18-февралда украиналык Виталий Кличко британиялык Дерек Чисораны утуп (упай айырмачылыгында үч калыстын чечими менен 118:110, 118:110, 119:111 эсептеринде), WBCнин версиясы боюнча чемпиондук наамын коргоп калды. Беттешке чейин мушкерлер күйөрмандарга нокаут убада кылып, бирок экөө тең аткара алышкан жок. Беттеш Кличконун үстөмдүгү астында өтүп, жеңип чыгуу оор болгонун моюнга алды. Бирок Кличконун жеңиши Чисоранын рингден тышкаркы опсуз жоруктарынын көлөкөсүндө калгандай болду.
"Виталийди жейм, жутам" деп ызырынган британиялык беттешке чейинки маалымат жыйынында Виталийди жаак талаштыра муштаса, беттеш башталарда иниси Владимирдин бетине түкүрүп салды. Бул жоруктарын боксту сыйлабагандык деп баалаган WBC уюму мушкерге 50 миң доллар айып салды. Бул да Чисораны токтото албады белем, жеңилген соң маалымат жыйыны учурунда мекендеши Дэвид Хэй менен мушташа кетти. Чырдын түйүнү Хэйдин Чисораны “жолсуз” дегенинен башталган дешүүдө. Мушташ үстүндө Чисора: “Хэй, сени атып кетем!”- деп айтты. Англиялыктардын мушташын көрүп эрксизден жылмайган Кличко тарап: “Эми британиялыктар менен эч кандай алакага барбайбыз”,- деди.