Кымча белдүү кыялкеч кыздардын арасында Алиман да бар. Учурда кыргыз тасма талаасында көптү үмүттөндүргөн актрисалардын катарында. Ал эле эмес, бул селки учурда бойдок кыздардын сап башында, жигиттердин карегинде.
– Кандайсың, Алиман? Жакында эле Москвадан кайтып келдиң. Ал жакта эмне иш менен алек болуп жүрдүң?
– Ата-энем ошол жакта болгондуктан, аларды абдан сагындым. Жакындарымдын жанында болуп, сагынычымды таркатып кайттым.
– Бир жолу экөөбүз баарлашканда "имиджимди өзгөртсөмбү деп ойлонуп жатам" деп калдың эле...
– Ооба, өзгөрүүнү мен аты-жөнүмдөн баштадым. Эми мен сахнага Алиман эмес, Алиша Диа деген ысым менен чыгам. Кичинемден эле Алиша деген ат мага абдан жакчу. Ал эми Диа деген сөз – фамилиямды эле кыскартып койгондогум.
– Жакшы. Кел, сүйүү, бойдокчулук, мырзалар тууралуу сүйлөшөлү. Жигитти тандоодо биринчи эмнесине көңүл бурасың?
– Эң биринчиден, мырзалардын эркек деген атка татыктуу болушун каалайм. Албетте, ага чечкиндүүлүк, акылдуулук, өзүнө ишенимдүүлүк, тапкычтык жана башка ушуга окшош көп сапаттар кирет. Өтө эле шок балдарды жактыра бербейм.
– Сыр болбосо айтсаң, биринчи жолу качан өбүштүң эле?
– Ий, кокуй, кызарткан суроо берип салдың го...
18 жашымда бир бала мага сүйүүсүн арнап жүрчү. Эми ойлоп кетишпесин, “засос” деп. Андай деле болгон эмес. Ал бала менен катарлаш отурганбыз. Анан мени Алишка деп чакырса эле бурулуп карай салсам, экөөбүз тиктешип калдык. Анан... Бирок аябай уялып, ушундай жаман болгом. Ошол күндөн кийин экөөбүздүн ортобузда “симпатия” жаралган.
– Сүйүү үчүн кандай курмандыктарга бара аласың?
– Сүйүү үчүн анча-мынча курмандыктарга бардым. Анын баарын санап отурбай, бирөөнү эле атайын. Сүйүү деп ата-энемден алыс, бул жакта жалгыз жашап жүрдүм. Эгерде менин курмандыгым экөөбүздүн ортобуздагы мамилени сактап кала турган болсо, мен баарына эле даярмын.
– Бардык эле курмандыктарга бара алам деп жатасың. Эгерде сен тандаган мырза актрисалык карьераңа чекит кой десечи?
– Мындай сунуштар мага карата айтылган. Негизи, мени көп ойлонтту, башында бул суроо. Бирок аялзатынын биринчи максаты – бул жашоодо бала төрөп, жакшынакай жар болуу, андыктан мен андай сунушка макул деле болом. Дайыма эле үйдө отура берген айым болгум келбейт. Кичине да болсо ишкердүүлүк менен алек болуп, өзүмдү жакшынакай алып жүрсөм дейм. Сонун да, балдарың мактануу менен "бул менин апам" деп турса.
– Эгерде болочок жолдошуң башка айым менен мамиле түзүп алса, кечире алат белең?
– Айтып коюшат го, көп эле эркек аялынын көзүнө чөп салат деп. Менин жолдошум ошондой жорукка барса да, мага таптакыр билгизбеши керек. Бирок мен табигатымдан кечиримдүүмүн. Алдыма жыгылып келсе, кантип кечирбейм? Үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылыш керек да, көк беттене бербей.
– Ушул жашыңа чейин канча мырза менен мамиле түзүп көргөнсүң, санап бере аласыңбы?
– Мм, эки мырза сүйүүсүн арнап, мамиле түзүүгө аракет кылган. Бирок сүйүү эки тараптуу болбогондон кийин жыйынтык чыккан эмес.
– Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Сулуу болбосом да, сымбаттуумун.
– Эң романтикалуу “свиданиеңди” айтып берсең...
– Нурик деген дос балам жолугууга чакырып калды. Эч нерседен капарым жок эле чыккам. Бир маалда машинасынын эшигин ачса, розалардын желекчелери куюлуп эле жатып калды. Сизге калп, мага чын. Машинанын салонун роза желекчелери менен толтуруп салыптыр. "Бардачокту ач" деп жатпайбы. Ичимден "ии, болду эми, бардачокто шакек болуш керек" деген ой келди. Ачсам, дагы деле роза желекчелери, анан бир роза гүлү бар экен. Тим эле толкунданып, апама чалгым келип араң токтодум. Кафеге барып орун алган соң менюну ачсам, анда да толтура роза желекчелери. Ошентип, бул жолугушуу эң романтикалуу болуп эсимде сакталып калды. Бирок ал досум бойдон калып, мамиле түзгөн жокпуз.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg