Ырчы Уитни Хьюстондун үй-бүлөсү аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына актёр Мел Гибсонду келет деп күтүшкөн. Тилекке каршы, Гибсон үй-бүлөлүк иштерине байланыштуу бара албасын билдирген. Айта кетсек, мындан бир нече жыл мурун Мел Гибсон Уитнинин баңгизатынан жана ичимдиктен кол үзүүсүнө жардам берүүгө аракет кылган. Анын ушул аракетин баалап, маркумдун туугандары ага чакыруу кагазын жиберишкен болчу.