Жакында ата болом деп толкунданып турган Ильяз Абдыразаков учурда башка сулуу бийкечти жандап жүрөт. Ооба, жакында сиз деле ал сулуунун ким экенин көрөсүз. Бул кылыгын жубайы Медина укса не болор экен деп өзү деле кабатыр.
"Кантип?" деп чочулоонун кереги жок. Анткени ырчы жигит келинчегине айтпай тасмага тартылып жатат. "Менин ырчылык жашоомду чагылдырчу тасмага сунуш түшкөндө баш тарта алган жокмун. Бирок жубайым кызганып, керек болсо клипке да башка кыз менен тарттыртпайт. Ошондуктан ал тасмага сунуш түшкөнүн билгени менен, макулдугумду берип, тартылып жатканымды дагы деле айта элекмин. Силердин гезит аркылуу билет го эми. Кинонун аты "Азап" аттуу ырымдан алынды",- дейт Мединанын кожоюну Ильяз.