиндигиңизди чектеген адамдар менен пикир келишпей көңүлүңүз чөгөт. Апта ортосунда ишиңиздин жыйынтыгы билинет. Бирөөгө жардамыңыз тийип, ал сиздин чөнтөгүңүздү кампайтат. Үй-бүлөлүүлөрдүн эсине: балдарды кароосуз калтырбаңыз, денесине жаракат келтирип алышы мүмкүн!


ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбү – иликтөө иштерине, анализ чыгарууга ыңгайлуу күн. Шейшембиде социалдык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шаршембиде иш билгендердин кеңешине кулак салуу пайдалуу. Аптанын экинчи жарымында сүйүү сезимдерин козгогон учур күтүлөт. Бул аптада үйгө керектүү буюм сатып алууңуз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта башы пайдалуу иштердин башталышы болмокчу. Шаршембиде жакын адамдар менен пикир келишпестиктер жаралат. Сарамжалдуу колдонбосоңуз, апта аягында акча тартыштыгы жаралат. Жума күнү кумар оюндарына азгырылбаңыз, каражатыңыздан кол жууп каласыз. Апта соңунда өзүңүзгө убакыт бөлүүгө жетишиңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө тамак-аштан ууланып калуудан сак болуңуз. Шейшембиде тагдырыңыздын бурулуш жолуна туш келип, бирин тандоого аргасыз болосуз. Ишиңизди шашылыш бүтүрүүгө ашыкпаңыз, жыйынтыгы көңүлүңүздөгүдөй болбой калат. Апта соңунда маанайды чөктүрө турган окуяга кабылууңуз мүмкүн.


Суу куйду (21.01-19.02)
Бул апта сиз үчүн оор болмокчу. Шейшембиде тааныштар менен чырдашып кетүүгө жол бербөө керек. Башкалардыкына салыштырмалуу өз кызыкчылыкты өйдө коюу ашыкча. Апта соңунда сүйүктүү адамыңыздын жанында болуңуз.


Балык (20.02-20.03)
Апта башында ден соолугуңуз күтүүсүздөн начарлап кетиши мүмкүн. Сүйүү жаатында таарынышуулар болот. Өкүнүп калбоо үчүн мындай маселени абайлап чечүү керек. Апта соңунда майда маселе жаралбасын десеңиз, ар бир ишке көңүл буруңуз.


 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан