“Сирень гүлү”, “Ак жамгыр”, “Кызыл гүл” ырларын чогуу ырдаган жубайлардан түзүлгөн “Кеңеш” тобу бул аптадагы каармандарыбыз. Экөө учурда экинчи наристесин кубанып күтүп турган чагы. Экөөнө тест катарында окшош суроолорду өз-өзүнчө берип, бири-бирин канчалык деңгээлде билишерин баамдап көрдүк.
МҮЗҮРДӨН ГҮЛМИРА ТУУРАЛУУ:
– Гүлмира эркеби?
Мүзүр: – Ооба.
Гүлмира: – Ооба.
– Жакпаган сапаты?
М.: – Боёнуп отура бергени.
Г.: – Көк беттик.
– Сиздеги Гүлмирага жакпаган сапат?
М.: – Айтып туруп, аткарбай койгонум.
Г.: – Көк беттиги.
– Келинчегиңиз кайсы ырчы жигитти жактырат?
М.: – Нурлан Насип.
Г.: – Нурлан Насип.
– Экөөңөр чогуу жасаганды жактырган иш?
М.: – План түзүү.
Г.: – Кино көрүү.
– Гүлмиранын ушул убакытка чейин жашырып айта албай жүргөн сыры барбы?
М.: – Билбейм, болушу мүмкүн.
Г.: – Бар.
– Алгачкы сүйүү канча жашында келген?
М.: – Мектепте окуп жүргөндө өзүнүн агайын сүйчү экен. Канчанчы класс экенин билбейм.
Г.: – 9-классымдан баштап Шакрукх Кханды жакшы көрөм. Мүзүрдү да ошого окшоштуруп сүйүп калгам
– Эмне жөнүндө кыялданат?
М.: – Сулуулук салонун ачсам дейт.
Г.: – Көп балалуу болсом дейм.
– Үйдө ким көп “косяк” кетирет?
М.: – Мен.
Г.: – Мен.
– Канчанчы өлчөмдөгү бут кийим киет?
М.: – Билбейм.
Г.: – 37.
– Азыр тырмагы кандай түстөгү лак менен боёлгон?
М.: – Байкабадым.
Г.: – Боёк жок.
– Кечинде эмнелерди ойлоп жатат?
М.: – Билбейм.
Г.: – Салып жаткан үйүбүз эртерээк бүтсө экен деп.
– Балаңыздын туулган күнү качан?
М.: – 25-июль, 2006-жыл.
Г.: – 25-июль, 2006-жыл.
– Берилип жасаган тамагы?
М.: – Манты.
Г.: – Палоо.
– Сизге калп айтабы?
М.: – Балким.
Г.: – Айтам. Анткени кээде айымдарга гана тиешелүү сырлар болуп калат.
– Кайсы гүлдү жакшы көрөт?
М.: – Көпкө чейин соолубаган бир гүл бар го, ошону.
Г.: – Роза гүлү жагат.
– Гүлмиранын эмнесине көп комплимент айтасыз?
М.: – Тамактарына.
Г.: – Тамактарыма. Же ошентип алдап жейби, билбейм.
– Жашоодогу эң жакын досу ким?
М.: – Эжеси.
Г.: – Зияда деген курбум.
– Азыр жанында канча акча бар?
М.: – Жакшы эле бар болчу.
Г.: – 2-3 миң сомдой бар.
– Үйгө кеч келип калганда кандай тосуп алат?
М.: – Жакшы эле.
Г.: – Кеч деле келбейт.
– Азыр Гүлмира эмне жөнүндө ойлонуп жатат?
М.: – Мен жөнүндө.
Г.: – Эч нерсе ойлогон жокмун.
– Эсте каларлык белеги?
М.: – Сүйлөшүп жүргөндө 23-Февралга костюм-шым белек кылган.
Г.: – Бир жолу жашыл көйнөк бергем. Ошол эсинде калса керек.
– Тест бүткөндө сизге берер биринчи суроосу кандай болот?
М.: – "Үй жыйнаш керек" дейт болуш керек шыр эле.
Г.: – Кайсы жакка барабыз?
ГҮЛМИРАДАН МҮЗҮР ТУУРАЛУУ:
– Интернеттен кыздар менен таанышабы?
Г.: – Жумуштар менен гана болбосо, таанышпайт.
М.: – Жок, интернетке киргенди билбейм.
– Кайсы өлчөмдөгү бут кийим киет?
Г.: – 39-40.
М.: – 40.
– Досторуна көп көңүл бурабы же сизгеби?
Г.: – Мага.
М.: – Экөөнө бирдей.
– Карыганда сакал коёбу?
Г.: – Койсо керек.
М.: – Ооба. Бул сүннөт.
– Сүйүүсүн сизге кандай билдирген?
Г.: – “Сени сүйөм” деп.
М.: – Туулган күнүндө күмүш шакек берүү менен.
– Кандай “привычкасы” бар?
Г.: – “Энеңди урайын” деген сөздү көп айтат.
М.: – Бирөөнүн кулагын кармаганды жакшы көрөм.
– Таарынганда кандай адам?
Г.: – Көк бет.
М.: – Ачуулуу.
– Оюңузча, сизге айтпай туруп кылган иштери барбы?
Г.: – Бар деп ойлойм.
М.: – Ага айтпай ыр жазам.
– Баласын көбүрөөк жакшы көрөбү же сиздиби?
Г.: – Баласын го.
М.: – Бала таттуураак го.
– Койду жиликтеп, устукан тартканды билеби?
Г.: – Билбейт.
М.: – Билем.
– Романтикпи?
Г.: – Ооба.
М.: – Анча эмес.
– Кайсы жери көп ооруйт?
Г.: – Башы.
М.: – Желкем.
– Айына канча акча табат?
Г.: – Санап көрө элекмин.
М.: – Жакшы эле табам, сыр бойдон калсын.
– Балдарыңыздардын кимге окшош болушун каалайт?
Г.: – Өзүнө.
М.: – Кыздардын апасына, балдардын мага окшош болгону жакшы.
– Кайсы күнү үйлөнгөнсүздөр?
Г.: – 16-июль, 2002-жыл.
М.: – 16-июлда, Гүлмиранын туулган күнүндө. Жылын унутуп калыпмын.
– Сүйүүгө канча жашында туш болгон?
Г.: – Айткан эмес.
М.: – 8-класста классташ кызымды сүйүп калгам.
– Жактырган тамагы?
Г.: – Куурулган картошка.
М.: – Беш бармак.
– Жолдошуңузга арык кыздар жагабы же толуктарбы?
Г.: – Айткан эмес.
М.: – Арык.
– Кайсы сапатыңызды жактырат?
Г.: – Токтоолук, кечиримдүүлүк.
М.: – Кечиримдүүлүк.
– Көп колдонгон сөзү?
Г.: – “Энеңди урайын”.
М.: – “Иншаллах”.
– Калп айтып койчу жайы барбы?
Г.: – Кээде айтат. Алдап жатканын көздөрүнөн билип коём.
М.: – Кээде айтууга туура келет.
– 14-февралда эмне белек кылды?
Г.: – Эч нерсе.
М.: – СМС жаздым.
– Кайсы жагында калы же тырыгы бар?
Г.: – Сол кашынын үстүндө жана далысында калы бар. Тырыгы жок.
М.: – Чекемде калым, оозумдун оң жагында тырыгым бар.
Бирге түтүн булатып, чогуу жашап жаткандарына 10 жыл болгонуна карабастан, азырынча бул түгөйлөр бирин-бири толук таанып-биле элек экен деген жыйынтыкка келдик. Жан шериктерге үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg