Ырчылар Эрнест Жоошев менен Бегиш мындан ары жалаң жандуу ырдайбыз деп жең түрүшүүдө. Нурлан Насип "маяк" ыргыткан кыздарга арнап “Маякчы карындаш” деген тамашалуу ыр жаздырууда.
Мирлан Абдулаев “Аманат” жана “Тозокко карай жол” тасмаларында бандиттин ролун аткарууда.
Актриса Зарема Асаналиева "Актёрлор ырдашат" аттуу сынакка катышам деп даярданып жүрөт.
Ырчы Съездбек Искеналиев уулу Байамирге жентек той өткөрдү.
“Эне-сай” тобу март айында борборубузда концерт берет.
Тата Улан, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр Кыргызстан муфтийи Чубак ажы менен биргеликте Орусияда Мухаммед (C.А.В.) пайгамбардын туулган күнүнө арналган мааракеге барып келишти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.