ӨЛҮМ МЕНЕН АЯКТАГАН ТАКСИСТТИН САПАРЫ

Акыркы учурларда оңой оокат табуунун жолу таксисттерди тоноо болуп калды окшойт. Биз сөз кыла турган окуя да айдоочунун өлүмү менен бүтүптүр.

ДЕНЕСИНДЕ ТАМТЫК ЖОК
13-январь күнү кечки саат сегиздерде Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын четиндеги талаадан киши колдуу болуп өлгөн азиат түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылган. Денесинде тамтык жок эле. Колдору моюн орогуч, чүпүрөк менен таңылып, оозуна чүпүрөк тыгылган. Көп өтпөй эле каза болгон кишинин өздүгү аныкталат. Ал курулуш тармагында иштеп, эл ташып кошумча каражат тапкан 1971-жылы туулган Таалайбек Ходжалиев болуп чыкты.
2-январда Таалайбектин жубайы Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине күйөөсү 1-январда Фольксваген Гольф автоунаасы менен үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин маалымдаган. Андан бир нече күндөн кийин сөөк табылып, кылмыш иши козголгон. Ал эми Таалайбек Ходжалиевге таандык автоунааны Ысык-Көл облусунан табышкан. Бул оор кылмышка шектүү делинген эки жаран кармалды.

ИЗ ЖАШЫРЫП, ӨЗ КОРООСУНАН АЛЫС ТАШТАП...
Иликтөөлөрдөгү маалыматтарга таянсак, окуя төмөндөгүдөй болгон. Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунан такси кармашат. Таксисттин тагдыры ошол жерден эле чечилген, анткени алар аны тоноп, машинасын алып кетүүнүн планын алдын ала түзүп коюшкан эле.
Ошентип, экөө айдоочудан Новопавловка айылына чейин жеткирүүнү суранышат. Айылдан чыгып, ээн, адам өтпөгөн жерге келгенде таксистке машинаны токтотууну айтышат. Таксист машинанын ылдамдыгын азайтып, токтотордо экөөлөп кол салышат. Аны мыкаачылык менен уруп-сабап, колу-бутун таңып, моюн орогуч менен муунтуп өлтүрүшөт. Маркумду машинанын багажына салып, чөнтөгүн да аңтарганга жетишишет. Жанында болгон бир аз акчасын жана уюлдук телефонун алып, жансыз денеден кутулуунун жолун издешет.
Экөө тең Новопавловка айылына жакын жердеги Алтын-Ордо жаңы конушунда жашагандыктан, билинип калбайлы деп алысыраак жакка алып барууну чечишет. Ошондуктан алар сөөктү Военно-Антоновка айылынын жогору жагындагы талаага алпарып ташташат. Кылмышты кылгандан кийин окуя тынчыгыча деп автоунааны Ысык-Көл облусуна айдап кетишет.

“МАШИНАНЫН ТЕТИКТЕРИН САТЫП БАЙЫШМАК ЭКЕН”
Кылмыштын бетин ачкандардын бири, Сокулук РИИБинин из кубары Данияр Сапарбаев иликтөөнүн сыры менен бөлүштү:
– Кылмышты изилдеп баштаганда эки версияга токтолдук: бири – акча маселеси боюнча болушу мүмкүн болсо, экинчиси – унаасын алуу үчүн таксистти өлтүрүшү ыктымал деген. Мунун экинчиси туура болуп чыкты. Ходжалиевдин машинасы боюнча Кыргызстандын бүт аймагына маалымат жиберилип, ал автоунааны Ысык-Көл облусунан көргөндөр бар болуп чыкты. Аталган автоунаадагы эки киши Барскоон айылындагы май куюучу жерден карызга бензин куюп кетишиптир. Күрөөгө Ходжалиевге таандык уюлдук телефонду жана курулушка керектүү аспаптарды ташташкан. Ал жерде кылмышка шектелгендердин биринин досу бар экен, ага да жолугушкан.
Кийинчерээк бул автоунаа Ак-Суу районундагы айып аянтчасына токтотулган. Көрсө, автоунааны белгисиз адамдар мас болуп алып айдап жүргөндө МАИ кызматкерлерине кармалышыптыр. Аларда машинага тийиштүү документтер да, өздөрүнүн документтери да болбогондуктан, автоунаа айып аянтчасына токтотулган экен, бирок өздөрү кармалган эмес. Ошол илинчектен улам бул кылмышка Асылбек жана Нурлан деген балдардын тийиштиги бар экендигин билдик. Аларды Бишкек шаарынан колго түшүрдүк. Бири – 1992-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Адылбек уулу Асылбек, экинчиси – 1982-жылы Нарын облусунда туулган Нурлан Байжигитов.
Булар кармалганда эле кылмышын моюнуна алышты. Азыркы убакта тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Сурак учурунда алар “машинаны сатып жибермекпиз” дешкен. Бирок документи жок автоунааны ким алмак эле? Биздин оюбузча, алар автоунааны тетиктерге бөлүп сатып жиберишмек. Бизде Гольф үлгүсүндөгү автоунаа аябай көп. Ошондуктан анын тетиктерин сатып жиберүү оңой. Нурлан Байжигитов машина оңдоочу жайда иштеген экен, ага тетиктерди сатуу оңой болмок. Учурда экөөнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

 Кыстарылган видео 
Өлүм менен аяктаган таксисттин сапары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Fekus
2012-02-28 10:19:59
Акыркы кундору таксисттерге кол салгандар кобойду
0
ulia
2012-02-29 18:32:13
Тетиктер канча акча болмок эле ошол учун рисковать этпей эле койбойбу? ужас бир адам бир машина учун жок болуп кетти
0
maisal1919
2012-02-29 18:51:49
камаш керек акмактарды
0
jazi8701
2012-03-01 14:40:31
ушундай акмактар акыркы кундору жаман кобойуп баратат,жок кылып салыш керек
0
Aruna
2012-03-04 22:55:38
Ой тобо, кантип бироонун тагдырын талкалап олтурууго колу барды. Алар да адамго акыры. Алар учун бир адамдын омурунон машина бийик турат экен да. Кудай озу жазасын берсин.
0
Bektash
2012-03-07 15:59:13
Бизге олум жазасын киригизиш керек!!! Качанга чейин бейкуноо адамдар оло беришет да, куноолу адмадар тируу журо беришет! Мындай айбандарга "только" олум!!! Ушул макаланы окуп жаткандар, силер озунорду олгон адамдын ордуна коюп коргулочу, уй-було багам деп иштеп журсонор эле эки бейтааныш адам эч бир себепсиз сени бууп, бычак сайгылап олтурушко аракет кылып жатса эмне болот эле?!!! Олгон адамдын "Ата" деген чырактай жаш кызы, жаш баласы, "Ага" деген иниси, "балам" деп эркелеткен апасы
0
Bektash
2012-03-07 16:57:18
атасы калып жатат!!! Турмого кылмышкерлер батпай баратат! Кылмышкерлерди багабыз, кайтарыбыз деп мамлекет турат! Жогоркудай айбандарга бир 10 граммдык ок жумшап коюп, бул айбандарга кеткен чыгымдарды, песияга, пособияларга, айлыктарга жумшаш керек!!!! Кандай гана адилетсиз, мыйзамсыз мамлекет - Кыргызстан!!! Кыргызстан мамалекетинин башкаруучуларына 1000 нааалат!!!!!!!!!!!!!!
0
kg_hunter
2012-03-16 22:21:21
Бекташ, мен сизге кошулам !!! Акмактарды только атыш керек !!!
0
Sa9g_90
2012-04-30 00:22:35
жоок,ага окшогон акмактарга ок коротуп олтурбай баарын бир жерге тыгып туруп колдоруна бычак берип бири бирин олтургуло тируу калган азаттыка чыгат деп айтыш керек ,анан кучтуусу тируу калат вот аны бир ок менен тынчытса,байкуш мамлекетибизге да кичине пайдасы тиймек)))
0
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан