Эсиңиздерде болсо, ырчы Анжелика бизге берген интервьюсунда “үй-бүлөм үчүн ырчылыкты таштадым” деген эле. Бирок телеканалдарга байма-бай чыгып жатканынын себебин сурасак: “Ошол кезде ырдагым келбей турган учур болчу. Анан да гезитке маегим чыкканда элдин баары "кой, ырдашың керек" дешти. Анан кантип ырдабай коём? Анын үстүнө талантты капка ката албайт экенсиң, жүрөгүмө жаккан ыр болсо, ырдай берем”,- деген сөзүн айтты.