КОМАНДАЛАР EURO 2012

ГРЕЦИЯ

Футбол федерациясы түзүлгөн жыл – 1926-жыл, 1-январь
Лакап аты – Каракчылардын кемеси, Эллиндер
Формасынын түсү – Көк футболка, көк чолок шым
Башкы машыктыруучусу – Фернанду Сантуш
Команданын капитаны – Георгиос Карагунис (“Панатинаикос”, Греция)
Эң ири жеңиши – 8:0 эсеби менен Сирияны (1949-жыл, 25-ноябрь)
Эң ири жеңилүүсү – 11:1 эсеби менен Венгриядан (1938-жыл, 25-март)
Жетишкендиктери – Португалияда өткөн ЕВРО-2004түн жеңүүчүсү
Учурда – ФИФАнын рейтингинде 8-орунда турат

ТҮШҮНҮКСҮЗ КОМАНДА
"Евро-2004". Лиссабон. Финал. Греция курама командасы үй ээлерин утуп, тарыхында биринчи жолу Континенттин чемпиону аталды. Бул ийгиликти жабык футбол көргөзгөн германиялык машыктыруучу Отто Рехагелге (сүрөттө) байланыштырышкан. Бирок 2 жыл өтпөй эшик каккан Дүйнө чемпиондугуна алар жолдомо ала алышкан жок. Анан катары менен "Евро-2008" жана "ЮАР-2010дун" финалдык оюндары алар үчүн ийгиликтүү болбой, тайпалык баскычтан ыргып кетишти. "Евро-2012ге" Греция жолдуу болуп, тайпасында биринчи орунду ээледи. “А” тайпасына түшкөн команданын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Учурда команда жолдоштук оюндарды өткөрүп даярданып жатат. Грециялыктар "Евро-2004төгү" кереметтин кайталануусун кыялданып,
"Еврого" карай күн санашмакчы.


КУРАМДА КИМДЕР МЫКТЫ?
Греция алгачкы оюнун 1929-жылы өткөрсө да, эл аралык аренага көп чыккан эмес. 1980-жылы
"Евронун", 1994-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычында катышып, тайпадан чыга алышкан эмес. Мактанарлык оюнчулары – Никос Анастопулос, Теофанис Гекас жана Теодорос Загоракис.
Ал эми учурдагы курамдын жарымы "Панатинаикос" жана "Олимпиакос" клубдарында ойнойт. Калган жарымын Европанын орто деңгээлдеги командаларынан көрүүгө болот. Учурда португалиялык машыктыруучу Фернанду Сантуштун "көзүрлөрү" Георгиос Самарас (сүрөттө, “Селтик”, Шотландия), Георгиос Карагунис (“Панатинаикос”) болмокчу. Баса, командадагы оюнчулардын орточо жашы боюнча Европадагы карт командалардын бири.


Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sanjarbratt
2012-03-03 11:33:12
Бул ирет да тайпадан чыга алышпайт
0
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан