МЕКТЕПКЕ КИРҮҮ 20 МИҢ СОМ
Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы №13-мектеп-лицейдин директоруна карата Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл кылуучу органдын маалымат кызматынын 18-февралдагы билдирүүсүндө, мектептин директорунун демилгеси менен “Ой-Булак” аттуу коомдук фонд уюшулган. Фонддун эсебине аталган мектептин окуучулары “өз эрки” менен акча которуп турушкан. Балдарын мектепке киргизүү үчүн ата-энелер директордун буйругу менен сөзсүз түрдө бул фондго 20 миң сомдон төлөшчү экен. Ошондой эле директордун демилгеси менен мектепке “Чынар” ЖЧКсы
11 миллион 391 миң сомдук оңдоо-курулуш иштерин жүргүзгөн.
Текшерүүнүн натыйжасында аткарылган жумушка кеткен каражат 852 миң сомго ашыкча экендиги белгилүү болгон. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
ЭКИ КЫЗ АБЫШКАНЫ МУУНТУП ӨЛТҮРҮПТҮР
Кочкор районунда “63 жаштагы абышканы өлтүргөн” деп шектелип эки айым кармалды. Нарын ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, 7-февралда милицияга Кочкор айылынын 1949-жылы туулган Б.О. аттуу тургунунун жансыз денеси өзүнүн үйүндө табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Соттук-медициналык экспертиза Б.О. муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн натыйжасында Кочкор айылынын 32 жана 23 жаштагы тургундары М.А., О.И. аттуу айымдар кармалган. Маалыматтарга караганда, кылмыш чогуу ичимдик ичип отуруп, урушуп кеткенден улам чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
ТУННЕЛЬ КАЗЫП, ТҮРМӨДӨН КАЧМАКЧЫ БОЛУШКАН
№1-абакта кылдаттык менен бекитилген, өткөөл үчүн казылган жер табылды. Жаза аткаруу кызматынын билдиришинче, казылган жердин узундугу 10 метр, тереңдиги 2 метрге жеткен. Туннель пландык тинтүү учурунда табылып, абактагылардан 103 саюучу курал, акча, уюлдук телефондор, оюн карталары, фотоаппарат жана башка тыюу салынган буюмдар алынган. №1-абак Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан.
ЭЭСИ БАЙЛАНУУ, РУЛДА ТОНООЧУЛАР
15-февралда таңкы саат төрттө Чүй облустук ИИБинин түнкү мобилдүү тобу Бишкектин Алма-Ата көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинен шектүү көрүнгөн Фольксваген Гольф автоунаасын тосушкан. Бирок автоунаанын айдоочусу токтобой качып кетүүгө аракет кылган. Милиционерлер артынан кууп барып, Аламүдүн айылынан жете келип, жолдун чекесине кысып токтотушат.
Текшерүү учурунда айдоочуда автоунаага тиешелүү эч кандай документтер жок, анын жана эки жүргүнчүнүн кызуу экени билинет. Арткы орундукта колдору байланып турган дагы бир эркекти көрүшөт. Көрсө, ал аталган автоунаанын ээси, Лейлек районунда төрөлгөн, 25 жаштагы Осмаил Сегизбаев экен. Ал Бишкек шаарында жашап, таксист болуп иштеп жүргөн.
Оңой акчага марыгысы келген үчөө автоунаасын тартып алуу үчүн айдоочуну сабап, жамбашына бычак сайып, андан кийин көзүн тазалаганы алып баратышыптыр. Милиция кызматкерлери ошол замат шектүүлөрдүн колдоруна кишен салып, РИИБге алып барышкан. Кармалгандарды текшерүү учурунда алардын мындан 2-3 саат мурун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында дагы бир таксистке кол салышкандыгы билинген. Таксист Руслан Асандилдеевди да себепсиз эле сабап, бутуна бычак сайганда ал качып кеткенге үлгүргөн. Тоноочулар анын 1800 сом акчасын, уюлдук телефонун жана автоунаага тиешелүү документтерин алып кетишкен.
Кармалгандар 1989-жылы туулган Кант шаарынын тургуну Азамат Кочкорбаев жана 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургундары Алмазбек Туркунбеков, Дүйшөнбек уулу Руслан экендиги аныкталды. Учурда алардын үстүнөн каракчылык жана киши өлтүрүүгө аракет жасоо беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, СИЗОго киргизилген.
Булардын башка да ушундай кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деп эсептеген милиция кызматкерлери жапа чеккендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт:
Чүй ОИИБи:
(0312) 43-88-85, Аламүдүн
РИИБи: (0312) 36-35-23
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg