Баку шаарындагы “Азербайжан” кинотеатры “Август. Сегизи” деген тасманы коюудан баш тартты. Фильмде 2008-жылы август айынын сегизинде Түштүк Осетияда болгон согуш баяндалат. Эсиңиздерде болсо, август айында грузиндер Түштүк Осетияны басып кирип, кайра Орусиянын жардамы менен мизи кайтарылган. Кинотеатрдын өкүлдөрү фильмге тыюу салгандыгынын себебин “азербайжан коому фильмге терс реакция кыларын билебиз, грузиндерди бушайман кылгыбыз келбейт” деп түшүндүрүшкөн.