«Супер-Инфонун» алгачкы жетекчилеринин бири Атыркүл Сыдыкова: «ГЕЗИТТЕН КЕТКЕНДЕ БИЙИК ТООДОН ЖЕРГЕ ТҮШКӨНДӨЙ БОЛГОМ»

«Супер-Инфонун» пайдубалына таш койгондордун бири – Атыркүл Сыдыкова. Учурда Чита шаарында жашаган бул айымга телефон аркылуу байланышка чыгып, маек курдук.

Аты-жөнү – Атыркүл Сыдыкова
Туулган жылы – 1979-жыл, 29-июнь
Кичи мекени – Өзгөн району, Жыланды айылы
Кесиби – Фельдшер-акушер
Учурда Орусиянын жараны, үй-бүлөсү менен Чита шаарында жашайт. Эки баланын энеси.
«Супер-Инфодо» иштеген жылдары – 2001-2004

– Атыркүл, кандайсың? «Супер-Инфо» гезитинен сагынычтуу салам!
Оо, «Супер-Инфо»?! Кандай жагымдуу сөз!..

– Үнүңдөн аябай толкунданганың байкалып жатат...
Кантип толкунданбайм?! Анткени менин өмүрүмдөгү эң кызыктуу, сыймыктануу менен эскерчү күндөрүм дал ушул гезиттин басып өткөн жолунда калды.

– Атыркүл, алгач гезит босогосун аттаган күндөрүңдөн кеп салсаң...
Мен бир гезитте иштеп жүргөнүмдө Бакыт деген дизайнер байке «бир акеңдин гезити бар экен. Ошол жакка иштебейсиңби» деп сунуштап калды. Барса барып көрөйүнчү деп айтылган дарекке келдим. Кампа сыяктуу дубалдары бийик, тар, терезеси жок, күңүрт бөлмөдө Кылычбек Султанов менен Гүлмира Турманбетова «Супер сканворддор» гезитинин кезектеги санын даярдап жатышыптыр. Эки стол, бир компьютерден башка эч нерсе жок. Көзүмө бир башкача көрүнгөн. Анан Кылычбек байке жумуш тууралуу түшүндүрүп, «келип иштеп көр» деди. Ошентип иштеп калгам. Көп өтпөй эле мени «Супер сканворддордун» жооптуу редактору, андан кийин башкы редактордун орун басары кылып дайындаган.

– Орун басарлыкты алып кетүү кыйынга турдубу же?..
Башында алып кете албайм го деп аябай чочулагам. Мунун себеби да бар эле. Анткени Кылычбек байке орун басары катары бардык нерсени менден талап кылчу. Жумуштун жүрүшү, ким канчада келип-кетти, гонорар эсептөө сыяктуу нерселердин баарына мен жоопкер болчумун. Кызматкерлерге көзөмөлдүк кылуу мен үчүн оор болгон. Анткени жамаатыбызда жалаң мен кырдуу жаштар иштечү. Бир эле мисал айтайын, жумушка келип-кеткен убактыбызды белгилеп, айдын аягында кечиккендерге айып пул, кечикпегендерге сыйлык жазчубуз. "Мынчасында кечигип келбедиң беле?" деп айып пул жазып, канчасына жаман көрүндүм. Бара-бара бул жумушума көнүп, Кылычбек байкенин эмне айтарын жарым сөзүнөн түшүнүп, көз карашынан эле байкап калгам.
Эсиңерде болсо керек, гезитибизде «Роза» деген сериал аябай популярдуу эле. Бир күнү ошону жазып жаткан Даркүл Кемелова деген кызыбызды ала качып кетишти. Сериалы толук жазылбаган, анысы аз келгенсип кеңсенин ачкычтарын жанына ала кетиптир. Ошондо Кылычбек байке «билбейм, таап кел» деди. Мага анын ушул эки ооз сөзү гана жетиштүү болгон. Даркүлдү туугандарынан сураштырып Кочкорго ала качышканын угуп, таап барып, түнү менен сериалды жаздыртып келип, гезитти чыгарганга жетишип калгам.
Дагы бир окуя такыр эсимден кетпейт. «Түз байланыш» рубрикасына саат 11:00гө Бек Борбиевди чакырган элем. Саат 10:30 болду, Бек Борбиевден дайын жок. Кылычбек байке «чакырган ырчың келдиби?» деп улам-улам сурап коёт. Окурмандар эртелеп эле чала башташкан. Түз байланыштын башталышына 15 мүнөт калганда Бек байкенин үйүн көздөй жөнөдүм. Барып эшигин тыкылдатып жатам же ачпайт. Бир убакта «кимсиң?! Эмнеге келдиң?!» деп көзүн ушалап чыкса болобу. "Байке, бүгүн бизге түз байланышка келем дебедиңиз беле?" деп чыйпылыктап жатып алып келгем. Кирип бара жатканымда жетекчим мени ушундай бир караган дейсиң...

– Эгер жашыруун болбосо, ошол кезде гезиттин нускасынын күн санап өсүшүнүн сыры эмнеде болгон?
Эң биринчи себеби – Кылычбек Султановдун талапты катуу койгондугунда деп ойлойм. Анткени ал майда-барат нерсеге чейин эске алчу. Эгер ошол майда нерсеге көз жумуп койсо, эртеңки күнү ал чоң нерсеге чейин айланышы толук мүмкүн эле. Ар бир кетирилген ката үчүн да айып пул төлөчүбүз. Мисалы, бир тамгадан ката кетсе, 10 сом төлөчүбүз. Гезит чыккандан кийин
Кылычбек байке экөөбүз каталарды таап чыкчубуз. Эгер ал тапкан катаны мен таппай калган болсом, анда мага айып пул жазылчу. Чындыгында катуу талап бизди тактыкка, өз убактыбызды туура пайдаланууга үйрөттү. Мындан сырткары «Супер-Инфо» гезити дайыма окурмандар менен тыгыз байланышта иштечү. Окурмандардан келген каттарды столдун үстүнө жайып алып ар бирин окуп, жооп жазып, кызыктуу, байгелүү оюндарды уюштуруу менен байланышты бекемдөөгө аракеттенчүбүз. Дагы да болсо эсимде, ошол кезде Маматкулов, Алимпиада, Сарбиназ, Сиражидин аттуу жана башка толтура окурмандарыбыздан тынбай кат келип турчу.

– "Супер-Инфо" дегенде биринчи эмне эсиңе түшөт?
Албетте, чогуу эс алган күндөр. "Эркин" деген жакшы көргөн кафебиз бар болчу. Майрам сайын ошол жерде отурчубуз. Закиржан байкенин жашыл Москвичи менен барабыз. Анан эле кетерде машинасы жүрбөй калат. Түртмөй башталат. Ошондо Кылычбек байке "капа болбогула, буюрса, баарыңардын унааңар болот" деп көп айтчу. Азыр силерге четинен машина белек кылып жатканын гезит бетинен окуп, сүйүнөм. Анан да жамаатыбыз менен 50-100дөн гезит алып, "гезит алгыла" деп саткан күндөрүбүздү эстегенде жылмайып алам. "Бул жакка мен сатам, тиги жакка сен сат" деп аймактарды бөлүп алмайыбыз бар эле.

– Учурунда гезитти башкарганга жетишкен бийкеч азыркы кезде эмне менен алек?
Кыргызда «кыздын бактысы үй-бүлөдө» деп коюшат го, 2004-жылы турмуш жолуна аттанып, «Супер-Инфодон» кетүүгө аргасыз болгом. Кетеримди Кылычбек байкеге айткан эмес элем. Мен кеткенде кыйналышпасын деген ойдо алдын ала эле Азиза Сатимбекова деген кабарчыбызга жасап жаткан жумуштарымдын баарын үйрөтө баштадым. Мунун себеби бар эле. Анткени Даркүлдү ала качып кетишкенде түнү менен Кочкорго барганым аябай эсимде калыптыр. Ошентип, кетеримде гана Кылычбек байкеге угузгам. Алгач аябай жаман болгон. Жамаат менен коштошуу үчүн атайын дасторкон жайган элем. Дасторкон үстүндө батасын берип, колума 500 сом карматкан.
Чындыгында, гезиттен кетүү мен үчүн бийик тоодон жайык, тептегиз жерге түшкөндөй эле болгон. Анткени ошол кезде «Супер-Инфонун» күйөрмандары көбөйүп, ар кандай жаңы рубрикалар менен жаңырып жаткан убагы эле. Кеткенден кийин да гезит көпкө чейин түшүмө кирип жүрдү. Түшүмдөн сүйүнүп ойгоном да түш экенин билип, бир күн кечке муңайып жүргөн учурларым көп болду.
Бир жылы Кыргызстанга болгон сапарымда «Супер-Инфонун» кеңсесине барганымда мени аябай жылуу тосуп алышты. Ошондо ичимден «гезитте 4 жыл жөн жүрбөптүрмүн. Аз да болсо эмгегим сиңиптир» деген ойдо сүйүнүп кайткам.
Азыр жума сайын www.super.kg сайтына кирип, гезиттин электрондук вариантын окуп турам. Башка гезит-журналдарды окусам да «и, мобу жакшы тема, жакшы рубрика экен» деп изденип окуйм. Бул да болсо
Кылычбек байкеден алган сабагым.

– Кызыктуу маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат, сага ийгилик каалайбыз.


Кылычбек Султанов Атыркүл жөнүндө
– Атыркүл жумушуна так болчу. Жеке турмушуна караганда “Супер-Инфону” биринчи орунга коёр эле. Эсимде, Атыркүлдүн жаңыдан турмушка чыккан кези. Жыл сайын жайкысын жамаатты Ысык-Көлгө эс алдырып келчүбүз. Ошондо жаңы турмушка чыкканына карабай жетекчилик милдетин аткарып келген. Ал жумуш менен үй-бүлөнүн ортосунда жакшы эле чайналды көрүнөт, кийин жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Кетип жатканда кадимкидей ичим ачышкан.


Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Asus84
2012-02-27 10:40:47
Жакшы кадрлар эстен эч качан кетпейт ийгилик эже сизге!!!
+1
777bazamat
2012-02-27 17:08:49
Эх чиркин жашообуздун оордугунан минтип Россияда жашап калдык жарандык алып алып ((
0
nazgul8076
2012-03-02 18:04:34
Ушундай эжеге окшоп жумуштан кетсен артындан мактаган, алкыш создор айтылса жакшы да.
0
CHATKAL2
2012-03-19 16:31:37
Супер инфо Атыркул менен кантип байланышсам болот. Контактары болсо бериниздерчи. Мен чогуу окуган элем.
+1
info
2012-03-20 12:53:17
CHATKAL2, аты жөнүңүздү жана телефон номуруңузду бул жерге же купуя кат аркылуу жазып жиберсеңиз биз ал адамга берип коёбуз, өзү сизге байланышат.
0
CHATKAL2
2012-03-20 19:25:24
Супер инфо сиздерге чоон рахмат.Менин атым Аида тел номерим 89055715944
0
CHATKAL2
2012-03-24 22:09:26
Супер инфо Атыргул менен байланыштырганга убактынар болбой атабы?же Атыргул отказ кылдыбы?
0
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан