Актёр Антонио Бандерас “33 күн” деген тасмада белгилүү испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун ролун ойномокчу. Фильмде Пикассо “Герник” деп аталган эмгегинин үстүнөн кантип иштегендиги сүрөттөлөт. Сүрөтчүнүн бул эмгеги 1937-жылы тартылып, сүрөтчү аны 33 күндө бүтүргөнү маалым. Аталган тасманын бюджети 8 миллион долларды чапчып, 2012-жылдын жай айларында Париж жана Герник шаарларында тартылмакчы.