“Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева Хайнань аралына сапар тартты. Азырынча интернеттен алынган материал жана ал жакка барып келген ырчы Бактыгүл Бадыеванын айтып берүүсү менен чектелебиз. Кереметтүү арал тууралуу толук маалыматты жакынкы сандарда Айсулуу менен чогуу кеткен кесиптешимдин макаласынан окуй аласыздар.
ХАЙНАНЬ АРАЛЫ
Өлкөсү – Кытай Эл Республикасы
Статусу – Провинция
Административдик борбору жана эң ири шаары – Хайкоу
Губернатору – Вэй Лючэн
Калкынын саны – 8 миллион (2004)
Аянты – 33 миң 920 чарчы чакырым
ЖАНАР ТООЛОР АРАЛЫ
ЧЫГЫШТЫН ГАВАЙИСИ
Хайнань Гавайи аралдары менен бир географиялык мейкиндикте орун алып, климаты да окшош болгондуктан,
“Чыгыштын Гавайиси” деген атка конгон. Негизи, кытайлар рынок экономикасынын шартында өнүгүү деген кандай болору тууралуу каалаган өлкөгө мастер-класс өтүп коюшары анык. Хайнанды 10 жыл ичинде өнүккөн туристтик аймакка айландыра алышты. Арал өз алдынча эркин провинция статусуна 1988-жылы ээ болуп, атайын экономикалык аймак деп жарыяланган. Ошол күндөн тарта инвестициялардын агымы башталган. Негизги басым туризм индустриясына жасалып, мейманканалар жаандан кийин чыккан козу карындай эле курулуп (учурда 300дөн ашат), эл аралык стандарттагы эс алуучу жайлар, сейил бактар да пайда болгон. Мунун баарын Кытай өкмөтү түздөн-түз көзөмөлдөп турган.
Хайнандын өнүгүүсүнүн башкы багыты – уникалдуу экологиясын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо. Дал ушул өзгөчөлүгү жыл сайын миллиондогон туристтерди өзүнө тартат. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, абанын жылдык орточо температурасы 28 градус болсо, деңиз суусунун температурасы 26 градус жылуу. Экологиялык режим так сакталган (завод-фабрикалар эс алуучу шаарлардан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан). Жыл бою сууга түшүп эс алуу мүмкүнчүлүгү, жылуу климат, мыкты кызмат көрсөтүү, даамдуу ашкана, көз кубанткан кооз табият, ден соолукка пайдалуу минералдык суулар, тарыхый эстеликтер. Өзүнчө эле жомок. Жайлоонун экзотикалык варианты: ысык күнгө кактанып, чалкалап жатсаң сонун да! Эс алуу үчүн дагы эмне керек?
АЛТЫН БУДДА, ТАГДЫРДЫ ӨЗГӨРТҮҮЧҮ ТАШ...
Хайнань аралы уникалдуу коруктары менен атагы чыккан. Алсак, Дуншань коругу тигондор (эркек жолборс менен ургаачы арстанды аргындаштыруудан алынган жаныбар) жана лигрлер (эркек арстан+ургаачы жолборс) менен даңктуу. Корукта сафариге чыгып, жаныбарларды жанынан көрүүгө болот.
Дагы бир кызыктуу корук – Маймылдар аралы. Анда 2 миңден ашуун маймыл жашайт. Ошондой эле Көпөлөктөр өрөөнүнө болгон саякат да эч кимди кайдигер калтырбайт.
Айлакер кытайлар зыяратчыларды да көңүл жаздымында калтырган эмес. Буддизм дүйнөсүнө кызыккандар үчүн Буддизм борбору бар. Ал жерде Будданын эң ири айкели орнотулган. Таза алтындан жасалган бул эстеликтин бийиктиги 3,8 метр болсо, салмагы – 140 килограмм. Ал “Гиннесстин рекорддор китебине” киргизилген.
“Асман үңкүрлөрү” аттуу сыйкырдуу сейил бак жөнүндө айта кетпесек болбос. Уламышта ал жакта дүйнөнү түзгөн 4 ажыдаардын бири жашайт деп айтылат. Ошондой эле башка дүйнө менен байланыштырчу үңкүрлөр, адамдардын тагдырын өзгөртүүчү (жакшыбы же жаман жаккабы, белгисиз) таштар бар дешет. Бул бакта ошол гана жерде өсүүчү эндемикалык өсүмдүк – ажыдаар пальмасы бар.
Хайнандын дүкөндөрүнөн жибек сатып алуу менен гана тим болбостон, жибек даярдоо процессине күбө боло аласыз. Мындан тышкары Чай үйүнө, Берметтер фабрикасына, Фосфор музейине баш баксаңыз болот. Дайверлерди романтикалык аталыштагы Каракчылар аралы аттуу укмуштуу суу астындагы дүйнө кучак жайып тосуп алат.
Бактыгүл Бадыева: «ХАЙНАНГА СУУГА ТҮШҮП, КҮНГӨ КҮЙҮҮ ҮЧҮН БАРАМ»
– Бактыгүл, Хайнанга качан, кимдер менен жана кандай максатта баргансың?
– Биринчи жолу Хайнанга 2009-жылы майда эс алуу жана “Жүрөк тагы” деген ырыма өзгөчө клип тартуу максатында баргам. Сүйүктүүм, анан клиптин режиссёру Эркин Кыштообаев, клипте роль жараткан актёр Бекзат Пирматов болуп чогуу барганбыз.
– Канча убакыт болгонсуңар? Аралдын эмнеси жакты?
– Баш-аягы 1 ай жүргөнбүз. Абасы өтө нымдуу. Бирок күнгө күйүү жана сууга түшүү үчүн сонун жер. Мага өзгөчө ушунусу жагат. Жыргап эс аласың.
– Аралда таң калтырчу кооз жайлар көп дешет. Кандай укмуштарды көрүүгө жетиштиң?
– Хайнанга биринчи барганда абдан жаккан. Ошондуктан кийин да бир нече жолу барып келдим. Биринчисинде, чынын айтсам, эс алуу менен кошо арыктоо үчүн диета кармагам. Балдар эртеден кечке клип тартуу үчүн кооз жерлерди издешет, а мен сууда сүзүп, тренажёрдо машыгам. Алардын максаты клип үчүн кооз жерлерди табуу болсо, менин максатым клип үчүн арыктоо болгон. Негизи, Хайнанга сууга түшүү жана күнгө күйүү үчүн эле барам. Дүкөндөрдү кыдырып, кооз жайларын кыдырып көргөн эмесмин. Буюрса, ал жакка дагы барам.
– Клип демекчи, актёр “деңизге сырларыңызды айтып жатасызбы?” десе, сен “бири-бирибизге айтып жатабыз...” деген таасирдүү жери бар. Сурайын дегеним, деңиз менен сырдаштыңбы?
– Айтпайм дебейминби (күлүп). Ооба, сырдашам. Анткени деңиз сырларды терең катат (жылмайып).
– “Конокто жакшы, бирок үйгө жетпейт” деп коёт. Саякат учурунда ыңгайсыздыктар болгондур? Мүмкүн, тамак-ашына көнө албай же тилден кыйналып дегендей...
– Ооба, бул сөзгө кошулам. Бирок ыңгайсыздыктар жаралган эмес. Мейманканаларынан өзүңө жаккан тамактарды тапсаң болот. Кытай ашканасы, европа ашканасы дегендей, бүт баары бар. Мен өзүм деңиз азыктарын жакшы көрөм. Бешбармак сыяктуу тамактарыбызды өз жерибизде деле жей беребиз. Андыктан Хайнанда көбүнчө деңиз азыктары менен тамактанып жүрдүм. Тил боюнча айтсам, менин сүйүктүүм кытай тилин билет. Ал эми мейманканаларында орус тилин билген адамдар сөзсүз болот. Анткени ал жакка КМШ өлкөлөрүнөн эс алуучулар көп барат.
– Эли жөнүндө эмне айта аласың?
– Эли кадимки эле кытайлар да. Эмгекчил болушат. Материкте жашаган кытайлардан тили менен айырмаланарын байкадым. Анан Хайнань жыл бою ысык болгондуктан, эли кара тору келет.
– “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү эс алуу үчүн Хайнанга сапар алды. Аны кабарчыбыз Гүлжамал Бөрүкулова коштоп кетти. Ал аралга барып жүргөн саякатчы катары аларга кеңешиң...
– Биринчиден, сулуулар сынагынын жеңүүчүсүн Хайнанга жөнөтүү идеясы абдан туура чечим болуптур деп айткым келет. Эс алуу үчүн аябай сонун жай. Ал жакта жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемдер өткөн. Эми фотоаппарат, шляпа жана купальник алууну айтпасам да билишет болуш керек. Аларга өзүңөр менен кошо жакшы маанай алып алгыла демекчимин. Убактылуу болсо да бул жакты унутуп, экзотикалык аралда жыргап эс алып келишсин.
Базарбек Абдураимов
star@super.kg