Казак ырчысы Кайрат Нуртас Семей облусунун Маданият үйүндө боло турган эки күндүк концертинин биринчисин өткөрүп, экинчи күнүндө белгисиз себептерден улам келбей койгон. Көрөрмандарга билеттин акчасы кайтарылып берилгенине карабастан, айрымдары жини келип Кайраттын афишаларын тытып, “Экинчи бизге келбесин!”, “Анын орду түнкү клубда!” деп кыйкырып жүрүшкөн видеолору учурда интернет булактарын кеңири каптап кеткен мезгил.
Продюсери Гүлзира Үсөн кызы концерттин үзгүлтүккө учурашын ырчынын ден соолугуна байланыштырып, “анын ырларынын баары татаал, катар-катар концерттерден аябай чарчап, түзүлгөн концерттердин графигин көтөрө албай кыйналууда” деп билдирди.