ЭГИЗДЕР

Режиссёру – Зиновий Ройзман. Сценарийдин авторлору – Андрей Анисимов, Анатолий Чижиков, Зиновий Ройзман. Башкы ролдордо: Пётр Ерожин – Андрей Соколов, Фатима, Люба – Эльвира Болгова, Надя – Алла Юганова жана башкалар.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ
«Эгиздер» сериалы жазуучу Андрей Анисимовдун «Эгиздер» жана «Эгиздер -2» романынын негизинде тартылган. Андрей Анисимов менен сериалдын режиссёру Зиновий Ройзман эски достордон. Алар Өзбекстанда иштеп жүргөн жаш кездеринде таанышышкан. Кийин экөө биргелешип сценарий жазышып, натыйжада, «Эгиздер» фильми жаралды. 16 сериялуу бул фильмди тартуу үчүн үч миллион долларга жакын каражат сарпталган. «Эгиздерде» 200дөй персонаж роль аткарып, съемкалар Москва, Ташкент, Самарканд, Самара, Новгород, Лондон, Санкт-Петербург шаарларында тартылган. Фильмдеги үч эгиз кыздын тең ролун актриса Эльвира Болгова ойногон. Сериал 2004-жылдын январь айында эфирден берилген.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Эгиздер сериалы жыйырма жылдык окуяны өзүнө камтыйт. Башкача айтканда, фильм Советтер Союзу мезгилинде башталып, Россиядагы азыркы күндөрдө аяктайт.
Сексенинчи жылдардын башында новгороддук милиционер Ерожин өзүнүн кесиптик жолун баштайт. Күн­дөрдүн биринде ал Өзбекстанга командировкага барат. Самарканд шаарында анын милициялык жогорку мектепте чогуу окуган эски жосу Вахид Ибрагимов жашайт. Вахид болсо орус аялы Шура менен досторунун көрө албастыгынын айынын ажырашып, экинчи аялы Райхан менен турмуш кечирип келет. Бирок, Райхан күйөөсү­нүн көзүнө чөп салып жүрөт. Ал Ерожин Самаркандга келгенге чейин башка менен ойнош болуп жүрүп, эми Ерожинди өзүнө азгыра баштайт. Чакан кечеден соң күйөө­сүнүн мас болуп калганынан пайдаланып, Ерожин менен ошол түнү бирге болот.
Күндөр өтүп, Райхан төрөт үйүн­дө көз жарат. Төрөт үйүндө иштеген Вахиддин биринчи аялы Шура ымыркайды башка бирөөнүн үч эм төрөлгөн кыздарынын бирине алмаштырып коёт. Окуянын ушул жеринен чиеленишкен түйүн пайда болот.
Өздөрүнө окшобогон орус кыздын айынан Вахиддин үйбүлө­сүндө чыр күчөгөндөн күчөй берет. Акыры бул чырдын аягы Вахид аялын өз колу менен өлтү­рүү­сү менен аяктайт.
Фатима энесиз чоңоё берет, бирок, «атасы» менен «кызынын» мамилеси ит менен мышыктай эле. Өз тагдыры Фатиманы ар кандай кылмыштарды жасоого алып келет. Орто Азия жана Россия шаарларында кылмыштарды биринин артынан бирин жасаган Фатиманын аркасынан тергөөчү Пётр Ерожин түшөт. Фильмдин андан аркы жүрү­шүндө алдамчылык, ак менен каранын карама-каршылыгы, кылмыш иштери, сүйүү сыяктуу нерселер көркөм жана таасын сүрөттөлөт.
Окуянын аяк жагында 45 жаштагы Пётр Ерожин чыныгы сүйүүгө кабылат. Тагдырдын тамашасы болуп, ал сүйүүсү бир кезде өзү мамиле түзгөн Райхандын алмашылып кеткен кызы эле. Бирок, кыздын өзүнөн эмес, Райхандын мурунку ойношунан төрөлгөнүн изилдеп чыгат. Ал эми кылмышкер Фатиманы Пётр өз колу менен атып өлтүрөт.

ФИЛЬМДИ ӨЗБЕКСТАНДА КӨРСӨТҮҮГӨ ЭМНЕ ҮЧҮН ТЫЮУ САЛЫШТЫ?
«Эгиздердин» эфирден биринчи жолку берилишинде эле 4-сериясынан кийин Өзбекстанда көрсөтүлүүгө тыюу салып коюшкан. Мунун себеби, эки кабаттуу кооз үйдө жашаган жөнөкөй шаардык милиционер менен анын аягы суюк аялы жөнүндөгү эпизоддорго байланыштуу эле. Өзбек­тер фильмдин режиссёрун «улуттук менталитетибизге шек келтирди» деп күнөөлөшкөн. «Биринчиден, өзбек элинде күйөө­сүнүн көзүнө чөп салган сойку аялдар жок» деп чычалашат алар. «Экинчиден, жөнөкөй милиционер эч качан фильмдегидей үйгө ээ боло алмак эмес» дешет. Ошондой эле өзбек киночулары Ройзманга: «Ал окууну бизден бүтүп, жада калса иштеп да кеткен. Анан кантип ушундай фильм тартууга колу барды экен?» деп таарынган жайлары бар экен. Алардын айтуусуна караганда, өлкөнүн президенти Ислам Каримов да фильмдин сценарийин окуп чыгып, жактырбаптыр. Мындай ызы-чуулар жө­нүндө Ройзман өзү: «Өзбек­станда көрсөтүүгө тыюу салышканын билем. Билген менен эмне кылмак элем? Бирок, фильмди өзбек эли өтө кызыгуу менен көрө башташкан эле. Эми деле айласын таап, спутник каналдарынан көрүп жатышат» дейт.

ФИЛЬМДИН КААРМАНДАРЫ ЖАШООДОН АЛЫНГАНБЫ?
Бул суроого режиссёр мындайча жооп берет: «Үч эм төрөлгөн кыздардын алмашып кеткендиги жөнүндөгү окуя – бул нак фантазия. Ал эми баш каарман Ерожиндин жашоодо чыныгы прототиби бар. Орус милициясында чын эле ушундай адам болгон. Ал азыр отставкада. Москвада жашайт. Вахид Ибрагимов менен жубайы Райхандын образдары да турмуштан алынган. Ушундай өзбек милиционери жана жүрүш-турушу жаман анын аялы чындыгында эле Самарканд шаарында жашашкан.»

АНДРЕЙ СОКОЛОВ СЪЕМКА УЧУРУНДА ӨЗ ӨМҮРҮН ТОБОКЕЛГЕ САЛДЫ
Съемка жүрүп жаткан учурда актёрлор ар кандай абалдарга туш келишти. Мунун бир учурун актёр Андрей Соколов минтип эскерет: «Мен сценарий боюнча арыктагы сууга чумкушум керек эле. Сыртта кеч күз, ноябрь айы. Ошол кезде менин температурам көтө­рү­лүп, 39,8 градуска чыгып турган. Мен өмүрүмдү тобокелге салып, эч нерсеге карабай сууга секирип кеттим. Ушул окуя көпкө чейин менин эсимде сакталып калса керек.»

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 196, 4-10-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан